Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эритмелер жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эритмелер жонундо маалымат

Эритмелер же эритме — бул эки же андан ашык компоненттерден турган катуу, суюк же газ түрүндөгү бир тектүү система.

Ошондой эле, эритмелер — бул ички, тышкы же парентералдык колдонуу үчүн бир же бир нече даары заттарды эритүү жолу менен алынган суюк дары формасы.

Эритмелер адамдардын тиричилигинде кенен колдонулат. Алардын тирүү организмдер үчүн чоң мааниси бар. Адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр тамак заттарын эритме түрүндө өздөштүрүшөт. Алардын организмдериндеги татаал физикалык-химиялык процесстер эритмелерде жүрөт. Физиологиялык суюктуктар — кан плазмасы, лимфа, ашказан суюктугу жана башкалар — эритмелер (раствор) болуп саналат.

Кан плазмасына туура келген туз эритмелери медицинада колдонулат. Мындай эритмелерди физиологиялык эритмелер дешет. Көптөгөн медициналык дары-дармектер химиялык заттардын суудагы же спирттеги эритмелери болушат. Табигый суу да эритме болуп саналат. Минералдык сууларда көмүр кычкыл газы, күкүрттүү суутек, темирдин бирикмелери, бром, йод жана башка заттар эрип жүргөндүктөн, аларды түрдүү ооруларды дарылоодо колдонушат.

Кандай гана эритме болбосун, эриген заттардан жана эриткичтен турат, б. а. эриткичтин чөйрөсүндө эриген заттар молекулалар же иондор түрүндө бир калыпта таркалган. Эриткич таза түрүндө пайда кылган эритме менен эриткичтин агрегаттык абалдары бирдей болот (мисалы, туздун эритмесинде эриткичи - суу, суунун да, эритменин да агрегаттык абалдары бирдей). Эгерде компоненттердин экөөнүн тең агрегаттык абалдары бирдей болсо (мисалы, спирт жана суу), анда алардын көлөмү көбүрөөгү эриткич болот.

Ар түрдүү өндүрүштүк жана биологиялык процесстерде электролиттердин эритмелери чоң ролду ойнойт. Бул эритмелердин касиеттери электролиттик диссоциация теориясы аркылуу түшүндүрүлөт. Электролиттик диссоциация теориясын билүү органикалык жана органикалык эмес заттарды окуп-үйрөнүүдө электролиттердин эритмелериндеги химиялык реакциялардын механизмдерин терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Эки же андан ашык компоненттерден турган, өзгөрүлмө курамдагы гомогендүү системалар эритмелер деп аталат.
Эритмелер

Суюк эритмелер көбүрөөк таралган. Алар эриткичтен (суюк-тук) жана эриген заттардан (газ, суюк, катуу абалда) турат.

Суюк эритмелер

Суюк эритмелер суулуу (нымдуу) жана суусуз болушат. Суулуу эритмелерге эриткичи суу болгон эритмелер кирет. Эриткичтери башка суюктуктар (бензол, спирт, эфир ж.б.) болгон эритмелер сүусуз эритмелер болушат. Практикада суулуу эритмелер көбүрөөк колдонулат.

Өсүмдүктөр өсүшү үчүн зарыл болгон заттарды тамыры аркылуу эритме түрүндө гана алышат. Суунун топуракка өз убагында келип турушу жогорку түшүмдү алуунун зарыл шарты болуп саналат. Айрым жер семирткичтер жана айыл чарба зыянкечтерине каршы колдонулуучу каражаттар эритмелер түрүндө пайдаланылат. Адамдын жана жаныбарлардын азыгын сиңириши тамак сиңирүү органдарында тамак-аштын сууда эрүүчү бирикмелерге айлануусу жана бул бирикмелердин суу эритмелерине өтүшү менен ишке ашат.

Химиялык лабораторияларда таза заттардын ордуна алардын суудагы эритмелери көбүрөөк колдонулат. Анткени заттарды алдынала сууга эритүү алардын ортосундагы химиялык реакдиялардын ылдам жүрүүсүн камсыз кылат. Ошондуктан химия өнөр жайында жана көпчүлүк химиялык эмес өндүрүштөрдө суу абдан көп жумшалат. Заттарды тазалоодо да суу колдонулат. Алды менен заттарды эритип, алынган эритмени чыпкалап, андан кийин кристаллдаштырат. Суудан башка эриткичтер да кеңири колдонулат. Мисалы, кийимдерди химиялык тазалоодо, өсүмдүктөрдүн данынан майларды бөлүп алууда органикалык эриткичтер кеңири пайдаланылат. "Эритмелер" жаратылышта эң чоң мааниге ээ. Жаратылыштагы суу эритмелеринен тоо тектеринин катмарлары пайда болгон.

Суюк эритмелер накта, чаңгылт жана коллоиддик эритмелер болуп бир нече түргө бөлүнөт. Накта эритмеге мүнөздүү болгон өзгөчөлүк — эриткичтин атомдору, иондору же молекулалары эриген заттын атомдорун, иондорун же молекулаларын текши курчап камтып тургандыгында. Башкача айтканда накта эритмелер бир фазалуу, эриткич менен эриген заттын ортосун бөлүп турган чек жок.

Чаңгылт эритмелерде заттын эрибей калган бөлүкчөлөрү көзгө көрүнөт, эритменин түбүнө чөгөт. Бул чопону, борду майдалап сууга салганда байкалат. Ал эми коллоиддик эритмеде эриген зат эриткичтин бардык көлөмүндө бирдей таркайт. Мисалы, сүттү сууга куйганда, суунун бардык көлөмүнө таркоо менен суунун түсү бардык жеринде бирдей агыш болот.

Демек, кандай гана эритме болбосун эң аз болгондо эки башка заттан турат, алардын бири - эриген зат, экинчиси - эриткич. Мындай бөлүштүрүү шарттуу болуп саналат, ал эми калдыксыз өлчөмдө бири-бирине аралаша турган заттарга: суу-спирт, алтын-күмүш мисал боло алат.

Заттардын эритмелерди пайда кылуу касиети ар башкача. Айрым заттар бир бирине чексиз эришсе (суу жана спирт), башка бир заттар белгилүү өлчөмдө гана эришет (кайнатма туз сууда).

Жайгаштыруу: 2019-09-18, Көрүүлөр: 18995, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу