Ак калпактын заманбап коомдогу ролу
Бүгүнкү күндө калпак — салттуу баш кийим болбостон белгилүү маданий, социалдык жана экономикалык феномен сыяктуу. Анын таасири Кыргызстандын билим берүүсүндө, бегилер (символдор) саясатында, туризминде жана креативдүү индустриясында да чоң.
Келгиле анда, ак калпактын заманбап коомдогу ролун билип алалы!
Мамлекеттик жана эл аралык тартип
Эл аралык таануу. 2019-жылы «ак калпакты даярдоо ыкмасы, ал жөнүндөгү салттуу билим жана аны кийүү ыгы» ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий Репрезентативдик тизмесине кирген. Бул анын замандап тажрыйбалык абалын бекемдеп, кол өнөрчүлүк ыктарды өткөрүп берүү программасын колдойт.
5-марта Кыргызстанда официалдуу түрдө жыл сайын «Ак калпак жана улуттук кийим күнү» белгиленет. Бул күнү тематикалык сабактар, концерттер, сынактар жана флэшмобдор өтөт. Майрамдын белгилениши жөнүндөгү үзгүлтүксүз отчеттор жана кабарлар мамлекеттик мекемелер жана ММК тарабынан жарыяланып турат.Билим берүү жана жаштар
Мектептерде, колледждерде жана жогоркуу окуу жайларда 5-март күнү класстык сааттар, көргөзмөлөр, сынактар, ошондой эле калпак жасаган чеберлер жана маданий тарыхчылар менен кездешүүлөр болот.
Коомдук иш-чаралар көбүнчө массалык акциялар менен коштолот: рекорддор, калпактын гигант моделдери, шоу-көргөзмөлөр — мындай форматтар окуучуларды жана студенттерди маданий тажрыйбага окуялар аркылуу үйрөтөт.
Кол өнөрчүлүк экономикасы жана креативдүү индустриялар
Кол өнөрчүлүк өндүрүш (кийиз басуу, бычуу, тигүү), оозеки колдонмо жана биргелешкен өнөркана аркылуу берилип, «топтолуучу жана өнүгүүчү билим» катары баяндалат. Мындай нерсе ички өнөрканалардын жана үй-бүлөлүк ательелерди колдойт.
Туризм жана азембелектик өндүрүм. Ак калпак чет өлкөдөн келген меймандар үчүн негизги азембелектердин ичинде; эл аралык экспозицияларда жакшы суроо-талабы бар экени жөнүндө дагы кептер айтылат.
Фэшн-сахна жана брендинг. Заманбап дизайнерлер калпактын жана кыргыз орнаменттеринин мотивдерин кийимдерге, аксессуарларга кошушат, а бул өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү «таанымалдуулун» күчөтүп, этно-фэшн тармагын колдойт.
Белгилер саясаты жана коомдук этика
Символикалык саясат толкуну менен калпакка маданий символ абалын берүү жөнүндөгү мыйзам проектилери да талкууланган. Ал гана эмес, официалдуу жөрөлгөлөрдө биринчи жактардын милдеттүү түрдө калпак күйүүсү жөнүндө талкуу болгон. Мындан тышкары, баш кийимди мазактоого же келекелөөгө карата атайын санкциялар жөнүндө идеялар айтылган. Мындай демилгелер калпак символуна болгон сый-урматты институтташтырууга болгон умтулууну чагылдырат.
Медиаматериалдарда жана этнографиялык белгилемелерде сый-урматтык мамиле жасоо нормалары баса белгиленет (жерге койбоо ж. б.), бул болсо «баш кийимди кийүүнүн» заманбап этикасын калыптандырат.
Диаспора жана «элдик дипломатия»
Кыргыз диаспорсы үчүн ак калпак — фестивалдарда жана жамааттык иш-чараларда иденттүүлүк маркери, ал эми оцифиалдуу делегациялар жана бизне үчүн — чет өлкөлүк өнөктөштөргө берилүүчү атактуу имидждик белек; бул жөнүндө ишкердик жана коомдук медиалар байма-бай эске салып келишет.Медиа, санарип маданият жана жайылтуу
Массалык маалымат каражаттары жана агенттиктер жылдык калпакка арналган майрамды майрамдоону чагылдырып, форматтардын массалуулугун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн катышуусун баса белгилешет — а бул символ айланасындагы «жандуулугун» сактайт.
Агартуучулук контент (ЮНЕСКО виделору, макалалар, гиддер) жаңыланып, заманбап платформалар үчүн кайрадан жасалууда. А бул теманы жаштар аудиториясына жеткиликтүү кылат.
Негизги тенденциялар жана чакырыктар
Институтташтыруу vs. тандоо эркиндиги. Мындай нерселер кандай болсо да кылдат талдоону талап кылаары белгилүү. Символдор келечек муун болгон жаштар үчүн жана шаардык мульти маданият мейкиндиктеринде кандай таасир этээри белгисиз.
Мурасты товардаштыруу (коммодификациялоо). Азембелектерге жана этно-модага болгон суроо-талап чеберлерге киреше алып келет, бирок, аутенттүүлүккө, локалдык жамааттар арасында сапат жана пайданын адилет бөлүштүрүлүшүнө маселелерди коёт.
Калпак жасоо өнөрүнө сапаттуу билим. Туруктуулук үчүн чеберлердин базалык даярдалышы, материалдарга (негизинен, сапаттуу кийизге) мүмкүндүк, ошондой эле, окутуучулук программалар талап кылынат — мунун баары ЮНЕСКОнун досьесинде «жандуу салттын өзөгү» катары тизмеленген.
Жыйынтык
Бүгүнкү күндө ак калпак — бул жандуу символ, ошол эле убакта:
- эл аралык материалдык эмес маданий мурастарды коргоо механизмдери менен сакталат;
- мамлекеттик жана коомдук иш-чаралар календарына киргизилген;
- өнөр-жайга, туризмге жана этно-фэшнге дем берет;
- жумшак күч-кубаттын жана диаспоралык иденттүүлүктүн аспабы катары кызмат кылат.