Карчыга (латынча Accipitrinae, орусча Ястреб) — карчыгалар түркүмүнүн жырткыч канаттуулар түркүмчөсүнө таандык канаттуу. Кеңири мааниде бул түркүмчөгө таандык бардык канаттууларды аташат.
Карчыга жонундо маалымат. Талаа, токой, өзөндүн үстүндө көпкө айланып жүргөн чоң жырткыч кушту көрсөңөр, аны карчыга экен деп ойлобогула. Айры куйрук, кулаалы сыяктуу куштар гана баарына көрүнүп, бир жерде көпкө айланып учушу мүмкүн. Карчыга антпейт. Үймөк чөптүн үстүндө отурган жырткыч куш да карчыга эмес. Бул чычкандардын каардуу душманы — ак кулаалы. Жалпысынан көрүнүшү бүркүткө окшоп кетет. Көлөмү боюнча андан алда канча кичирээк. Өңү түсү — көбүнчө чаар-ала. Каракурчул карчыга (туйгун карчыга) — көзгө көп чалдыга бербеген өтө сак канаттуу. Кээде гана токойдон анын кья-кья-кья-кьялаган үнүн угууга болот. Кыргыздар аны кээде куш, ал эми эркегин чүйлү деп аташат. Каракурчул карчыга — шамдагай жана чыдамкай, уясынан чыгышын же каракурдун балапандары менен ачык жерден көрүнүшүн күтүп буктурмада көпкө чейин олтура берет.
Канаты кыска, бирок күчтүү, жайык болгондуктан, чер токойдо да ал олжосуна жете алат. Карчыга байкалбастан жакындап келип тез чабуул коёт, узун буттарын алга сунуп, курмандыгын курч тырмактары менен мыкчый кармайт. Ал кээде үй куштарына да кол салат. Каракурчул карчыганын башка да кичирээк түрү бар. Ал - бөдөнөчүл карчыга. Аны кыргый же кыргыек деп да аташат. Бөдөнөчүл карчыга каракурчул карчыгага абдан окшош, бирок андан бир топ кичине. Ошондуктан ал майда канаттууларды гана олжолойт.
Карчыга даракка уялайт, көп учурда башка куштардын уясын ээлеп алат.