Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыздын Ала-Тоосу

Баш барак | Адабият | Кыргыздын Ала-Тоосу

Жайы-кышы кетпеген,
Мөңгүсү бар Ала-Тоо.
Асман менен тирешкен,
Белгиси бар Ала-Тоо.

Балдан ширин туптунук,
Булагы бар Ала-Тоо.
Тукабадай кулпунган,
Туланы бар Ала-Тоо.

Аскалардан ышкырган,
Улары бар Ала-Тоо.
Ак пахтадай чубалган,
Туманы бар Ала-Тоо.

Ала барчын, курч текөөр,
Бүркүтү бар Ала-Тоо.
Таштан ташка секирген,
Түлкүсү бар Ала-Тоо.

Арча, кайың, карагай,
Четини бар Ала-Тоо.
Асман тарап өстүргөн,
Көкүлү бар Ала-Тоо.

Ала-Тоонун арасын,
Айбандары жойлогон.
Аюу, жолборс, сүлөөсүн,
Аралашып ойногон.

Кекилиги, чилдери,
Кызыл-тазыл гүлдөрү,
Көңүлүңдү көтөрөт,
Куштун салган үндөрү.

Маң-маң баскан чуудалуу,
Төөлөрү бар Ала-Тоо,
Топ-топ болуп ээрчишкен.
Чөөлөрү бар Ала-Тоо.

Жаркыраган күмүштөй,
Кары сонун Ала-Тоо.
Салкын жели бетке урган.
Таңы сонун Ала-Тоо.
Жаш бетеге оттогон,
Малы сонун Ала-Тоо.

Куйрук-жалы төгүлгөн,
Кулан сындуу семирген.
Жүгүргөнү шамалдай,
Кулун, тайлар элирген,
Жылкысы бар Ала-Тоо.

Алтын, күмүш эшилген,
Кендериң бар, Ала-Тоо,
Көздөгөнүн койбогон,
Мергениң бар, Ала-Тоо.

Душман жойлоп өтпөгөн,
Чебиң сонун, Ала-Тоо.
Тулку бою темирдей,
Элиң сонун, Ала-Тоо.

Комуздарын сайраткан,
Ырчыларың, Ала-Тоо.
Аска менен жүгүргөн,
Уучуларың, Ала-Тоо.

Балбылдаган көздөрү,
Кыздарың бар, Ала-Тоо.
Асман менен айланып,
Учканың бар, Ала-Тоо.

Канча кылым картайган,
Жашардың го, Ала-Тоо.
Кайгы кетип ичинден,
Тазардың го, Ала-Тоо!

Ай-ааламды асмандын,
Тең карайсың, Ала-Тоо.
Алтын нурун жиберип,
Сен карайсың, Ала-Тоо.
(Касым Тыныстанов)

Жайгаштыруу: 2020-10-05, Көрүүлөр: 7210, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-10-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу