Айкөлдүк: түшүнүк жөнүндө маалымат
Айкөлдүк — бул комплекстүү адам сапаты, ал өзүнө билимди, тажрыйбаны, абалды баамдоону жана чечимдерди негиздеп берүүнү камтыйт.
Философияда айколдук билип-таануунун эң жогорку формасы катары каралып, өзүнө теориялык түшүнүктү жана тажрыйбалык жашоону бириктирет.
Психологдор болсо айкөлдүктү «жашоо компетенттүүлүк» бөлүмүнө таандык кылышат, башкача айтканда, оорчулуктарды жеңе билүү жана иш-аракеттердин оптималдуу жолун тандоо ыгы.
Бул сөздүн эң алгачкы жаралышы биздин заманга чейинки X кылымдын айланасына таандык. Эски осуяттардын (орусча «Ветхий завет») еврей тексттеринде (мисалы, «Соломон ийбараттарында», б. з. ч. X-V кылым) айкөлдүктү түшүндүргөн «хохма» термини кездешет.
Ал эми библияда Соломон падыша (б. з. ч. 970-931-жылдар айланасы) «адамдардын эң айкөлү» деп баяндалат (Падышалыктардын 3-китеби).
Демек, айкөлдүктү кайсы бир тармакка таандык кылуу болбойт, себеби ал көп кырдуу түшүнүк:
- философияда — ал жогорку билим жана ойлонуу ыгы;
- динде — ал жан дүйнөлүк жөндөм жана кудай менен байланыштык;
- психологияда — тиричиликти жеңе билүүчү тажрыйбалык мүмкүндүк.
Кыргыздар айкөлдүктү көбүнчө Манаска теңешет, мисалы: «Айкөл Манас» ж. б. у. с. фразалар.
Айкөлдүктүн мисалдары
Когнитивдик айкөлдүк мисалдары (акыл-эс, түшүнүү)
Адам жашоодо баары эле ак жана кара болбосун түшүнөт: Мисалы, «мен билем, адамдар кээде катар кетирет, бирок, ал алардын жаман экенин түшүндүрбөйт».
Адамдын өзү жасаган иштердин кесепеттерин көрө билүү жөндөмү: Мисалы, «Жиним келип турганда айтып салам же сүйлөсөм кийин өкүнүп калам, андан көрө күтүп турайын».
Рефлексивдик айкөлдүк мисалдары (өздүк анализ, критикалуулук)
Адамдын өзүнө чындык менен карай билүү жана өз катасын өз алдынча таануу: Мисалы, «Мен абалды туура эмес түшүнүпмүн, кечирим сурап коюш керек».
Адамдын абалга башка адамдардын көз карашы менен карай билүүсү: Мисалы, «Досум эмнеге капаланып жатканын түшүнүп турам, бирок, мен андай реакция кылбайт элем».
Аффективдүү айкөлдүк мисалдары (эмпатия, санаалаштык)
Башкаларга санаалаш болуу, камкордук көрсөтүү: Мисалы, «Кошунам ооруп калыптыр, азык-түлүк сатып алууларына көмөктөшөм же жок дегенде алып келип берем».
Эмоцияларды башкара билүү, башкаларды капалантып албоо: Мисалы, «Менин жиним келип турат бирок, мен балага кыйкырбайм, андан көрө тынч түшүндүрүп берем».
Оор же татаал тандоодогу айкөлүк мисалдары
1.Адам башка шаардан жогорку маяналуу жумушту таап, бирок, үй-бүлөдө, үйдө сейрек болуп калаарын түшүнөт.
Татаалдык: карьералык мүмкүнчүлүктөрдү, финансылык туруктуулукту жана үй-бүлөлүк мамилелерди таразалап, салмактап чечим чыгарыш керек.
Айкөл тандоо: тең салмактуулукту табууга аракет кылуу, жакындар менен кеңешүү, мүмкүн, компромисттик чечим кабыл алууга макул болуу.
2.Адамды досу катуу капалантты. Аны кечирсе болот, бирок, бул досунун жазасыз калуусун түшүндүрөт.
Татаалдык: эмоционалдык жеңилденүү менен адилеттүүлүк сезими ортосунда тандоо кылуу.
Айкөл тандоо: мотивдерин түшүнүү, чек араны орнотуу жана, мүмкүн болсо, өзүн сыйлоо сезимин жоготпостон кечирүү.
Философтор айкөлдүктү кантип аныктайт
Байыркы Грецияда «айкөлдүк» сөзү философиялык түшүнүк катары болжолдуу биздин заманга чейин VI кылымдарда кирген (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель).
Сократ айкөлдүк деп — адамдын өзүнүн билбегендигин таанып-билүүнү, чындыкка умтулууну эсептеген.
Аристотель болсо, айкөлдүк деп — теория менен тажрыйбаны бириктирген жогорку билим катары аныктаган.
Конфуций айкөлдүк сөзүн нравалык негиздер, адамдын өзүн жана коомду башкара билүүсү менен байланыштырган.
Стоиктер айкөлдүктү ички эркиндик катары, каалаган кырдаалдарда тынч абалды сактай билүү деп санашчу.
Айкөлдүк менен билимдин айырмасы кандай
Билим — бул адам үйрөнүүчү маалымат жана фактылар. Айкөлдүк болсо билимди реалдуу жашоодо колдону билүүнү, тигил же бул жасалган иштин кесепеттерин баалоону жана тажрыйбаны эске алуу менен чечим кабыл алууну жоромолдойт.
Ошентип, көп билимге ээ болуу айкөл болууга барабар эмес.
Психологияда айкөлдүк кантип изилденет
Заманбап психологдор айкөлдүктү инсандын өзгөчө сапаты катары карашат.
Берлин айкөлдүктү изилдөө мектебинин (Berlin Wisdom Paradigm, негиздөөчүсү Пауль Балтес) изилдөөлөрүндө айкөлдүк — жашоо жөнүндөгү эксперттик билим деп аныкталат.
Окумуштуулар кийинкидей айкөлдүктүн мүнөздөмөлөрүн белгилеп келишет: Жаңы тажрыйбага ачыктык, эмоционалдык туруктуулук, ар кандай көз караштарды эске алуу мүмкүндүгү.
Эскперименттер болсо кийинкидей натыйжаларды көрсөткөн: Айкөл деп саналган адамдар өз кызыкчылыктары менен коомдук жыргалчылыктын ортосунан тең салмактуулукту таба билишет.
Айкөлдүк жаш-куракка көз карандыбы
Адамдын жаш-курагы айкөлдүктүн негизи болгон жашоо тажрыйбаны чогултуу менен байланыштуу. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй ар бир кары адам айкөл боло бербесин көрсөткөн.
Канча жыл жашаган маанилүү эмес, анализдөө, тыянак чыгара билүү маанилүү. Жаш адамдар дагы жогорку өздүк рефлекцияга жана өнүккөн критикалык ой жүгүртүүгө ээ болсо, айкөл ой-толгоолорду көрсөтө алышат.
Албетте, айкөлдүктүн кандайдыр бир деңгээлине ээ болуу үчүн белгилүү бир жаш куракка келүү зарыл, жана балким бул мезгил өспүрүм жаштан өткөндөн кийин башталат деген жоромолдор да бар.
Түрдүү маданияттардагы айкөлдүк кандай берилет
Батыш салттарында айкөлдүктү көбүнчө философия, рационалдуулук жана ой-жүргүртүү менен байланыштырышат.
Чыгыш маданияттарда (мисалы, Кытайда жана Индияда) айкөлдүк адамдын табият жана коом менен болгон гармониясы катары каралат.
Диний салттарда көп учурда жан-дүйнөлүк билимге теңелет. Мисалы, Исламда айкөлдүк (ḥikmah) билимди туура колдонуу жана туура ой-толгоо, ой жүгүртүүгө байланышкан Аллахтын белеги катары түшүндүрүлөт.
Айкөлдүктүн илимий өлчөмү барбы
Психологдор айкөлдүктү өлчөөчү түрдүү тексттерди жана көрсөткүчтөрдү иштеп чыгышкан. Ошондуктан, айкөлдүктүн илимий өлчөмү бар деп айтууга болот. Мындайлардын арасында кийинкилер:
- Three-Dimensional Wisdom Scale (3D-WS), адамдын когнитивдик, эмоционалдык жана рефлекциялык аспектилерин баалайт.
- Berlin Wisdom Paradigm жашоо дилеммаларын анализдөө жөндөмүн текшерет.
Бул ыкмалар айкөлдүктүн психологиялык сапат катары изилдөөгө жардам берет албетте, толук өлчөө дээрлик мүмкүн эмес.
Айкөлдүк менен моралдын байланышы
Айкөл чечимдер көп учурда рационалдуу гана эмес, моралдык негиздерди да жоромолдойт. Философтор жана психологдор, айкөлдүк эмпатия, адилеттүүлүк жана, башка адамдардын кызыкчылыктарын эске ала билүү менен байланыштуу экенин белгилешет.
Моралдык баалуулуктар айкөл адамга эффективдүү гана эмес, этикалуу дагы иш-аракет кылууга жарадам берет.
Айкөлдүктүн өнүгүүсүнө кандай факторлор түрткү болот
Айкөлдүктүн өнүгүүсүнө кийинкидей нерселер таасир этет:
- тиричилик тажрыйбасынын ар түрдүүлүгү;
- каталардан сабак алуу жөндөмү;
- түрдүү көз караштар жана маданияттарга ачыктык (логика менен албетте, логикасыз ар кандай секталарга кирип кетүү ыктымалы бар);
- өнүккөн өздүк рефлеция;
- эмоционалдык жетилгендик.