Мамлекеттин тузулушу Эгемендуу Кыргыз Республиканын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эн маанилуу окуя болгон. Эгемендуулукко жеткен Кыргызстанда демократиялык онугууну камсыздоо учун биринчи кезекте мамлекеттик тузулушту, республиканын ички жана тышкы саясаттарын аныктоо керек эле. Бул учун адегенде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (негизги мыйзам) иштеп чыгып кабыл алуу милдети турган. 1990-жылдын аягында жаны Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев башында турган Конституциялык комиссия тузулгон. Бул комиссия бир жарым жылдык моонотто Кыргызстандын Конституциясынын биринчи долбоорун иштеп чыккан. Долбоор жалпы элдик талкууга коюлган. Уч айдан ашык талкуулоонун журушундо долбоорго миндеген сунуш-пикирлер айтылган.
Мындан тышкары Жогорку Кенешке дагы эки Конституциянын долбоору альтернативалык негизде сунуш кылынган. Алардагы айрым жоболор негизги Конституцияны иштеп чыгууда эске алынган. Конституциянын долбоору Жогорку Кенештин 12-сессиясында талкууланып, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча Кыргызстан демократиялуу республика аталып, аны эл тарабынан шайланган мамлекеттик башчысы - Президент башкарат. Анда Кыргызстандын элинин эркине жана кызыкчылыктарына ылайык, Кыргызстандын коомдук тузулушунун жана саясатынын негиздери аныкталган, ошондой эле республиканын мамлекеттик органдарынын тармактары такталып, алардын тузулушу жана ишмердиктери, граждандардын укуктары менен милдеттери бекитилген. Конституция боюнча Президентке Окмоттун структурасын аныктоо, Жогорку Кенештин макулдугу менен Премьер-министрди жана окмот мучолорун дайындоо укугу берилген.
1992-жылы Республиканын жергиликтуу аткаруучу бийлик органдарын реформалоо жургузулуп, Президенттин Указы менен шаарларда, облустарда, райондордо акимдик башкаруу киргизилген. Акимчиликтер мурдагы жергиликтуу советтердин алдындагы аткаруу комитеттеринин аппараттарынын негизинде тузулгон. Кыргызстанда мыйзам чыгаруу бийлиги беш жылда бир шайлануучу, 350 депутаттан турган Жогорку Кенешке таандык болгон. Кыргызстандын 1990-жылы февралда шайланган Жогорку Кенеши республиканын эгемендуулугуно жетуу жолунда жана коз карандысыздыктын алгачкы жылдарында саясий мааниге ээ бир катар документтерди: «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендуулугу жонундо» (1990, 15-декабрь) жана «Кыргыз Республикасынын коз карандысыздыгы жонундо» Декларацияларды (1991, 31-август), мамлекеттик туусун (03.03.1992, авторлору: окумуштуу С. Иптаров, суротчулор - Б. Жайчибеков, Ж. Матаев, архитекторлор - М. Сыдыков, Э. Айдарбеков), мамлекеттик Гимнин (18.12.1992, созу - Ж. Садыков, Ш. Кулиевдики, обону - К. Молдобасанов менен Н. Давлссовдуку, мамлекеттик гербин (14. 1. 1994, авторлор: суротчу А. Абдраев жана милициянын генералы С. Дубанаев) кабыл алган. 1994-жылы сентябрда парламент экиге болунуп, олкодо парламенттик кризис башталган. Анткени депутаттык корпустун копчулугун аткаруу жана сот бийлигинин тармактарында иштегендер тузгон.
[ushka=seredina]
Алар оздорунун депутаттык кол тийбестик укугун жоготуудан чочулашып, жаны Конституциянын негизинде 1993-жылы бийликтин бардык бутактарына шайлоо жургузууго каршы болушкан. Ошол эле депутаттар 1994-жылы 13-сентябрда оздорунон депутаттык укуктарын откорбой туруп, Жогорку Кенештин ишине катышуудан баш тартышкан. Ушул аркылуу алар парламенттин ишин ичинен токтотууга аракет жасашкан. Натыйжада Кыргызстан парламентсиз калган. Бул учурда коом мыйзамсыздыктан тажап, саясий жана экономикалык реформалар жаны мыйзамдарга озгочо муктаж болуп турган. Ошол кезде окмот да юридикалык жактан отставкада болуп, формалдуу гана иштеп жаткан. Сот бийлиги реформалана элек болчу.
Бардык бийликти Президент озу жургузо баштаган. Мына ушундай кырдаалда Президент А. Акаев республикада саясий туруктуулукту камсыз кылуу, Борбордук шайлоо комиссиясын тузуу жана кош палаталуу парламент тузуу боюнча референдум откоруу жонундо Указ чыгарган. 1994-жылы 22-октябрда откон Референдумда эл кош палаталуу парламентти тузуу жонундогу маселени колдоп берген. 1995-жылы февралда кош палаталуу Жогорку Кенешке шайлоолор болуп откон. 28-мартта Жогорку Кенештин эки палатасынын: Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл окулдор жыйынынын биринчи сессиясы иштей баштаган. Мамлекеттик бийликтин кризиси, мурдагы парламенттин тарап, кош палаталуу Жогорку Кенештин тузулушу Кыргызстандын Конституциясына озгортуулорду жана толуктоолорду киргизууну талап кылган. Ушуга байланыштуу 1996-жылы 10-февралда Республикада референдум откорулуп, Кыргыз Республиканын Конституциясына озгортуулор жана толуктоолор киргизилген.
Кыргыз Республикасынын башкаруунун парламенттин формасынан президенттик башкарууга откон. Президентке кенири укуктар берилген. Президент окмоттун структурасын аныктап, Эл окулдор жыйынынын макулдугу менен Республикасынын Премьер-министрин дайындаган, ал эми Премьер-министрдин сунушу боюнча окмоттун мучолорун, Эл окулдор жыйынынын макулдугу менен Кыргызстандын Башкы Прокурорун, Республиканын Улуттук Банкынын Башкармасынын торагасын дайындаган жана башка Жогорку Кенеш кош палатадан: туруктуу иштоочу 35 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу жана сессиялык жол менен иштоочу 70 депутаттан турган Эл окулдор жыйынынан турган. Эки палатанын депутаттары тен 5 жылга шайланышкан. Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргыз Республиканын Конституциясында белгиленген тартипте Республиканын Конституциясына озгортуулорду, толуктоолорду киргизген, олконун эл аралык келишимдерин ратификациялаган, аскер наамдарын, дипломатиялык даражаларды жана башка атайын наамдарды белгилеп, шайлоо жана реформаларды откоруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын торагасы менен мучолорунун учтон бирин шайлаган ж. б. Эл окулдор жыйыны Республиканын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргызстандын Конституциясына озгортуулорду жана толуктоолорду киргизген. Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзамдарды Конституцияда белгиленген моонотто талкуулап, республикалык бюджетти жана анын аткарылышы боюнча отчетту бекиткен, олконун чегарасын озгорто алган, Президенттин шайлоо моонотун белгилеген. Кыргыз Республиканын Премьер-министрин дайындоого, Республиканын Башкы Прокурорун, Улуттук Банктын Башкармасынын торагасын дайындоого макулдук берген, озгочо абалды киргизуу, согуш абалын жарыялоо сыяктуу Президенттин указын бекиткен же алып салган, бюджеттин аткарылышы боюнча окмоттун отчетун уккан ж. б. Эгемендуулуктун шартында республиканын окмоту аткаруучу бийлик катары олкодогу бардык социалдык-экономикалык, финансылык ж. б. маселелерди аткарылышын уюштурат, алардын аткарылышын камсыз кылат. 1993-жылы альтернативалык негизде Кыргыз Республиканын Премьер-министрлигине А. Жумагулов шайланган. 1995-жылы 31-мартта Жогорку Кенеш А. Жумагуловду экинчи жолу Премьер-министрликке (1988-жылы чейин иштеген) шайлаган.
Кыргыз окмотун бир жылча, академик К. Жумалиев жетектеп, анын демилгеси менен республиканын социалдык-экономикалык турмушун ондоо учун «Аракет» программасы иштелип чыккан. Анын ордуна Ж. Ибраимов шайланып, эки айча иштегенден кийин катуу оорудан каза болгон. 1999-жылы апрель айынан 2000-жылдын декабрына чейин окмотту А. Муралиев жетектеген. Андан кийин Премьер-министрлик кызматта К. Бакиев, 2002-жылдан Н. Танаев иштейт. Азыркы мезгилде Кыргызстанда жергиликтуу оз алдынча башкарууну уюштурууга озгочо конул бурулууда. Ар бир облуста облустук админ., райондордо жана шаарларда акимчилик, айыл-кыштактарда айыл окмоттору тузулгон. Мындан тышкары облустарда, райондордо жана шаарларда жергиликтуу кенештер иш алып барууда. Айыл окмоту аткаруу-тескоо органы катарында озунун аймагын социалдык-экономикалык жактан онуктуруунун программасын, жергиликтуу бюджетти тузот жана анын аткарылышын уюштурат, айылдык экономика башкарат, калкты социалдык жактан тейлоо, айлана-чойрону коргоо ж. б. иштерди жонго салат.
2001-жылы 16-декабрда Кыргыз Республиканын Айыл окмотторуно шайлоолор болуп, айыл башчылыгына демилгелуу адамдар кобуроок шайланды. Рынок экономикасына отуу мезгилинде мамлекеттик башкаруу аппаратынын коломун азайтып, анын сапатын жакшыртууга озгочо конул бурулган. Кыргызстандын Президентинин 1996-жылы 2-декабрындагы «Аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын курамын озгортуу жана 2000-жылы 28-декабрындагы «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын озгортуу жонундогу» Указдарына ылайык, министрликтер менен административдик мекемелердин саны бир кыйлага кыскартылган. 2003-жылы 2-февралда «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаны редакциясы жонундо» мыйзам долбоору боюнча референдум (буткул элдик добуш беруу) откорулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясын реформалоо боюнча жарым жылча жургузулгон жалпы элдик талкуулоонун жыйынтыгы чыгарылып, олкобуздун негизги мыйзамынын жаны редакциясы кабыл алынды. Башкаруу системасына курамы 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент киргизилди, аткаруу бийлигинин жана парламенттин ыйгарым укуктары кенейтилди, сот системасы озгорду ж. б. Реформа боюнча Кыргыз Республикасы президенттик башкаруудан президенттик-парламенттик башкаруу системасына отту. Бул коомдун саясий системасын андан ары демократиялаштыруу ишинде маанилуу кадам болуп калды. Саясый партиялар жана уюмдар Кайра куруу жылдарында Кыргызстанда бир катар жаны саясий партиялар, кесиптик союздар жана коомдук бирикмелер пайда болгон.
Саясий партиялар мамлекеттик иштерге томонку формада катыша алат: Жогорку Кенештин эки палатасына, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарына шайлоо учун талапкерлерди корсотот, бийликтин окулчулуктуу органдарында фракция тузо алат. Конституция боюнча Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана партиялык институттардын биригип кетишине, ошондой эло мамлекеттик иштерди партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирууго, мамлекеттик мекеме, уюмдарда партиялык уюм тузууго тыюу салынат. Мамлекеттик кызматтагылар партиялык ишти озунун кызмат ишине байланыштырбай жургузуу аркылуу, аскер, ички иштер, улуттук коопсуздук, юстиция, прокуратура жана сот органдарынын кызматкерлеринин партияга мучо болушуна, кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына, диний негизде саясий партияларды тузууго жол берилбейт, диний уюмдар саясий максаттарды жана багыттарды коздобошу керек, диний уюмдардын жана дин кызматындагылардын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишине, башка мамлекеттердин саясий партияларынын Кыргызстанда иштешине тыюу салынат. Учурда Кыргыз Республикасында Юстиция министрлигинен каттоодон откон 40тан ашуун партия оз алдынча саясий иштерди жургузуудо. Анын ичинде копчулукко белгилуу Кыргызстан коммунисттер партиясы, «Эркин Кыргызстан» прогрессчил-демократиялык партиясы, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы, «Ата-Мекен» социалисттик партиясы, Кыргызстандын республикалык элдик партиясы, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы, «Ар-Намыс» партиясы, Эл (Бей-бечаралар) партиясы, Кыргызстан биримдик партиясы, Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы, Афган согушунун ардагерлеринин ж. б. майда жакжалдарга катышуучуларынын саясий партиясы, «Менин олком» аракет партиясы ж. б. кирет. Аталган партиялар сан жагынан арбын эмес.
Копчулугунун мучолорунун саны эки-уч минден ашпайт. Жогорку Кенешке шайлоолор 1999-жылы 17-октябрында шайлоолор жонундогу Кодекске ылайык, Кыргызстанда шаардык, шаарчалык жана айылдык кенештерге шайлоолор болуп отту. Мында 1980 шайлоо округдары тузулуп, жергиликтуу кенештерге депутаттыкка 11,6 мин талапкер катталып, 6771 депутаттык орунга ат салышышты. Бишкек шаарында 1 орунга орто эсеп менен 5 талапкер катталган. Натыйжада, шайлоочулар бир нече талапкердин ичинен айыл болобу, шаар болобу ошол жердин, ошол элдин маселесин чече ала турган, ишенимдуу адамды депутаттыкка шайлоого мумкунчулук алышты. 2000-жылы 20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоолор откорулгон. Шайлоо Кодиксине ылайык, Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл окулдор жыйынын депутаттарын шайлоо боюнча 45 бир мандаттуу шайлоо округдары жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15 депутатын партиялык тизме менен шайлоолор боюнча бирдиктуу республикалык шайлоо округу тузулду.
Шайлоолор альтернативалуу болуп, бир мандаттуу шайлоо округдарынан 90 депутаттык орунга 601 талапкер корсотулду. Добуш беруу бюллетенине 414 талапкер киргизилди. Бирдиктуу республикалык округ боюнча Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынына 15 саясий партия оздорунун депутаттыкка талапкерлерин корсотушту. Добуш берууго укугу бар 2,500 минден ашуун шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгы катышышты. Бирдиктуу республикалык шайлоо округу боюнча Кыргызстан коммунисттер партиясы - 5, Демократиялык кучтор союзу - 4, Кыргызстан аялдар демократиялык партиясы - 2, Афганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка локалдык согуштардын катышуучуларынын саясий партиясы - 2 мандатты, «Ата Мекен» социалисттик партиясы - 1, «Менин олком» иш-аракет партиясы - 1 мандатты алышты. Бул саясий партиялардын коомдук турмуштагы ролунун которулушуно чон оболго болгон.
2000-жылы Жогорку Кенешке депутаттарды шайлоонун журушуно саясий партиялардын, блоктордун, коомдук жана окмоттук эмес уюмдардын 5 миндей байкоочулары, ошондой эле 250 эл аралык байкоочулар козомол жургузушту. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2000-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болуп откон. Бул шайлоого Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна А. Акаев, Т. Акунов, А. Атамбаев, Турсунбай Бакир уулу жана М. Эшимканов талапкер болушту. Бул талапкерлер ар турлуу саясий коз караштагы, позициядагы адамдар эле. Демократия принциптеринин негизинде откон шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышкан шайлоочулардын 74,5 пайызы А. Акаев учун добуш беришип, А. Акаев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланган.