Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Чаян мырзалар

Сыртынан Чаян-мырзалар көп учурда жоош, тең салмактуу жана бир калыптуу адамдын таасирин калырат. Булар өз оюнда, сөзүндө жана иш аракеттеринде өзүн башкара билет. Бирок булар сыртынан эле момун көрүнүп, ичинде болсо, тескерисинче, өз сезимдеринде жалындап күйүп жаткан болот. Булар колу тийгендин баарына сезимталдуу болот: сүйүүдө, достукта, жумушта, саясатта, хоббиде, балдарды тарбиялоодо, биртуугандары менен баарлашууда. Чаян-мырзаларды эмне гана болбосун көңүл кош калтырбайт.



Чаяндар эч качан нейтралдуу таасир калтырбайт жана кайда гана болбосун, эч качан көлөөкөдө калбайт. Булар бир заматта жагымдуу жана шайыр болуп, ошол заматта эле бузулган жана кызуу кандуу адамга айланат. Мындай адамдардын салкын жооштугунун аркасында жанжалдуу кыян-кески жана жанжалдуу кызуу кандуу мүнөз турат. Булар көпкө чейин чыдамдуу жана токтоо болушу мүмкүн, бирок момундугунун маскасы бетинен учуп кетээри менен, булар ичинен жарылып, жарылганда да, ушунча катуу жарылып, айланасындагылардын баарысын жарадар кылат.



Чаяндар эки түрдүү натура. Булар жүзүндө эки маска гана кийип жүрбөй, булардын иш-аракеттерин акыл-эс эле башкара бербестен, кызуу кандуулук да башкарат. Бул зодиак белгисинде төрөлгөн адамдар жөн эле акылдуу болбостон, булар укмуштай гениалдуу болушат. Жашоо сырларына кызыгуусунан чарчабай, тиричиликтин уламдан улам жаңы табышмактарын чечүүгө аракеттенип, дайым жашоо жоопторуна абдан жакындап, философ болуп, ой жүгүртөт.



Темпераменттүү жана сезимталдуу Чаяндар адамдардын жүрөгүн жаралап салуусу мүмкүн. Жана мындай учурда булар дайыма өзүнүн жеңишине кумарданат, анткени кандай гана болбосун, дайыма жеңүүчү болууга көнгөн. Эгер булар жеңилип же бир нерседен көнүлү калса, анда булардын ички дүйнөсүндө бир нерсе өлүмгө дуушар болот.



Чаяндарга айланасындагылар өзү жөнүндө эмне деп ойлоп жатканы таптакыр маанисиз. Өзү ойлоп тапкан, өзүнүн ички мыйзамдары жана эрежелери менен жашап, булар дайыма өз оюна таянып чечим кабыл алат, жана досторунун, биртуугандарынын ой-пикири бул жерде кереги жок. Булар өзүлөрүнө өзүлөрү сыноочу. Өзүлөрүнө өзүлөрү сыналуучу. Башкалар башталгыч сызыкта туруп, ордунан жылууга аракет жасай электе, Чаяндар туш-тарабын карабай, алдыга гана кадам шилтеп, чечкиндүү иш-аракеттерди жасоого дайым даяр. Булар сейрек башкаларга суктанып жана өзүлөрүнө сейрек боору оруйт. Оорчулуктарды оңой эле басып өтүп, эгер олуттуу түйшүктөр кезиксе, аларды да жеңип чыгып, кадыр-баркы менен алдыга умтула берет.



Чаяндар өз сезимдерин айланасындагылардын көзүнчө сейрек көрсөтүп, бирок өз пассиясы менен жалгыз калганда булар эмнени сезип, эмнени ойлоп жатканын төкпөй-чачпай айтат. Булардын сүйүүсү көп учурда буларды жаралап, жүрөгүндө тактарды калтырат.



Чаян-мырзалар өз жагына болгон мактоолорду жаман көрүп, башкаларды да мактаганды жактырбай, чынчыл жана түз мүнөздүү болууга аракет кылат.



Ал эми кызганыч жаатына кайрылсак, мындай абалдагы мырзалардан жөн эле корпостон, кооптону керек. Бирок, булар өзүнө болгон кызганычка чыдабай, мындайды терс кабыл алат. Булар аярлуу көз-жаштарга жана алардын тарабына болгон кыйкымдарга муздак кандуу, салкын мүнөздө болот.



Чаяндардын үй-бүлөөлүк жашоосу жөнүндө айтып өтсөк, булар чыныгы талаптуу атанын ролунда болот. Булар өз балдарын сүйүп, аларды корулайт, бирок, ошону менен бирге бекем тартипте тарбиялап, өзү менен өзү болууга үйрөтөт. Булар эч качан аялын башына чыгарып, алардын үстүнөн башкарууга жол бербейт. Мындай мырзалар үй-бүлөөдөгү аялдын жана өзүнүн ролун тактык менен чектеп, аялына уруксаттыктын чегинен чыгууга мүмкүндүк бербейт. Бирок эгер, булар өзүнө түшүнүүчүлүктү сезсе, анда булар ошол эле тыйын менен жооп берет, назик жана көңүл кошсуз, ишенимдүү сүйүүчү болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 3092, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо