Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кеме

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кеме

Кеме деген эмне? Кеменин тарыхы эзелки кылымдардан башталат. Адамдар адегенде устун жыгачта, кийинчерээк ичи оюлган жыгач кайыкта сүзүшкөн. Көлдөрдө жана өзөндөрдө мындай кайыкты узун таяк менен түртүп же калак менен сууну шилеп бир жерден экинчи жерге катташкан. Болжол менен 3 миң жылдай илгери Жер Ортолук деңизде жел кеме (парустуу) жана калактуу кемелер пайда болгон. Алар менен деңиз аркылуу жүк ташып, жортуулдарга чыгышкан. Калактуу, парустуу жыгач кемелер - галералар көпкө колдонулуп келген. Бизге белгилүү болгон алгачкы галералар биздин заманга чейинки миңинчи жылдар ченде курулган, ал эми акыркы галералар көпкө колдонулуп 18-кылымдын аягындагы согуштарда пайдаланылган. Убакыт өтүп, кемелерди жүргүзүү үчүн шамалдын күчү улам көбүрөөк колдонула баштады.

Кемедеги парустардын саны көбөйүп, кеменин көлөмү да улам чоңоюп, жүк көтөрүмдүүлүгү, ылдамдыгы артты. Эң тез жүрүүчү кеме - чай ташуучу клипер эле. Англиялык Катти Сарк клипери жол улаш шамал болгондо бир суткада 400 миль (700 чакырымдан ашык) аралыкты басып өтчү. Азыркы теплоходдордун баары тең эле бир суткада мынча аралыкты сүзүп өтө албайт! Албетте, клиперлер шамал жакшы согуп турганда гана тез жүрчү. Аба ырайы шамалсыз, үп болуп турганда эң мыкты жел кеме да айлап калкып жүрө берчү.

1807-жылы америкалык ойлоп табуучу Р. Фултон кемеге буу машинасын орнотту. Эми кеме шамалсыз эле жүрүп калды. Алгачкы пароход Клермонт деп аталган. Пароход (орусча - буу менен жүрүүчү кеме) деген сөз 1815-жылы алгачкы орус пароходу Елизавета курулгандан кийин айтыла баштады. Бул кеме Кронштадт менен Петербургдун ортосунда каттап турган. Алгачкы пароходдор суу шилөөчү дөңгөлөктүү (баралуу) болгон. Буу машинасы суу шилөөчү дөңгөлөктү айлантканда кеме алга жылган. Кеме жонундо маалыматыбызды улантабыз.

Машина бузулганда же бара сынганда кереги тиет деп парус тагышкан. Бара болсо, өзгөчө деңизде көп сынып турган. 19-кылымдын биринчи жарымынан баранын ордуна калак винтти орното башташкан. 20-кылымдын башында ичинен күймө кыймылдаткычы бар кеме - теплоход пайда болгон (бул кыймылдаткыч жөнүндө Мотор деген аңгемеден окусаңыз да болот). Азыркы теплоходдор эл чарбасында ар кандай жумуштарды аткарат. Аскер-Деңиз Флотунун кемелери өлкөнүн чегин коргойт. Траулер менен океанда балык кармап, ошол замат аны тазалап, тоңдурушат. Контейнер ташыгычтар - азыркы жүк ташыгыч кемелер.

Кемедеги жүктөрдү тез жүктөп-түшүрүү үчүн аларды күн мурун чоң ящиктерге - контейнерлерге салып даярдап коюшат. Ар бир контейнердин салмагы жүгү менен 5-6 тоннага жетет. Ал эми жүргүнчү кемеси болсо өзүнчө эле суудагы шаар. Анда каюталар (уктоочу бөлмөлөр), эс алуучу салондор, спорт аянтчалары, бассейндер, китепкана, кино, концерт залы бар. Канаты аркылуу суу астындагы кемеде бир порттон экинчи портко тез жетүүгө болот. Жүргөндө канаты кемени суу бетине бир аз көтөрүп чыгат, ошентип, жүргүнчүлөр саатына 100дөн ашуун чакырым ылдамдыкта зымырап жөнөшөт.

Кемелердин жүк көтөрүмдүүлүгү, ылдамдыгы барган сайын жогорулоодо. Алар жолундагы ар кандай тоскоолдуктардан улам азыраак жапа чегүүдө. Кубаттуу муз жаргыч атом кемелери соода, балык кармоочу, жүргүнчү кемелерге жол ачат. Арктика калың музду жарып, Түндүк уюлга жетти. Аба жаздыкчалуу кеме терең же тайыз сууда, сазда, ал тургай кургак жерде да, өтө тез - саатына 150 чакырым ылдамдыкта зымырайт.

Аба жаздыкча жүрүп баратканда аны сууга же жерге тийгизбей көтөрүп турат. Мындай кемелер 4-5 миң тонна жүктү көтөрө алат. Азыркы учурда илимий изилдөөлөргө арналган кемелер да бар. Бирок жел кемелер да пайдаланылууда. Спорттук клубдарда жаш моряктар жел кеме менен сүзүүгө үйрөнүшөт. Жел кайыктарда сүзүү күчтүүлүктү, шамдагайлыкты, тапкычтыкты, кайраттуулукту талап кылат. Кеменин орусча аталышы - корабль. Корабль жонундо маалыматыбыз ушундай достор. Кошумча шилтеме: Кеме куруу

Жайгаштыруу: 2018-04-10, Көрүүлөр: 3374, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу