Кактустар (латынча Cactaceae) — көп жылдык гүлдүү тикендүү өсүмдүктөр түркүмү. Өзүнө болжолдуу 120 тукум жана 1750 түр камтыйт. Көбүн эсе кургак аймактарда өсөт. Анын ичинде дүйнөнүн эң кургак чөлү — Атакамада дагы.
Кактустар, кактустардын мекени — Мексика. Байыркы индейлер кактустарды ыйык деп эсептешкен. Кактустар кургакчыл климатка абдан ылайыкташкан. Алардын жалбырактары тикендүү, түктүү, кадимки жалбырактарга караганда сууну аз буулантат.
Алар кактустун сөңгөктөрүн жыш каптап турат. Ошондуктан сөңгөктөрү өтө ысыкта да нымды чыгарбай ширесин сактап калат. Алардын айрымдарында 3 миң литрге чейин суу болот. Кактустар чөлдө ным сактоочу бирден-бир өсүмдүк болгондуктан, саякатчылардын өмүрүн сактап калган учурлары көп болот. Тикенектери ири жаныбарлардан коргонууда да кереги тиет.
Кактустар өтө ар түрдүү - дарак, бадал, чөп сыяктуу болот. Өлчөмдөрү ар кандай: өтө кичинекейи 1 см, чоңдору 25 мге жетет. Майдаларынын салмагы бир нече грамм, ал эми чоңдору бир нече тонна. Кактустун гүлдөрү ар түрдүү. Түнкү каныша кактусунун гүлүнүн желекчесинин узундугу 14 смге жетет. Мексикалыктар кожогат кактусунун жемишинен мармелад жасашат. Айрым кактустардын сабактарын бышырып, же кууруп жешет.
Мөмөлөрүнүн ширесин ичишет. Малга тоют катары пайдалана турган кактустар да бар. Алар малга берердин алдында тикенектеринен тазаланат. Чоң кактустардын жыгачынан үй салышат, эмерек жана ар түрдүү кооз буюмдарды жасашат.
Кактустар — Кыргызстанда өлкөнүн мейманы. Алар ботаника багында жана өсүмдүк өстүрүүгө ышкыбоз адамдардын коллекцияларында өсөт. Европага кактустар Колумбдун Америкага жасаган биринчи саякатында жаңы дүйнөнүн керемети катары алып келинген. Ал эми Россияга алгач Пётр I алып келген.
Кактус өсүмдүгүн компьютердин жанына коюп алуу дагы көп кездешет. Бул анын эски компьютерлер (өзгөчө алардын түтүктүү мониторлору) чыгарган электр толкундарынан сактайт деп саналчу. Бирок бул ырастама көптөгөн талаштарды жаратат. Ошондуктан, буга ишенүү же ишенбөө сиздин гана эркиңиз. Анын үстүнө түтүктүү мониторлор эбак колдонулбай калган.