Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аскер-деңиз флоту

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аскер-деңиз флоту

Байыркы Египет, Греция жана Римдин ошол мезгилде эле аскердик кемелери болгон. Флот согуш учурунда кургактагы аскер күчтөрүнө көмөктөшүп, деңиз үстүндө өз алдынча салгылаша алган. Бир жолу римдиктер 330 кемени курал менен жабдып, Африкага 40 миң аскерден турган десант жөнөтүшкөн. Адегенде кемелердин салгылашы палубага орнотулган баллист жана катапультадан жаа атып, таш ыргытуудан башталган. Кийин кемелер бири бирин темир капталган тумшугу менен койдурушкан. Андан аман калган кемелер бири бирине чиркелишип, борттон бортко көпүрөлөр ташталып, палубаларда кадимки кургактагыдай аскерлердин салгылашы башталган. Убакыттын өтүшү менен флоттун күчү да арта баштады. Кемелер замбиректер менен куралданды.

Калактуу жана парустуу кемелер машина менен алмашылды. Кеменин борту ок өтпөс болуп (брондуу) жасала баштады. Сүзүп жүрмө чепке окшош ок өтпөс кемелер пайда болду. Суу астында жүрүүчү кайыктар пайда болуп, торпедалар - өзү жүрүүчү снаряд менен куралдандырылды. Деңиз кызматын эми самолёт да аткарууга киришти. Алар жээктеги аэродромдон, суунун үстүнөн же авианосецтен учуп чыгышып, кайра ордуна коно алуу даражасына жетти. Советтик моряктар Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде бул жаатта өзгөчө даңкка ээ болду. Алар деңиз учкучтары менен бирге душмандын 1245 аскердик кемесин жана катерин, 1300дөн ашык транспорт кемелерин сууга чөктүрүшкөн. Моряктар Ленинград (Санкт-Петербург), Севастополь, Одессаны баатырдык менен коргошуп, түндүк деңиздеринде да көптөгөн эрдик көрсөтүшкөн.

Деңиз флотунун аскерлеринен фашисттер аябай корккондуктан, аны кара ажал деп аташкан. Анткени, деңиз жөө аскерлерибиз кемедеги моряктар сыяктуу эле кара ноотудан күрмө (бушлат), шым жана калканчысыз баш кийим кийишчү. Аскер кемелеринде кызмат өтөө ар дайым ардактуу. Аскердик моряк - кайраттуу, күчтүү, көптү билген жана чебер адам. Океанда ракеталуу крейсер, гвардиялык ракета алып жүргүч же суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар сыяктуу кемелерди башкарып айдоо ишин мыкты билген жогорку билимдүү адамдардын гана колунан келет.

Суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар флоттун кубаттуу күчүнө айланды. Алар бир да жолу деңиз бетине чыкпай суу астында он миңдеген километрди сүзүп өтө алат. Муз асты менен да сүзүп кете берет. Алардын ракеталары түз эле суу астынан атылып чыгып, миңдеген километр алыстыктагы бутага таамай тиет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 707, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу