Ызгаар менен үшкүрүп,
Жетип келди кары кыш,
Жандыктан кан бөксөрүп,
Калтылдады кетти күч.
Байчечекей жайнаган,
Өлдү, солду, айтты:
«Кош!» Жаздай бизде сайраган,
Өтөр кетти келгин куш.
Тегиз кепин оронду,
Токой да аппак, тоо да аппак.
Суу четинде муз тоңду,
Терең кетти ак чабак.
Кардан бутак кайышып,
Качырады, ыйлады.
Күч бере албай майышып,
Өлүм ырын ырдады.
Маймак аюу дардактап,
Жазды жаздай тойлогон.
Согончогун кучактап,
Алда качан сойлогон.
Жалгыз айылга каралап.
Жуттап келди мал колго.
Ууру, бөрү сагалап,
Кирип келди короого.
Качан кетет кары кыш?
Качан гүлдөр жайнашат?
Өтөр кеткен акын куш,
Качан келип сайрашат?
(Касым Тыныстанов)