Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кирпи

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кирпи

Кирпи жонундо маалымат. Кургак жалбырактарды аралап бараткан кирпинин дабышын угуп бат эле кууп жетсеңер болот. Аны кол менен кармай албайсыңар: "кирпи" дароо жыйрылып, тикендүү тоголок шарга окшошо калат. Бирок ал адамга оңой эле көнүп, байыр алып жыйрылганын токтотот. Башындагы кыска кылдарынын астынан ойноктогон көздөрү, узун тумшугу, тегерек жалпак мурду көрүнөт. Кирпинин көрүүсү жаман эмес, бирок анын негизги кеңешчиси - мурду (жыт билүүсү). Кыска буттарын тыпылдатып, кирпи булуң-бурчтарды шимшилеп, жорголоп жөнөйт, жечү азыктарын - курт-кумурскаларды, алардын личинкаларын, үлүлдөрдү мурду менен ары-бери искеп табат. Ал козу карын, мөмө-жемиш, көк сабак менен да азыктанат. Кээде кирпи баканы да жейт, чычкандарды ийнинен кармайт.

"Кирпи" бар үйдө чычкан болбойт. Кирпи үйдө да сыртта жүргөндөй эле түңкүсүн аң уулайт. Баары уктагандан кийин кылдыратып, шыбырт чыгара баштайт. Чоңоюп жетилген кирпинин ийнелери 16 миңге жетет. Ийнесинин узундугу 2-4см, жоондугу 1мм болот. Кирпинин салмагы 1 кгга, ал эми узундугу 30 смге чейин жетиши мүмкүн. Жаңы туулган кичинекей кирпи чечендер адегенде көрбөйт, ийнелери жумшак, өздөрү алсыз болот. Салмагы араң эле 12-25г. Эки жумадан кийин кирпи чечендердин көзү ачылып, ийнелери катууланып, каралжын, агыш тилкелерге боёлот.

Кичинекей кирпи чечендер эки айга чейин энесин ээрчип жүрөт. Туулгандан үч-төрт жума өткөндөн кийин өзү жем таап жей баштайт. Алар бардык кичинекейлердей эле ойногонду жакшы көрүшөт. Алардын оюну - кирпилердин оюну: түртүшүп, бышкырышат, ийнелерин үрпөйтүп, кичинекей мотор сыяктанып дырылдашат. Ийнеси - кирпинин эң башкы коргонуу куралы. Кирпинин тиштери начар.

Күзүндө "кирпи" далда жерге кургак жалбырак, чөп чогултат. Аларга оронуп, жыйрылып, тоголоктонот да, кыш бою уктайт. Бул учурда анын денесинин жылуулугу 6 градуска чейин төмөндөйт. Өтө катуу суукта кирпи ойгонуп, жылынууга туура келет - бул үчүн ал күзгө чейин семирип жыйган майын коротот. Ошондуктан кирпи сууктан коркпойт. Бирок ал бат-бат ойгоно берсе (айрыкча бирде жылуу, бирде суук болуп турган кышта ушундай болот), камдаган майын өтө көп коротуп жиберип, кыштан арык, алсыз чыгат. Кирпи жазында ойгонору менен курт-кумурска, үлүл, талаа чычкандарын сугалактанып жей баштайт.

Кирпи абдан пайдалуу жаныбар, аны коргоо керек. Достор кирпи кайда жашайт, билгендер болсо айтып койгула, негизи менин оюмча, ал токойлордо, жерге ийин жасап, ошол жакта жашайт болушу керек. Бирок бул менин оюм, силер дагы өз оюңарды жазып койгула. Кирпи тууралуу маалыматты кыргызчалап даярдаган Арынчиева Б.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-12, Көрүүлөр: 5050, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо