Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Адептүүлүк

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Адептүүлүк

Сабак бүтүп, мектептен келе жатканыңда алдыңан улгайган киши жолукса, сен жолдун четине ыктап, ага жол берүүгө тийишсиң. Сабактан колуң бошой калганда дүкөндөн нан, сүт алып келип, ата-энеңе жардам бересиң. Автобуста же троллейбуста келе жатканда өзүңдөн улуу адамдар түшсө, тура калып орун бошотосуң. Улуу кишилерге дайыма Сиз деп кайрыласың. Ал эми өзүңдүн курбу-курдаштарың менен саякатка, экскурсияга чыгууга же болбосо топ ойноого макулдашкандан кийин өз убагында келип, сөзүңө турасың. Мындай баланы ата-энеси, эже-агайлары, курбу-курдаштары адептүү бала деп макташат. Адептүүлүк деген эмне? Ал - адамдардын жүрүм-туруму, бири-бирине жасаган мамилеси, карым-катнашы жөнүндөгү жалпы эрежелер. Буга сылыктык, сыпайыгерчилик, кичи пейилдик, элпектик, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо сыяктуу көптөгөн жакшы сапаттар кирет.

Мындай сапаттар элдин байыртан келе жаткан жакшы үрп-адат, каада-салттарында калыптанып, коомдун өнүгүшүнө жараша өзгөрүп, өркүндөп турат. Адам баласы өмүр бою тарбияланып, такшалат, бирок бул тарбиянын негизи балалык, өспүрүмдүк куракта түзүлөт. Адам бала кезинен адептүүлүктүн тигил же бул эрежелерине үйрөнүп, адептүү адам катары калыптана баштайт. Сен да жаш кезиңен адептүү болуп өссөң ата-энеңдин, өз мекениңдин азамат уулу же кызы боло аласың.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 15846, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-10-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо