TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Калп айтуу эмнеге алып келет? макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Бул макалада калп айтуунун кесепеттери, ал эмнеге алып келээри, калптын натыйжасы кандай болоору тууралу түшүндүрмө берилет. Негизги макала: Калп Калп абалына жана масштабына жараша түрдүү кесепеттерге алып келиши мүкүн: Ишенимди жоготуу — адам калп айтып жатканда, анын сөздөрү айланасындагыларга азыраак маанилүү же таптакыр мааниси болуп калат. Ал эми ишенимди калыбына келтирүү оор. Конфликттер — калп түшүнбөстүктөрдү, талаштарды ал гана эмес мамилелердин жарылуусуна алып келет. Күнөө сезими жана стресс — айрым адамдар өзүнүн калп айтканы үчүн санаага батат, калпым чыгып калат деп коркуу сезимин сезет. Жаңы жалган шылтоолорго зарыл болуу — бир жалганды жашыруу үчүн көп учурда жаңы калпты ойлоп табууга туура келет. А бул чыга албаган айлампаны жаратат. Абройдук жоготуулар — эгер калп билинип калса, ал карьераны, достукту же үй-бүлөлүк байланыштарды бузуп коюшу мүмкүн. Юридикалык кесепеттер — айрым учурларда (мисалы, алдамчылык, жалган күбө) калп кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Бирок, көп нерселер мотивация жана абалдан көз каранды, кээде жалган сактап калуу үчүн колдонулат, айтылуу «асыл жалган». Бирок, ошондой болгон учурларда дагы калп өзүнө тобокелдиктерди алып жүрөт. Калп кесепети жөнүндө жомок Илгери бир Жумаалы деген калпычы болуптур. Ал калп айтканды өнөр кылып алган экен. Калп айтмайынча тура алчу эмес имиш. Бир күнү түн ортосунда эл кызуу уйкуда жатканда эшикке чыгып, үнүнүн баардыгынча: - Малга карышкыр тийди! Эл-журт, жардамга! - деп кыйкырат. Элдин баары ойгонуп туш-туштан жабыла чуркап келишет. Бирок, баардыгы тынч, эч кандай карышкыр көрүнбөйт. Жумаалы калп айтып элди алдаганына жыргап, боору эзилип күлөт. Элдер Жумаалыны «акмак, көк мээ, келесоо десе» деп тилдешип үйлөрүнө кайтышат. Күндөрдүн биринде Жумаалы дагы түн ортосунда туруп алып азан-казан түшүп: - Ой, эл-журт, сактангыла, тоодон сел агып келе жатат. Өлдүк эле өлдүүүк! - деп кыйкырат. Үрөйү учкан эл бала-чакасын шашып-ушуп алып чыгып, чалынып-жыгылып отуруп, сыртка чыга баштайт, көрсө баягы иленди дагы калп айтыптыр. Эч кандай сел каптабай эле экен. Жумаалы болсо элди алдаганына кубанып, ыкшып күлүп отуруптур. Жумаалынын бул жоругуна жини келген эл аны сабамакчы болушат. Ошондо эл ичинен бир аксакал чыгып: - Келесону жайына койгула. Бир күнү калпынын азабын өзү тартат - дейт. Арадан көп күндөр өтөт. Түн ичинде капыстан Жумаалынын үйү өрттөнөт. Эптеп сыртка качып чыгып, жаналы калбай: - Ой, эл-журт, жардам бергиле! Үйүм өрттөнүп жатат. Өлүп кетейин, чын эле чатырап өрттөнүп жатат, - деп нары бери чыйпылыктап элди чакырат. «Баягы калпычы, дагы калп айтып атат», деп бир жан чыкпай коёт. Эртеси элдер ойгонуп туруп карашса, чын эле үйү өрттөнүп дубалы эле калыптыр. Жумаалы үй-бүлөсү менен ыйлап отурган болот. Элдер Жумаалыга жардам берип, өрттөнгөн үйүн оңдоп коюшат. Жумаалы байкуш болуп, элге ыраазылыгын айтат. Ошондон кийин Жумаалы тап-такыр калп айтпай калган дешет. Мынакей достор, калптын кесепети ушул жомоктогудай каардуу жана жаман болот. Калптан адамдар жана калп айткан адам өзүн дагы зыян тартат.