TYUP.NET
Баш барак | Өсүмдүктөр | Кедр: дарак жөнүндө кыскача маалымат

Кедр: дарак жөнүндө кыскача маалымат

Акыркы оңдоо:

Кедр (лат. Cedrus, кыргызча мөш деген аталышы да кездешет) — кызыл карагай (Pinaceae) түркүмүндөгү дарак түрү. Кедр — ийне жалбырактуу, дайыма көгөрүп туруучу дарак. Борбордук Азияда парктардан гана көрүүгө болот.

Бул сейрек учуроочу кооз өсүмдүктөрдүн узундугу 40 мге чейин жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2,5 метрге чейин. Анын ийне жалбырагынын узундугу 10 смден ашат. Кедрдин, чоңдугу каздын ири жумурткасындай болгон сыя түстөгү тобурчагынын ичинде саргыч уругу — жаңгагы болот. Алар уругунан 5-6 жылда бир жолу мол түшүм берет. Мындай жылда кылымдар бою тынч жаткан тайга өзгөрө түшөт.

Кедрдин жаңгагын издеген миңдеген тыйын чычкандар кызыл карагайдын бутактарын мекендешет. Жерде чаарала бурундуктар (тыйын чычкандын бир түрү) үн алышып, сайрандашат. Аюулар да берекелүү тайгадан кыя өтүшпөйт, анткени аларды даамдуу, жегиликтүү жаңгак кызыктырбай койбойт. Кедрдин жаңгагын жакшы көргөн шамдагай жана ызычуулуу чар каргалардын (кедровка) чоң-чоң топтору да туш тараптан учуп келишет. Бул жерден мергенчилер тыйын чычкандарга аңчылык кылышат.

Адамдар кедрдин уругун жыйнашып, андан кедр майын алышат. Сибирь кедри узакка жашайт. Беш жүз жылга чейин жашаган дарактар бар. Бекем, жеңил кедр жыгачынан кооз эмеректер жасалат. Биз пайдаланган жыгач карандаштын сырты да ошол кедр жыгачы менен капталган. Кедрдин кабыгынан чайыр алынат. Алынган чайырдан скипидар жасалат. Ийне жалбырагынан цинга оорусуна каршы дары даярдалат. Камчатка жана Курил аралдарын дээрлик кедр карагайы каптап, кедр токоюн түзөт.

Чыныгы кедр дарагы сейрек кездешет. Булар Cedrus тукумуна таандык болуп Жер ортолук деңиз тоолорунда жана Гималайда өсөт. Россияда кедр деп көп учурда сибир кедр карагайын (Pinus sibirica) эсептешет, а бул чыныгы кедр эмес.

Айрым кедрлар 1000 жылдан ашык жашайт. Мисалы, ливан кедры биздин заманга чейинки 2000-жылдагы байыркы тексттерде эскерилет. Кедрдин ийне жалбырактары фитоциндерди бөлүп чыгарат. Фитонциндер — бактерияларды өлтүрүүчү жана абаны тазалоочу учма зат катары саналат.

Сибирь кедр жаңгагы белок, амин кислоталары, E жана B витаминдерине, омега-3 жана омега-6 май кислоталарына бай. Жыгачы болсо бекемдиги, жыты жана чирүүгө туруктуулугу үчүн бааланат. Кедрдин эфир майы антисептикалык жана тынчтандыруучу касиетке ээ.

Байыркы Вавилондо, Египетте жана Ассирияда кедр кудайлардын дарагы катары саналчу. Египеттиктер мунун жыгачынан саркофаг жана кемелерди жасашчу.

Ливан кедри — Ливандын мамлекеттик символу катары саналып, өлкөнүн желегинде сүрөтү түшүрүлгөн.

Көрүүлөр: 1112
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо