Театр сахнасына тартылган көшөгө ачылганда силерге гүлдөр, бак-дарак, кичинекей үй, алыстан мунарыктаган тоо чокулары, көпкөк асман, каалгыган булуттар көрүнөт. Албетте, бул чындык эмес, болгону декорация. Сахнанын түпкүрүндөгү одуракай кендир кездемеге май боёк менен тартылган зор сүрөттөр (задник) деп аталат. Тор менен сахнанын алдыңкы чети - рамканын ортосуна асма декорация - падугалар жайгашкан. Алар фанерадан жасалып, бак-дарак, аска, үйдүн дубалдарын элестетет. Сахнада тепкичи, эшик-терезеси, балкондору бар чыныгы эле үй курулушу да мүмкүн.
Бул архитектуралык декорация деп аталат. Абдан татаал жана зор декорацияларды да спектаклдин көрүнүштөрүнүн аралыгындагы бир нече минутада эле алмаштыра коюуга болот. Тор менен падуга жогору көтөрүлөт же төмөн түшүрүлөт, архитектуралык декорация сахнанын бир капталына жылдырылып, алардын ордуна жаңы декорациялар келтирилет. Мунун бардыгын атайын механизмдер аткарат. Силер сахнадан айдын жарыгын, күндүн чыкканын, чагылгандын жаркылдаганын, жөнөкөй чырактын бүлбүлдөгөн шооласын көрө аласыңар. Бул сыяктуу көрүнүштөр жарык кылуучу көптөгөн аспаптардын жардамы менен ишке ашырылат.
Театр илгери эле пайда болгон. Бирок ар мезгилдеги ар кандай элдин сахналары да түрдүүчө жасалгаланган. Эч кандай декорациясыз, көшөгөсүз, атайын жарыгы жок сахналар да болгон. Бул учурда артисттер өз абалын - чытырман токойдо, сөөлөттүү сарайда жүргөндүгүн же толкунга термелген кайыкта отургандыгын аткаруучулугу менен гана көрсөтө алышат, кээде окуя өтчү жерди кандайдыр бир нерсе аркылуу шарттуу түрдө түшүндүрүү ыкмасы да колдонулган. Байыркы айрым театрлардын туруктуу декорациялары болгон. Ал кандай пьеса коюлса да, өзгөрбөй тура берген. Андан кийин алмашылма декорациялар жана татаал театр машиналары пайда болгон. Алар көрүүчүлөрдүн көз алдында эле оюн коюлуп жаткан жерди өзгөртүп, алачыкты көркөм сарайга, чөлдү гүлдөгөн бакчага айландырган, ал түгүл катуу бороонду, жер титирөөнү сүрөттөп көрсөтө алган. Азыркы театрлар сахнаны жасалгалоонун эң көркөм жана таасирдүү ыкмаларын пайдаланат.
Ал ыкмалардын театрдын өсүшүнүн узак жолунда сүрөтчү-декораторлор жана театр машинисттери ойлоп табышкан. Кээде артисттер сахнада Шекспир театрындагыдай декорациясыз эле оюн көрсөтүшөт.