Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тараза жана бийкеч

Баш барак | Гороскоп | Тараза жана бийкеч

Мындай никелешүү көп учурда жолдуу болбой, ажырашууга алып келет. Мындай ажырашуулар Бийкечтердин өз өнөктөшүнүн дарегине болгон конфликтеринен жана курч критикасынан улам көп болот. Ошондой эле бул жерде экөөнүн тең эгоизмдиги чоң ролду ойнойт.



Бийкечтер өз сезимдерин иш-аракетке айландырат. Жумуш аркылуу гана булар өзүлөрүнүн ички тең салмактуулугун сактай алат, а муну Таразалар таптакыр түшүнбөйт. Тынчсыздануунун эмне кереги бар эле?



Таразалар кумардануу менен өз сулуулугу жана жайлуугулу жөнүндө кам көрөт. Эгер бул жаатта Таразалар ийгиликке жетишсе, анда эч нерсе жасабай туруп, Бийкечтер эмгектенүү жана кадам менен умтулган гармонияга оңой жетет. Адилетсизби? Буга себептүү Бийкечтер Таразаларды майрамчылдыкка күнөөлөйт, Таразалар болсо Бийкечтерди ойлонбогон иш-аракеттерди жасаганы үчүн айыптайт. Булар, өзүлөрү жашаган дүйнөнү, ар башка көз караш менен кабыл алып, бирок чындыкты баамдоолору окшош. Никелешүүнүн эң жакшы варианты, шериктештик-нике болот, биргелешкен, иш жаатындагы шериктештик, бирок иш-тармагы экөө тең кызыккан тармак болуусу зарыл, андай болбосо бири-бирин башкаруу менен аяктайт.



Типтүү Бийкечтер адаттагыдай, өз шериктешинин жанында гүлдөй баштайт. Таразалар болсо жакшынакай логикага ээ болуп, эң сонун жана кириптер оптимизге ээ. Бир калыптагы мамилелер, сезимдердин дүрбөлөңүсүз, индивидумдардын тең салмактуулугу жана бир максаттын тыкаттык гармониясы. Таразалар, Бийкечтер сыяктуу эле, бардыгы гармонияда жана адилеттүү болуусун жакшы көрүшөт. Бийкечтер өз шериктешинен кемчиликке караганда, нарктуу жактарын табат. Таразалар болсо Бийкечтерди жашоого оңой мамиле жасоону жана жашоого жөнөкөй ыракаттануунун оор искусствосуна үйрөтөт.



Таразалар Бийкечтердин ишмердүүлүгүн колдоп, а тугул аларга кичине суктанат. Ал эми Бийкечтерге Таразалардын адилеттүүлүгү жагат, бирок алардын чечим кабыл ала албастыгы жинин келтирет. Көп убакытка "оң" жана "солго" таразалоону Бийкечтер алтынга тете убакыттын бекер коротулушу деп ойлойт. Ошондой эле Бийкечтер Таразаларды жалкоого айыпташы мүмкүн, а бул адилетсиз, анткени тынч убактан кийин дайыма күч кубаттын жана энтузиазмдын агылышы болот. Эгер адам берилип алып эмгектенип жана жумуш менен шериктеши ортосунда тең салмактуулукту сактап келсе, эс алуусу да зарыл.



Табиятынан назик жана сылык Бийкечтер, өз арсеналында сөөккө жетүүчү сөздөр менен толук куралданган. Жана мындай куралдар жеңил, сулуу жана адилеттүү Таразаларга чоң кооптонууну жаратып, курч ийне сыяктуу болот. Тарс! - жана жаркын, кырына чейин бакытка толгон аба шариги, жерде калган резина тилкесине айланат.



Мындай түгөйдө дене окшоштуктарынан көп нерсе көз каранды. Анткени булардын интимдик жашоосу гана эки тараптуу кубанычтарды алып келип, мамилелер андан ары уланышы мүмкүн.



Бийкечтер менен Таразаларды үй-жай, материалдык кам көрүүлөр жана социалдык ийгиликке умтулуулар бирдиктүү болууга алып келет. Бирок көп учурда кам көрүүлөр чынжырга айланып, жашоодогу ийгиликтерди ар бири ар башка көз караш менен көрөт. Таразалар жаңы таасирлерди башка жактан издеп, Бийкечтер - жини келип, ооруп калышы мүмкүн.



А бирок, Таразалардын жана Бийкечтердин табиятында жалпысынан окшоштуктар көп. Мисалы, Таразалардын эң сонун тең салмактуулугу жана Бийкечтердин тыкаттыка умулуусу кандай окшош!

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1112, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо