Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана чаян

Оор, перспективдүү биримдик, мындай биримдикте жакшы нерселер абдан көп, жаман нерселер андан да көп. Бул тендеш алмашуу, Чаяндар сезимдерди издеп, ал сезимдерди өз өнөктөшүнөн табат, Жаачы болсо Чаяндардан абдан көп болгон ички эркиндикти алат.



Жаачылар дайыма жана бардык нерселерде ачык, жайдары жана түз мүнөздүү, Чаяндар болсо кээде гана ачык болуп, бирок сыртынан гана жайдары жана түз мүнөздүү.



Булардын мүнөздөрүнүн жалпы жактары да бар: суроолорго жооп алуу талабы. Жаачылар жон эле кызыкчыл, ал эми Чаян болсо табышмактуунун жана сырдуулуктун бардыгын ачып, айкын кылууга кызуу кандуу талабын сезип турат.



Жаачылар жеңилгенди билип, сергектигин жана эмкисинде сөзсүз жеңишке жетүү үмүтүн жоготпойт, ал эми Чаян болсо таптакыр жеңилип калуу абалында боло албайт.



Чаяндар туруктуу, чебер жана ачык, ал эми Жаачылар туруксуз, ачык жана экспансивдүү. Жаачыларды таарынтып алуу абдан оор, ал эми Чаяндарды болсо таарынтуу абдан оңой. Эгер Жаачылар ойлонуп туруп сүйлөгөндү үйрөнсө, Чаяндардан артык досту эч жактан таба албайт. Эгер Жаачылар Чаяндардын жанында өзүн-өзү кармаганды үйрөнө албаса, булардын никесин сөзсүз түрдө кыйроо күтөт.



Никени сактап калуу үчүн назиктиктен жана сыйлуулуктан кичине көбүрөөк керек болот, ошондо бул экөөнүн ортосундагы маселелерди эки тарапка тең минималдуу жоготуулар менен тууралоого шарт түзүлөт.



Жаачылар байланыштыкты, жоопкерчилик жана милдет сезимдеринин себеби аркылуу жактыра бербейт, бирок өз түгөйүнө ачык жана чыныгы сүйүүнү сезет. Чаяндар Жаачылардын дарегине болгон шектенүүнү жана күнөөлөнү токтотууга аракет жасоо зарыл. Жаачылар жөн эле эркиндикти жана окуяларды каалайт. Өз жагынан Жаачылар Чаяндардын авантюралык өспүрүм натурасын түшүнө билүүнү үйрөнүүсү зарыл.



Булардын физикалык жакындыкка болгон көз караштары да абдан айырмаланып турат, бирок айкалышууга толук мүмкүндүктөрү бар. Чаяндар сөз сүйлөбөй, олуттуу, ойду бир жерге жыйнап алып иш-аракет жасаганды жактырат, Жаачылар болсо тошокто да, унчукпагандын ордуна, каалаган убакта, каалаганын айтып салат.



Акча маселесин башынан эле тууралап алуу жакшы болот. Жаачылар өнөктөшүнүн жеке карьера менен алектенгенине сейрек гана каршы болот. Чаяндар үнөмдөөгө ийимдүү болуп, Жаачылар кең пейилдикке тартылып турат, дал ошондуктан буларга өз-өзүнчө бюджетке ээ болуу ыңгайлуу, же бул маселе боюнча иш алып барууну толук бойдон Чаяндарга өткөрүп беруу керек.



Негизи, алдын ала сүйлөшүп алуулар мындай никени бекемдеп, биргелешкен ийгиликтер булардын экөөнө тең жаңы күч-кубат тартуулайт. Эгоизм жана меркантилдүү кызыгуулар, тескерсинче, никени бузат.



Кыскасы, эгер силер жаркын жана толук жашоону кааласанар, эгер жан-дүйнөлүк тынчтыкты баалабасаңар жана экстремалдуу кырдаалдарды жактырсанар анда - аракет кылып көргүлө...



Бул мамилелерде ишенич менен алдамчылык, материалдык көз карандуулук жана мүдөөлүк умтулуулар, өз ара тартылуулар жана түртүлүүлөр айкалышат. Түгөйлөрдүн мүдөөлүк өнүгүүсү үчүн жагымдуу айкалыш.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1766, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо