Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жана тараза

Баш барак | Гороскоп | Чаян жана тараза

Бул эки белгинин өкүлдөрү мүнөздөрү жагынан ушунча ар башка, жана ушунча окшош. Таразалардын сезип-туюуусу абдан өнүккөн, ушунусу менен башка зодиак белгисиндегилер менен мамиле түзүүдө жакшы колдонот. Булар өзүлөрүнүн ички үнүнө абдан ишенет, кээде бул ишеничи аша чаап кетет, ошондуктан булардын сезип-туюуусу кээде жакшы иштебей калат. Бирок, бир жагынан, булардын табияттан алган жөндөмү башка зодиак белгисиндегилер үстүндө башкаруучулук мүмкүндүгүн берет, өзгөчө Чаяндардын үстүнөн башкаруу мүмкүндүгү жакшы болот.



Таразалар мамиледе абдан романтик болушуп, "Гүл-момпосуй мезгилин" аябай жакшы көрүшөт - башкача айтканда: гүл берүү, кезигүү, ресторан дегендей. Чаяндар болсо прагматик болушат, ошондуктан мындай убакыт өткөрүүнү барктабайт, а бул болсо, Таразалардын кандайдыр бир түшүнбөстүгүнө алып келет. Ошол эле убакта бул зодиак белгилери жетиштүү ынтымактуу болуп, мамилелеринде компромисске келишип, биримдикти сакташат.



Табигый интуициага ээ болуп, башкаруу арсеналын толугу менен колдонуп, Таразаларга ачык келген Чаян зодиак белгисин башкарууга оңой. Качан мунун баары абдан тереңдеп, өз өнөктөшү тарабынан болгон кысымдарды Чяандар сезе баштаганда, конфликтер чыгышы мүмкүн, бирок, бул конфликт көпкө созулбай, ысык элдешүү менен бүтөт. Андан соң, экинчи конклфиктке чейин узак убакытка созулуучу ынтымак өкүм сүрөт, бул ынтымак Таразалардын кайра башкарууну өз колуна алуу каалоосу пайда болгонго чейин болот.



Чаяндар өз натурасы жагынан ачык жана ак ниет адам болуп, кээде бул сезими ашыкча болгондуктан, көп учурда мамилелердин түшүнбөстүктөрүнө жөрөлгө болот. Чаяндар алардын оюн Таразалар угуп турганды жана анын ою менен эсептешип турганды абдан жакшы көрүшөт. Жана тескерисинче, эгер Таразалар кадырлабай жана көңүл коштук мамиле жасаса, же Чаяндардын кадыр-баркына шек келтирсе - анда Чаяндар аябай тызылдата чагып алышат.



Чаяндар себеби менен, же себеби жок эле талашканды жакшы көрөт - ошондуктан ынтымактуу жана романтикалуу Тараза белгисине Чаяндар менен тил табышуу оор болот.



Чаяндар абдан теңтушчул адам болот. Досторунун арасында алар абдан көп нерселерди унутуп коюууга мүмкүн. Роматикалык Таразаларды бул кызыктырбайт, анткени алар өзүн ортого коюууга ийимдүү. Ушуга себептүү, бул жаатта бир канча сүрүлүүлөр пайда болуп, жана бул сүрүлүүлөр бир нече күн созулушу мүмкүн. Ошондуктан Чаяндарга башынан эле Таразалардын өзүн эркин сезүүсүнө жана айланасындагыларды башкарууга умтулаарына баш ийүү зарыл.



Ошентип, биз карама-каршылыктардын күрөшүнө ээ болобуз, жана булардын ар бири, бирине-бири үстөмдүк кылууга умтулат. Эгер мындай биримдик болсо, анда дайыма бири-биринин ортосунда күрөш журуп турат. Бирок биргелешкен аракеттенүүлөр менен, мындай абал туп-туура тескери жагына бурулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1127, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо