Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыздарды кантип түшүнсө болот

Баш барак | Психология | Кыздарды кантип түшүнсө болот

Кыздарды кантип түшүнсө болот? көбүңөр Джон Грейдин «Эркектер Марстан, айымдар Венерадан» аттуу китебин окусаңар керек, ал китепте мындай жакшы фраза бар: «Сүйүүнүн эркин жана айкөл көрүнүшү түгөйлөр ортосундагы романтиканы көп жылдарга чейин сактайт» - дейт.

Мазмуну

Кириш сөз

Заманбап кыздар өтө талаптуу келип, өзүнө көңүл бурууну талап кылат. Ошону менен бирге өзүлөрүнүн милдеттерди унутуп койгондой. Эмне үчүн ушундай болот? Албетте, көп нерсе кызга ата-энеси жана коом тарабынан берилген тарбиядан көз каранды. Айта кетчү нерсе, дээрлик бардык кыздар эркектерди акылдуу башкарууну абдан жакшы билишет. Эркектерди мыкты түшүнүп, эркектер болсо кыздарды түшүнө албай кээде мээлери катат. Кыздар көңүл борборунда болуп, жалган эмес, чыныгы мактоолорду угууга көнүшкөн. Айымдар психологиясынын өзгөчөлүгү ушундай. Максаты, бардыгынын көңүлүн өзүнө буруп, арасынан өзүнө керектүүсүн таап, андан болушунча көбүрөөк пайдалуу бонустарды алуу.

Эгер кайсы бир кыз жагып калса, жалынып-жалбарып, жалгыз бир жылмаюуусу үчүн тоону тоңкорууга шашылбайлы. Нейтралдуу бололу, бирок көп алектенбейли, сүйлөбөгөн түнттөрдү эч ким жактыра бербейт. Кыздарды жакшы түшүнүү үчүн алардын мүнөздөрүн карап чыгалы.

Аял мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү

Айымдар кулактары менен сүйөт деген фраза - таза чындык. Эркектин сөздөрүнө эң көп көңүл бурушат. Кыздардын, деги эле аялдардын маалыматты кабыл алуусу эркектердикине караганда жогору болот. Акылына көп нерселерди түйүп, майда деталдарга чейин эстеп, өз оюн мыкты түшүндүрө билишет. Ошондуктан кызыктуу макалаларды окуп, акыл кеңсесин кеңейтүү Сизди акылдуу жана кызыктуу инсан кылып, пайда гана алып келет. Жакшы таасир калтыруу маанилүү, анткени дал ушул биринчи таасирди айымдар майда-чүйдөсүнө чейин эстеп калат.

Негизи эркек менен аялдын мүнөздөрү өз ара айырмаланып, ошонусу менен бири-бирин толуктап турушат. Аялга жумшактык, чыдамдуулук, сактык сезимдери мүнөздүү, ал эми агрессия көрүнүшү айымдар өзүн бактысыз сезип, бирөөгө таарынган кезде пайда болушу мүмкүн. Эркектер тескерисинче тобокелдик, жарышуу жана утуу сезимдерин жактырып, өзүнүн акылын, күчүн жалпыга жайып, кыйын экендигин көрсөткүсү келет. Стресстик кырдаалдарда айымдар менен эркектер өзүлөрүн ар кандай алып жүрүшөт. Айымдар толкунданганда адекваттуу ойлоно албай өзүн жоготуп коюшу мүмкүн. Эркектерде мындай учурда тескерисинче байкоосу күчөйт.

Айымдар интуициясынын сыры

Атактуу, аялдардын интуициясы деге эмне? Биринчиден кандай кырдаал болбосун, аялдар майда нерселерге көп көңүл бурат. Кээде бул аларга болуп жаткан нерсени туура баамдоого тоскоолдук жаратат, бирок дал ушул майда-чүйдөгө көңүл бурууда интуиция негизделген. Интуиция аялдарга эмне болуп жатканын айтып, эркек эч нерсе сүйлөбөсө да, же түрдүү шылтоолорду айтып, алдап жатканын билишет. Жаңдоо тили (жестикуляция), интонация, көз караштар мунун баары каалаган айымга Сиздин оюңузду, ниетиңизди айтып коёт. Аялдар эркектерди сыртынан карап жакшы баамдай алышат, бирок ошого карабастан көрүп жаткан нерсесин айтпаганга аракет кылат. Ушуга байланыштуу көпчүлүк айымдар муну жеке кызыкчылыктар үчүн колдонуп, эркектерди оңой эле алдап коюшат. Ошондуктан аялдарды жакшы түшүнүү үчүн калп айтпоого аракет кылуу зарыл.

Сезимталдуулук

Аялдардын ашыкча сезимталдуулугу (эмоционалдуулугу), маанайынын чукул өзгөрүүсү эркектерге көп жага бербейт. Бүгүн кыздардын маанайы кандай болот: жумшак, таарынчаак же ажаан, ар кандай кырдаалдардан, айланасындагы адамдардан көз каранды. Жумуш, окуу, үй-бүлө, мамилелер айымдардын маанайына түздөн-түз таасир этет. Жини келип турган кыздарга маанайы өзгөрмөйүнчө жакын жолобой эле койгон жакшы, эгер сүйүктүүңүздүн маанайы түшкөн болсо, жакшы сөз менен колдоо көрсөтүү маанилүү. Айымдардын ашыкча эмоционалдуу учурунда оюна ар кандай нерселер келип, жөнү жок кызганып же бардык кемчиликтерди бетке айтып салышы мүмкүн. Николай Риган айткандай - «Аялзаты - чайдын кызылындай, кайнамайынча даамын билбейсиң».

Айланасындагылар менен мамилеси

Аялдар айланасындагылар менен позитивдүү жакшы мамиле түзү үчүн көп көңүл бурушат. Аброй, абийир аялдарга баарынан кымбат. Айланасындагыларды кыраакылык менен туюп, кичинекей өзгөрүү болсо да, аялдын көңүлүн бурат. Эркектер болсо муну өткөрүп жиберет. Ошон үчүн аялдарга айланасындагылар менен жакшы мамиле түзүү, өзүн барктуу сезүү абдан маанилүү. Жанында олтуттуу, күчтүү, акылдуу, айкөл, сулуу эркекти көргүсү келет, анткени ал анын беделин көтөрөт эмеспи. «Айымга сулуу болуш үчүн кара свитер, кара бел көйнөк жана сүйүүктүү эркек житиштүү» - дейт Француз модельери Ив Сен-Лоран. Бул сөздөрдө кандайдыр бир чындык бардай.

Табигыйлык

Табигыйлык эркектерге оңой келет, анткени өзүнүн чыныгы жүзүн жашыруу сейрек көрүнүш. Сүйлөө манерасы, жаңсоолор, эмоциялар бардык жаатта көрүнүп турат. Сүйлөп жатканда бирөө карап турушу мүмкүн деп ойлонбойт.

Кыздарда бардыгы тескерисинче. Үйдө жалгыз отурса да өзүн эл алдына чыгып, аны калың журт карап тургандай алып жүрөт. Коомчулукка жакшы жагын көрсөтүүгө бардык күч аракетин жумшап, табигыйлыгын жашырууга аракет кылат. Аялдын жүрүм-туруму артисттерди элестетет, буга себептүү анча-мынча ойлоп чыгарып сүйлөө таандык.

Аял затынын сырдуулугу ушуга байланыштуу. Косметиканын жардамы менен сулуу көрүнүп, сырларын, жолу болбой калган учурларын жашырып, дайыма бактылуу көрүнгүсү келет. Ал эми башка бирөөнүн сырын сактаганды такыр билишпейт. Немец философу Иоганн Фридрих Шиллер айткандай «Сулуу айымдын кемчилиги болушу мүмкүн эмес» деген экен. Албетте кемчилик бардыгыбызда бар, Шиллердин сөздөрүндө кандайдыр бир метафоралык жайы бар.

Таарынчаактык

Эркекке салыштырмалуу аялдар таарынганды жакшы көрөт. Таарыныч өтсө да айымдар аны көпкө чейин унутпайт. Эгер эркек аялды таарынтып койсо, бир нече жыл өткөндөн кийин да аны эске салып коюшу мүмкүн. «Билесиңби сен мага моминтип айтпадың беле, момундай мамиле жасабадың беле» - деп. Таарыныч сезимдерин бардык эле адамдар көпкө чейин унутпайт, бирок кыздарда бул сезим өзгөчө көбүрөөк абалда болот. Көп жыл бирге жашаган жубайлардын ортосундагы мамилени байкасаңыз айымдар эркекке көбүн эсе чымчыма, какшыктама сөздөрүн көп айтат. Анткени, таарыныч сезимдерин аял заты чогултуп отуруп, шарты келген учурда мөндүрдөйт жаадыра берет. Эркектердин атактуу «мээни жебени» фразасы да ушундан улам пайда болсо керек, кандай дейсинер?

Сүйүүнүн айымдарга мааниси

Көптөгөн айымдар жигиттердин өз ара түшүнө билүүсү, жактыруусу үчүн сүйүшөт. Мүдөөлүк мамилелерге өзгөчө маани берип, түгөй тандоодо ушул факторду биринчи орунга коюшат. Жакындашуудан мурда айым тигил же бул жигитти сүйөбү же сүйбөйбү так билип алуусу маанилүү. Ал эми эркектер болсо биринчи жакындашып анан сүйөөрүн түшүнүшү керек.

Дагы бир аял мүнөзүнүн өзгөчөлүгү - туруктуулук. Ал туура тандап, жигити менен жашоосунун аягына чейин бирге болуп, жигитинин жашоодогу тирөөч болооруна ынанышы керек. Башкача айтканда жигитинен чексиз сүйүүнү, ишенимдүүлүктү күтөт. Аялзатынын психологиясы ушундай иштейт. Жигити башка кыздарга көз салбай, өзүн гана карап турушун каалайт. Албетте, мындай көрүнүш эркектердин мүнөзүнө туура келбейт, байыркы доордон бери эркектер тукум улантуу үчүн көбүрөөк аялзаты менен байланышта болуп, ал эми аялдар үй-бүлөсүн коргоп, балдарын бага турган эркектерди издеп келген. Заманбап айымдардын кызгануу сезими ушундан келген десек болот. Эркек жанынан өтүп бара жаткан сулууларга көз салганда, айымдар кызганып, башка аялга кетип калат деген шектенүүлөр жаралат.

Айымдар психологиясынын өзгөчөлүгү

Башында айткандай айымдар кулактары менен сүйүшөт эмеспи. Өзү жөнүндө кеп кылсаңыз Сизди кунт коюп угушат. Ооба, сиз жөнүндө дагы уккусу келет, бул алардын глобалдуу ойлонуусуна тиешелүү, Сизде баары жакшы болсо, мага да жакшылыгы тиет деген мааниде. Тамакты кандай жакшы жасаары, кандай сулуу экени, мүнөзүнүн айкөлдүгү жөнүндө айтып көргүлө, бирок комплименттер көп болгондо да болбойт, чыныгы самапал эмес комплименттерди гана.

Кыздар ар кандай болот. Качан эркек 100 пайыз ишенимдүү (мунун ичине финансылк абал, жаман адаттарга болгон мамилелер, чынчылдык жана башка көптөгөн оң таасирдүү нерселер кирет) болгондо гана айымдар назик жана жароокер болушат. Эгер мамилелерде оройлук, чукулдук сыяктуу көрүнүштөр орун алса, анда айым аягына чейин ишенимде эмес, шектенүүдө экенин билдирет.

Кеңештер

2000-жылдын 15-декабрында жарык көргөн Мел Гибсон катышкан «Аялдар эмнени каалайт?» аттуу фильмди баарыңар эле көрсөңөр керек. Бул фильмде айымдардын каалоолору чындыкка өтө жакындатылып берилген. Айымдарды түшүнүүнү кааласаңыз бир нече керектүү ньюанстарды айта кетели:

Акча баарын чечпейт

Бүгүнкү заманда финансылык туруктуулук аял үчүн башкы нерсе деген ойлор болушу мүмкүн. Бирок ал андай эмес, ооба, акча жок мамилелер бузулат, бирок акчанын көптүгү да көңүл калууларга алып келет. Ошондуктан акча менен мамилени бирдей алып жүрүүгө аракет жасоо зарыл. Ишенип койгула, акча болуп турганда да, аял өзүн жалгыз сезип, өзгөчө жылдар өткөн сайын бул сезимдер катуу күчөйт. Албетте, жаш кыздарга автоунаа, чоң үй, акча жана башка ушул сыяктуу нерселер менен көңүлүн буруу оңой, бирок айтып коюуу керек, материалдык жактан куралган мамилелер көпкө турбайт. Ошондуктан аялга акча эмес, жоопкерчиликтүү, маанилүү чечимдерди кабыл ала билген эркек керек деп айтуу туура болот.

Кыргыздарда

Эми кыргыздардагы айымдарга болгон кайсы бир стереотиптерге, фразаларга токтололу. «Энесин көрүп, кызын ал» деген кыргыз кеби кичине туура эмесирээк. Ооба, пайдалуу жактары бар, мисалы: энеси кандай болсо (бул жерде тарбиясы жөнүндө кеп болуп жатат го), кызы да ошондой болот деген мааниде. Ооба, ата-эненин тарбиясы жакшы болсо бала дагы ошондой тарбиялуу болот. Бирок! мүнөзү да ошондой болот деген туура эмес. Айым турмуршка чыгуу менен өзү кыялданган турмуш курууну эңсейт жана бул жерде эч кандай тарбия иштебейт.

Заманбап макалдарга «аял албай, кайын ал» деген фраза кирет. Бул жерде кайындарың жакшы болсо, аялын менен да мамилең жакшы болот деген мааниде. Мында кыздын гана оюндай болуп жашоо деген мааниде түшүндүрүлүп, ушундай никелерде жеке жашоону ата-эне чечип, эркек күч күйөө болуп, чоң түшүнбөстүктөргө алып келет. Никеде бардыгы тең салмакта, адилеттүү болушу зарыл. Башкысы түгөйлөр бири-биринин мүнөздөрү төп келишип, түшүнө билишсе бардык нерсеге жетүүгө болот.

Кыздарды жакшы түшүнүү үчүн айкалышуу гороскопту окуп коюууну сунуштайбыз. Эгер бул макаланы айымдар окуп жатса тема боюнча өз пикириңизди жазып койгула.

Сайтка жарнама жайгаштыруу