Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канаттуулардын канын соруучу кенелер

Баш барак | Ветеринария | Канаттуулардын канын соруучу кенелер

Канаттуулардын канын соруучу кенелердин бирден бир түрү аргас кенеси болуп саналат. Аргас кенеси бир нече топко бөлүнөт. Анын ичинен Алвекнасус жана Аргас түрлөрү негизгиси болуп саналат. Алвекнасус кенеси өз кезегинде бир нече түргө бөлүнөт: орнитодорус лахотензис кенеси кашар кенеси деген ат менен белгилүү. Кашар кенеси Орто Азиянын бардык мамлекеттеринде жайылган. Ал караңгы, нымдуу жерлерде, тамдын жаракасында 20-60 см тереңдикте, казыктардын кабыктарынын астында жана таштардын коңулунда жашайт. Бул кенелер бардык жаныбарлардын денесинде мителешет. Личинкалары нимфасынын биринчи эки стадиясында канаттуулардын денесинде көп мезгилге чейин калуу менен бирге тамактанып жана түлөшөт; имаго түнкүсүн 10 – 60 мүнөттүн ичинде кан сорот да жылчыктарга жана жаракаларга жашынат. Бул кененин биологиялык өзгөчөлүгү; ургаачысы эркеги менен жупташкандан кийин 7 – 40 күндүн аралыгында 50 – 500 чейин жумуртка тууй баштайт. Бул кененин имагосу 5 – 6 жылга чейин ачка жашай алат. Эркектери 50мг ал эми ургаачылары 200-300мг жогору кан сорушат.

Зыяндуулугу. Кене канаттууларды арыктатат, өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөт. Инфекциялык жана инвазиялык ылаңдардын козгогучтарын өз денесинде сактап жана жугузууга жөндөмдүү.

Аргас кенеси. Бул кенелердин денесинин түзүлүшү жалпак жана жумуртканын формасындай (овальдуу, эллипсттүү) болот. Өңү саргыч көгүш жана күлдүн өңүнө окшош болот. Тумшугу, жаагы, көзү жок болот. СНГ өлкөлөрүндө тооктордун денесинде мителөөчү түрү кеңири тараган. Бул кенени дагы Персид кенеси деп аташат.

Биологиялык өзгөчөлүгү. Персид кенеси негизинен тоок каналарда (тамдардын жаракаларында, тооктор отуруучу орундуктарда, жумуртка туучу уяларда) жана сырткы бөлүкчөлөрүнө, түнкүсүн тооктор конгон бактардын бутактарында жашайт. Кене негизинен тооктордо тамактанат, каздарда, өрдөктөрдө аз мителейт. Жапайы канаттуулардан таранчыларда мителейт. Бул кенелер тоокторго түнкүсүн кол салышат, денесинин жүнү жок жерине жабышып, көбүнчө канатынын астында имаго жана нимфалар 1,5 – 2 саат кан сорушат, ал эми личинкалар 4 – 10 күн кан сорушат, ошондуктан жеңил табылат. Кененин мителөөчү активдүү фазалары май – сентябрь айларына туура келет. Эн жогорку кенелөөсү жайкысын байкалат, азыраак күзүндө. Кенелердин башка тоок каналарга жугуусу тооктордун аркасы менен жүргүзүлөт, кээде личинкалар жорголоп ооп кетиши да мүмкүн.

Зыяндуулугу. Кенелердин мителөөсү тооктордун арыктоосу жана жумуртка туусунун начарлоосу менен коштолот жана кене параличи өнүгөт. Мындан сырткары персид кенеси өзүнүн бардык активдүү фазаларында тооктордун, каздардын жана өрдөктөрдүн Спирохетоз ылаңынын жугузуучусу болуп кызмат кылат, андан тышкары ири мүйүздүү малдардын Анаплазмоз ылаңын жугузат. Андан тышкары Бруцеллез, Сибир кулгунасы ылаңдарынын козгогучтарын алып жүрүүчү болуп саналат.

Гамаз кенеси. Бул кененин түрү жер шаарында кеңири тараган, алардын көпчүлүгү кан соруп мителик менен өмүр сүрүшөт. Гамаз кенесинин арасында сырткы, убактылуу жана туруктуу түрлөрү бар. Канаттуулардын кенеси тоок кенеси деп аталат жана денеси узунураак, кыска жыш жүн каптаган, өңү кызгылт болот. Биологиялык өзгөчөлүгү. Ургаачысы бир гонотрофикалык (кан соргондон кийин) циклдан кийин 2 – 20 жумуртка таштайт. Жумурткалар 20 – 25 градуста 2 – 3 күндө өсөт Тоокканада жашаган кенелер тоокторго түнкүсүн кол салышат, канды тез соруп алгандан кийин тооктордун уяларына, тамдын жаракаларына кирип жашынышат. Тооктордун уяларында жашынган акыркы кенелер күндүз да тооктордун канын сорушат.

Зыяндуулугу. Кенелердин бат-баттан жана көп-көптөн тооктордун канын сорушу, уу шилекейи менен ууландырып тоокторду начарлатат, жумуртка туусу төмөндөйт жана өлүмгө душар кылат. Андан тышкары вирус менен чакырылуучу тооктордун энцефалит ылаңын ташып жугузат.

Гамаз кенеси менен күрөшүү иш чаралары. Тоок каналарды туура долбоорлоп кенен жарык салуу. Дезакаринизациялоо.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1050, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо