Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алоэ гулунун пайдасы, касиеттери

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Алоэ гулунун пайдасы, касиеттери

Алоэ вера — таң калыштуу өсүмдүктөрдүн бири: аны медицинада, косметологияда адамзаты жүз жылдан кем эмес колдонуп келүүдө. Алоэ веранын жалбырактары 99 пайыз суудан турат, өзүнө болсо витаминдерди, минералдарды, амин кычкылдарын, белок молекулаларын жана башка заттарды камтып, териге жакшы кам көрөт. Алоэнин пайдасы тууралуу кененирээк айтып берели.

Алоэ веранын 5 пайдалуу касиеттери

Алоэнин формалдуу эмес аталышы "жүз жылдык", бул аталышты ал бекеринен алган жок. Эмне үчүн бул өсүмдүктү элдик медицинанын ошондой эле олуттуу сулуулук бренддери жакшы көрүшөт? Буга жок дегенде беш себеп бар.

Алоэнин пайдасы

1-касиети. Нымдоо

Алоэ кактус өсүмдүктөрүнүн тукумуна кирип, ошого байланыштуу өзүнүн жалбырактарында нымдуулукту мыкты кармайт. Алоэ веранын гели, сууга караганда териге төрт эсе тезирээк сиңет. Ошон үчүн алоэнин жалбырактарынан алынган экстракт терини жакшы нымдап, эпидермис катмарларындагы нымдуулукту оптималдуу абалда сактап, теринин кургап кетүүсүн алдын алат.

Алоэнин териге пайдасы

2-касиети. Тынчтандуу

Алоэ дүүлүккөн терини эң жакшы тынчтандырат жана жумшартат, күйүктөрдө, кесип алууларда жана курт-курмускалар чагып алганда жардам берет. Өзүнүн сезгенүүгө каршы касиетине ылайык, алоэ ультра фиолет нурларынан пайда болгон кызарууну азайтып, клеткалардын регенерациясын тездетип, нымдуулукту сактоо үчүн клеткада коргонуу катмарын түзөт, бул теринин түрдүү жаракаттарында өтө зарыл. Айтмакчы, батыш изилдөөлөрдүн натыйжаларына кайрылсак, биринчи жана экинчи баскычтагы күйүктөр алоэнин таасири аркылуу жума күндөргө эрте айыгат экен. Алоэни эркектер сакалын алгандан кийинки дүүлүккөн териге колдонсо дагы болот.

3-касиети. Клеткалардын регенерациясын тездетет

Алоэ веранын ширеси куураган клеткалардын түшүүсүнө жардам берип, жаңы клеткалардын пайда болуусун сегиз эсеге ылдамдатат, башкача айтканда теринин жаңылануусуна мүмкүндүк түзөт.

4-касиети. Бырыштарга каршы күрөшөт

Белгилүү болгондой убакыттын өтүшү менен тери кургап, өзүнүн ийкемдүүлүгүн жоготот. Алоэ ширеси коллаген жана гиалурон кычкылын бөлүп чыгарууга түрткү болот, натыйжада тери көп убакытка жылмакай жана жумшак, бырышсыз бойдон калат. Андан тышкары, өсүмдүктүн курамындагы С жана Е витамини мыкты антиоксидант болуп, клеткалардагы кычкылдануу процессин каршылык көрсөтөт, бузулуусун басаңдатат.

Алоэ жаш-куракты коргойт

5-касиети. Коргооо

Алоэ гели тез сиңип, ошол эле убакта териде көзгө көрүнбөгөн коргоонү түзөт. Ал шамалдан жана башка тышкы дүүлүктүрүүлөрдөн күнү бою коргойт.

Алоэнин дарылык касиеттери: косметологдордун кеңеши

Косметикалык эффекттен тышкары алоэ вера организмге башка дагы олуттуу дарылык таасирлерин тийгизет.

  1. Курамындагы гиббереллин фитогормону жана ауксиндин болгонуна байланыштуу, алоэ гели антибактериалдык жана сезгенүүгө каршы каражат болуп, безеткилер, угрилер жана акне менен күрөшүүгө жардам берет. Безеткилер жөнүндө билип алгыла
  2. Өсүмдүк курамында полисахариддердер дагы бар, алар жаңы клеткалардын өсүүсүн стимулдап, безеткелердин айыгуу процессин тездейт, тырыктардын пайда болуусун алдын алат жана мурдагы тырыктар, теринин чоюлуп калуулары (растяжкалар) менен күрөшүүгө жардам берет.
  3. Алоэ ширеси пигменттик тактарды агартууга дагы жардамы жакшы.
  4. Гликопротеин белоктору сезгенүүнү, кызарууну азайтат.

Үй косметикасы же даяр каражаттар: алоэ вераны кантип колдонуу керек?

Өзүбүз ынангандай, алоэ вера - терини нымдаштырууда, эффективдүү табигый каражат, ал кургак бетке да, майлуу бетке да колдонсо болот. Бүгүнкү күндө көптөгөн косметикалар алоэ вера ширеси ширелген гелдерди чыгарышып, кээ бирлери таза түрүндө колдонушат. Үй шартында алоэни колдонуунун жүздөгөн рецептери бар. Алардын эң көп таркаганы - алоэ гелин кара тактарга каршы колдонуу.

Алоэнин гелин (эзилген жалбырагын) теринин көйгөйлүү аймактарына маска кылып жакшылап сүйкөңүз. 10-15 мүнөт кармап, терини массаждап, жылуу суу менен жууп салыңыз. Алоэ кургап калган тери бөлүкчөлөрүн түшүрүп, пораларга тыгылган кирлерди чыгарат. Натыйжа максималдуу болушу үчүн чопо маскасы менен бекемдесек болот. Мындай маска кургак курган бетке туура келет, анткени алоэ ширеси терини кургатпай, дүүлүктүрбөй назик тазалайт.

Оң таасирлүү мүнөзгө карабастан концентрацияланган гель өзүнүн биологиялык активдүү ингредиенттердин жогорку курамда камтыганына байланыштуу аллергияны алып келиши мүмкүн. Андан тышкары алоэнин ширесин таза түрдө эки жумадан ашык колдонууга косметологдор бирөөнө дагы сунуштабайт.

Туура концентрация идеалдуу натыйжага жетүүгө жардам берип, кошумча ингредиенттер эффектти күчөтөт. Ошондуктан косметологдор сунуштаган каражаттарды колдонууну сунуштайбыз.

Толуктоочу кошумча маалымат. Дарылык жана пайдалуу касиеттери

Айтылгандар дарыларда компонент катары эле тигил же бул дартка каршы колдонулат. "Баарын айыктырат экен" деген ойдон алыс бололу.

Химиялык курамы

Жүз жылдыктын курамында чайыр, органикалык кычкылдар, түрдүү эфирлер, фенолдор, полиурониддер, С-гликозил-хромон-алоэзин, антрондор, эмолин, алоин, фитонциддер, микро жана макро элементтер бар. Албетте, уулуу заттар да аз эмес бар, ошондуктан дайыма дарыгер менен кеңешүү зарыл. Витаминдер: С, бета-каротин, А, В6, Е, В12

Адам организме таасири, кайсы дартка даба болот?

Элдик медицинада ширеси, жалбырагынын эзилмесин иштетишет. Салттык медицинада жана косметологияда көбүн эсе өсүмдүктүн майын колдонушат. Ошондой эле сироп, мазь, гель жана суюк экстракттар да бар. Алоэ гүлү кайсы дарттарды дарылайт?

Ширеси күчтүү бактерициддик факторго ээ болуп төмөнкүлөрдөн арылууга пайдаланылат:

Алоэ препараттары төмөнкүлөрдө пайдаланылат:

Зыяны, кыйыр таасирлери жана каршы көрсөтмөлөр

Колдонууга көрсөтмөлөрдөн тышкары алоэнин, каршы көрсөтмөлөрү бар, төмөндө алар тууралуу.

Он эки жашка чейинки балдарга алоэни врачтар менен кеңешүүдөн кийин гана колдонуу керек. Кичинекей наристелерге алоэни кабыл алууга болбойт, анткени наристе организми өтө алсыз келип, ал эми алоэде олуттуу заттар бар.

Кош бойлууларга болобу?

Кош бойлуу айымдарга, ошондой эле ментруалдык цикл өтүп жаткан аялдарга да алоэни кабыл алуу болбойт.

Дагы караңыз

Көңүл бургула! дарыгер же косметологдун кеңешисиз, өз алдынча колдонууга болбойт.

Жайгаштыруу: 2019-11-11, Көрүүлөр: 15376, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу