Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бийкеч жана бийкеч

Бул түгөйлөрдүн көптөгөн окшоштуктары бар, кээде бул окшоштуктар абдан көп болуп кетет. Маани берүүлөр, эстүүлүктөр, кургактыктар, ишмердүүлүктөр жана критикалар көп болуп, сезимдер аз болот.



Бул жерде сүйүү жөнүндө айтуу кыйын, ага караганда, тактык жана муктаждык бар, бири-биринин чек араларын бузбай, ар бири өз иши менен алек. Маңыздын жана бөксөлүктөрдүн толукталышы бул - бала-чака, биргелешкен мүлк жана курбу-курдаштар болот.



Гармониялык өз ара түшүнүүлөр мындай биримдикте жок болбот, бирок ишенимсиздик жана ажырашуулар да болбойт. Сүйүү, жумуш жана башка булардын жашоо тиричилиги, кагазга жазылгандай болуп, статьяларга, параграфтарга жана өзүнчө пункттарга бөлүнүп, келишим реестрына киргизилген, жана бул тактыктарды эки тарап тең сакташат.



Бирок, акыл-эстин бийиктиги деп айтууга мүмкүн болбогон, бир жагымсыз адат бар, бул - Бийкечтер жан дүйнөсүнүн эң терең жагына катып жүргөн санаалар жана кара түстөгү ойлор, жана бул маселени Бийкечтер чечүүгө аракет да кылбайт. Мындай биримдикте бул адат табыгый кырсык масштабына чейин чоңоюшу мүмкүн.



Ар качан Бийкечтер абдан акыл-эстүү жана сезими жоктой көрүнөт, бирок булар сүйүктүү адамынын анын колун кармашын күтөт. Буларга белгилер менен түшүндүрүү оңой, анткени Бийкечтер көз караш тилин жакшы түшүнбөйт. Ал эми сексуалдык гармонияга болгон мүмкүндүк жөнүндө айта кетсек, бул экөө бири-бирин эң жакшы түшүнөт. Булар болгон күч-кубаты менен уятсыздыктан, адепсиздиктен жана уяттуу сөздөрдөн качып турушат. Булардын сүйүүсү айрыкча бир түстүүгө караганда назик, алоолонгон жана ырайымсыз болот. Бийиктикке жетүүгө Бийкечтердин консервативдүүлүгү жана салкын мүнөздүүлүгү, ошондой эле майда-чүйдөлөргө өтө эле кыйкымчылдыгы тоскоолдук жаратат.



А бирок жеке ишмердик жаатында бул майдачылдык материалдык абалдын бекемделишине жана социалдык ийгиликке алып келиши мүмкүн. Бул түгөйлөр биргелешип иш жүргүзгөнгө жана банктагы жалпы эсеп топтоого жаралышкан деп айтсак жаңылышпайбыз.



Эки Бийкеч ортосундагы никенин ийгилиги, өнөктөшүнүн кемчиликтерине карабастан, бири-биринин терс жактарын канчалык деңгээлде оңдоп жана өнөктөшүнүн жакшы жактарын баалай билүүдөн көз каранды болот. Бул экөөнүн ушунча окшош жактары көп, мисалы; табыгый эске алуучулук, акыл-эс, асылдуулук жана тазалык, сейрек кездешкен угуу таланты, жана сейректен кем эмес болгон кумардануу менен иштөө таланты. Бири-бириңерди кыйкымдабагыла, өзүңөрдү жана өз өнөктөшүңөрдү сүйгүлө. Анткени, күндөлүк тиричиликте да Бийкечтерге, башка зодиак белгисинин өкүлдөрүнө караганда, өз өнөктөшүнүн талаптарын түшүнүү оңой.



Эки Бийкеч - достор, жеке ишмердикте - шериктештер, бир туугандар же сүйүүчүлөр көп учурда сөздөргө көп убакыт коротушат. Албетте, акыл-ойдун так түшүндүрүлүшү оозеки, жаазуу жана басылма сөздө абдан маанилүү. Бирок, форманы маани-маңыздан өйдө койбогонго аракет кылыңыздар, чыдамдуулуктан өйдө эмес, антени, түшүнбөстүк туура эмес формадан гана пайда болбойт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1064, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо