Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бийкеч жана балыктар

Баш барак | Гороскоп | Бийкеч жана балыктар

Бийкечтердин Балыктар менен болгон мамилеси тымызын түрдө өнүгөт. Булардын, экөө тең бири-бирин толуктап турууга жаралган, бирок муну түшүнүү буларга кээде абдан оор болот. Мындай биримдикте Бийкечерге чыдамдуу болуу зарыл, анткени булар үй-бүлөө коломтосун сактоо үчүн жашашат, жана көп учурда Балыктардын жалкоолугун жана реалдуу фантазияларын түшүнүү түйшүктү жаратат. Мындай учурда, бул Бийкечтердин ишениминде жана милдетинде кармалып туруучу үй-бүлөөлүк бакытты бузуп коюуусу мүмкүн. Бирок, Балыктарга мындай кыйырдыктарга баруунун кереги жок, антпесе, Бийкечтер тарабынан жемелөөнүн дайыма болуп туруусу, булардын жашоосун азапка айландырат.



Ал эми бул биримдиктин жакшы жактарын айтсак, өз ара бири-бирин сыйлап жана бири-бирин угуу каалоолору болсо, булар толук баарлашуу жыргалдыгын сезишип, өнөктөшүнүн ички дүйнөсүнүн сулуулугун таанып билет. Мамилелеринде кандайдыр бир жакшынакай бир өзгөчөлүк пайда болот. Анткени, Балыктар бул - көп учурда сезимдерине ишенген адам болуп, көп убакта өзүнүн, өзүнчө дүйнөсүнө чөмүлгөн болот. Балыктардын аша чапкан сезимталдуулугу өзүнө түйшүктүү адамдарды тартат, жана муну өзүлөрү түшүнбөй, бул түйшүктөрдүн чордонунда болуп калат. Булардын даанышман кеңештери ар кандай маселелерди чечүүдө жардамы чоң. Бийкечтерге өзүнүн Балыктарга болгон сезимдерин дайыма айтып туруу керек, анткени бул - Балыктар үчүн абадай зарыл болот. Ошондой эле сентименталдуу кинолорду Балыктар менен чогу көрүп, чогу санаа тартып жана талкулоо зарыл. Буларды дайыма кубаттап турбаса, Балыктар өз өнөктөшүн өзүнүн меланхолиялык маанайы менен жадатып, а бул, өз учурунда депрессияга алыпкелиши мүмкүн. Балыктар реалдуулуктан өзүн тосмолоп, ал эми Бийкечтер болсо реалдуулукту өзүнө тууралаш керек болот, антпесе Бийкечтер жашай албайт. Балыктарга реалдуу дүйнөдө жашаганга үйрөнүү зарыл, Бийкечтерге болсо, реалдуулук менен иллюзияны аралаштырууну үйрөнүп алуу аблзель. Булар ушунун баарына бири-бирин үйрөтүүгө күч-кубаты жетет.



Бул белгидегилердин биримдиги булардан чексиз чыдамдуулукту талап кылат, андай болбосо булардын аракеттери текке кетет. Булардын сырдуу жакшы жактары кемчиликтерине карганда тараза ташында оор салмактуу болот. Булардын ар бири өнөктөшүнүн колунан келгиз сапаттарга ээ, жана бул сапаттарды жакшы тартулоого аракет кылуу зарыл. Балыктардын кабыл алуусу жана кабыл алынганды Бийкечтер тарабынан ырааттулук менен анализдөөсү, буларга көптөгөн мүдөөлүк жана физикалык макулдуктун жаңы дүйнөсүн ачат. Булардын мамилелеринде сүйүү жана достук деген түшүнүк бири-биринен ажырагыс түшүнүк болуп, шериктештик жана жөлөк-таяйоолор болуп, диктатурага орун калбайт. Булардын кызыгуулары жана умтулуулары никедеги жоопкерчиликтер менен кармалат.



Бийкечтер эмгекчил, Балыктар болсо жумшак жана мамилечил, булардын биримдиги бактылуу болот десек жанылышпайбыз. Коломто булар үчүн - ыйык жер, жана аны булардын эч кимиси залакасын тийгизүүгө мүмкүндүк бербейт. Балыктар ашыкча боорукер келип, Бийкечтер болсо коп күч-кубат сарптап тапкандарын, Балыктардын башкаларга берип салбасы үчүн камкордугун көрөт. Булар бири-биринин сыймыгы болот. Финансы жана материалдык жаатында гана булардын күрөшү өмүр-бою болот, бирок бул тоскоолдук эмес, анткени, бул шериктештиктин маани-маңызын түшүнүүгө абдан пайдалуу. Бийкечтер никеге туруктуу мамилелерди, ал эми Балыктар жылуулукту жана сүйүүнү алып келет. Эгер бирөөсү сүйүүнү кааласа, ал эми экинчиси өз жашоосун тартипке салууну кааласа, булар бирөөсү экинчиси үчүн жаралган болот, жана буларга бир тамчы ишенич жана океандай сүйүү гана керек болот, бирок бул океандай сүйүү Бийкечтерди үркүтүп жибербей, жөн эле өмүр бою урматтоо жетет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 889, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо