Фрунзе Михаил Васильевич — мамлекеттик ошондой эле жоокер ишмери, революционер, аскер теоретиги. Петербургдагы политехникалык институукнун экономикалык факультетинде окуп жургондо андан революциячыл иши учун чыгарылган.
Михаил Фрунзе, Васильевич | |
---|---|
Туулган датасы | 21-январь (2-февраль) 1885-жыл |
Туулган жери | Кыргызстан, Бишкек |
Билими | Санкт-Петербург политехникалык институту |
Партия | КПСС, 1904-жылдан |
Каза болгон датасы | 31-октябрь, 1925-жыл (40 жаш) |
Каза болгон жери | Москва, РСФСР, СССР |
Балдары | Фрунзе Тимур Михайлович, Фрунзе Татьяна Михайловна |
1905-жылы Иваново-Вознесенскийде революциячыл кыймылды уюштурууга катышкан ошондой эле иш таштоону башчылык кылган. 1907-жылы Шуяда камалып, 1909-10-жылы эки жолу олум жазасына окум кылынган, жаза он жылга, кийинчирээк омур бою сургунго алмаштырылган. Сургундон 1915-жылы качып, Чита, Минск, Иркутскиде революциячыл иштерин жургузгон. Октябрь революциясына жигердуу катышкан.
Жарандык согуш жылдары Чыгыш фронтунун Туштук тайпасына, Колчактын жоокерлерин талкалоодо Чыгыш фронтуна башчылык кылган. Туркстанда Совет бийлигин чындоо учун 1919-жылы 14-августта уюшулган Туркстан фронтунун башкы командачылыгына Фрунзе дайындалган. 1920-жылы февралда Фрунзенин буйругу менен Жетисуудагы кыргыз-казактардан озгочо кыргыз атчандар бригадасы тузулгон. Ошол жылы эле 7-майда Кызыл Аскерге жергиликтуу калктан 19-35 жаш курагындагы 30 мин адамды мобилизациялоо жонундо буйрук чыгарган. Бул Борбордук Азия калкынын тарыхындагы биринчи мобилизация болуучу. 1920-жылы сентябрь айында Туштук фронтунун жетекчиси болуп дайындалып, Врангелди талкалоого башчылык кылган.
1920-жылы Туркстан комиссиясынын мучосу катары Орто Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандын туштугундогу контрреволюциячыл кучтору талкалоо Совет мамлекетинин улут саясатын калк арасында тушундуруу боюнча иштерди жургузгон. 1921—24-жылы Крым жоокерлеринин жетекчиси, 1924-25-жылы СССР революциялык аскер советинин торагасынын орун басары, торагасы, аскер жана дениз иштер эл комиссары. 1924-1925-жылы Фрунзенин жетекчилиги менен аскердик реформа жүргүзүлгөн.