Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эритмелердин концентрациясы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эритмелердин концентрациясы

Эритмелердин концентрациясы - эритмелерди сапаттык жактан мүнөздөө үчүн «суюлтулган эритме» (эриген заты аз) жана «концентрацияланган эритме» (эриген заты көп) деген түшүнүктөр колдонулат. Эритмелер менен иштөөдө алардын сандык курамын билүү керек.

Белгилүү өлчөмдөгү эритмедеги эрип жүргөн заттын саны ошол эритменин концентрациясы деп аталат.

Эритмелердин сандык курамдары түрдүү жолдор менен туюнтулат. Биз алардын ичинен эриген заттын массалык үлүшү жана молярдык концентрация (молярдуулук) түшүнүктөрүн окуп үйрөнөбүз.

Эриген заттын массасынын эритменин массасына болгон катышы эриген заттын массалык үлүшү деп аталат

w(заттын) = m(заттын) / m(эритменин)

Мында w - бирдиктин үлүшү менен туюнтулган эриген заттын массалык үлүшү;
m(заттын) - эриген заттын массасы, г;
m(эритменин) - эритменин массасы, г.

Массалык үлүштү % менен да туюнтса болот:

w(заттын) = m(заттын) / m(эритменин) * 100%

Эриген заттын процент менен туюнтулган массалык үлүшү проценттик концентрация деп аталат. Тактап айтканда жүз грамм эритмеде эрип жүргөн заттын саны ошол эритменин проценттик концентрациясы деп аталат.

Мисалы, натрий хлоридинин суу эритмесинде анын массалык үлүшү 10% те 0,1. Бул 100 г массадагы эритмеде 10 г натрийдин хлориди жана 90 г суу бар дегенди түшүндүрөт.

m(эритменин) = m(эриткичтин) + m(эриген заттын)

(эритменин) m=p*V

Мында V - эритменин көлөмү, мл; p - эритменин тыгыздыгы, г/мл.

Эриген заттын массалык үлүшү ар түрдүү болгон суу эритмелеринин белгилүү бир температурадагы тыгыздыгы ар кыл болот. Эритмелердин тыгыздыгы ареометр менен өлчөнөт

Ареометр (иллюстрация)
Ареометр (иллюстрация, градусник өңдүүлөрдү дагы болот)

Молярдык концентрация бир литр эритмедеги эриген заттын молдук санын көрсөтөт. Молярдык концентрацияны төмөнкү формула боюнча аныктаса болот:

C=n/V

C - молярдык концентрация, моль/л;
n — эриген заттын саны, моль;
V - эритменин көлөмү, л.

Молярдык концентрация С, моль/лМолярдуулуктун белгисиЭритменин аты
1Бир молдук (молдук)
0,50,5мЖарым молдук
0,10,1мДецимолдук
0,010,01мСантимолдук
0,0010,001мМиллимолдук

Иш-тажрыйбада m=p*V формуласын колдонуу менен эритменин белгилүү тыгыздыгы боюнча концентрацияны туюнтуунун бир жолунан экинчисине өтүп турушат.

Жайгаштыруу: 2019-09-18, Көрүүлөр: 13243, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу