Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каныккан жана каныкпаган эритмелер

Каныккан жана каныкпаган эритмелер — каныккан эритмелер белгилүү шартта эриген зат ашык саны менен теңдештик абалда боло турган эритмелер. Бир-биринде эрүүчү заттар эрүү процесси каныккан эритме пайда болгонго чейин жүрөт: эритме концентрациясы эриген зат жана эриткич жаратылышына, температурага жана басымга көз каранды.

Бул концентрация заттын маанилүү физика-химиялык мүнөздөмөсү болуп саналат. Катуу заттар эригенде бир эле компонент ар түрдүү катуу фазалары (кристаллдык модификациялары, кристаллогидраттар), ар турдүү концентрациядагы каныккан эритмени пайда кылат. Мисалы., 20°С натрий сульфатынын үч каныккан эритмеси болушу мүмкүн. Алардын концентрациясы туздун кайсы түрү — суусуз Nа2SО4, гептагидраты Na2SО4.7Н20 же декагидраты Nа2SО4- 10Н2О болгондугуна көз каранды.

Берилген шартта эриген зат менен эритменин ортосуңда туруктуу теңдештик пайда болбосо жана эритме дагы затты эрите алса, анда мындай эритмелер каныкпаган эритмелер болот. Мисалы.. КNО3 суудагы каныкпаган эритмеси 20°С 100 г эритмеде 20 г KNO3 кармап турат (каныккан эритмеси 20°С 100 г эритмеде 24,1 г КNО3 кармап турат).

Эригичтик - татаал физикалык-химиялык процесс. Эрий турган заттын түзүлүшүнүн бузулушу жана анын бөлүкчөлөрүнүн эриткичтин молекуларынын арасына таралышы физикалык пролат.

Демек белгилүү шартта 100 грамм эриткичте каныккан эритмени пайда кылганга чейин эриген заттын санын ошол заттын эригичтиги деп айтса болот. Эгерде 100 г сууда 10 г дан ашык зат эрисе ал жакшы эриген зат, 1 г дан азыраак эрисе, ал начар эриген зат, эгерде эритмеге 0,01 г зат өтсө, эрибеген зат деп атоого болот.

Сууда катуу заттардын эригичтик ийри сызыгы
Сууда катуу заттардын эригичтик ийри сызыгы

Катуу заттардын эригичтигинин температурага көз карандылыгын эригичтиктин ийри сызыктары көрсөтөт.

Көпчүлүк катуу заттардын эригичтиги температура жогорулаганда көбөйөт. Эригичтиктин ийри сызыктары боюнча төмөнкүлөрдү аныктоого болот: 1) заттардын ар түрдүү температурадагы эригичтик коэффициентин; 2) эритмени 1° С нан С на чейин муздатканда эриген заттын чөкмө болуп чөккөн массасын.

Каныккан эритмени буулантуу менен затты бөлүп алуу кайрадан кристаллдаштыруу деп аталат.

Кыргыз википедия сайтынан кошумчаланды.
Жайгаштыруу: 2016-08-04, Көрүүлөр: 4278, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-09-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо