Дүйнөдө эң баалуу нерсе бул - адамга бир гана ирет берилген өмүр. Тирүү жандын өлбөстүгү жөнүндө сөз болууга мүмкүн змес, бирок ар бир адам табигый карылыкка жетүүгө аракет кылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргызстанда карылык курагы пенсияга чыкканда келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-июлундагы № 57 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын «Курагы боюнча пенсия» (2-бөлүмү) бөлүмүндө так жазылган. Анда пенсиялык курак аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жашты түзөт.
Медицинанын аныктоосу боюнча адамдардын бир гана проценти табигый карылыктан - оорубаста жаны кыйналбастан жип үзүлгөн сыяктуу үзүлөт экен. Академик Пазлов «Адам баласы кеминде 100 жаштан ашып жашоосу керек» - деген.
-А, эмне үчүн бардык кишилер 100гө жетпейт? - деген суроого:
-Биз турмушта тартипсиз жашообуз менен, езүбүздү зыяндуу нерселерден тыйбастыгыбыз жана организмибизге ырайымсыз мамиле кылышыбыз менен эрте карыйбыз» - деп жыйынтык чыгарган.
- «Тарыхта бир дагы жалкоо узак өмүр сүрбөгөн» - дейт немец врачы Гуделанд. Себеби жалкоо кишинин турмушта аракети, максаты, кызыгуусу болбойт. Эригүү менен көңүлсүз күндөрүн өткөрөт. Бекерчилик, аз кыймылдоо, ашыра тамактануу организмде зат алмашуу процессин начарлатат да адамды семиртип, тез карый башташына шарт түзөт экен.
Өмүргө өтө зыяндуу болгон спирттүү ичимдиктерди, наша, насвай, тамеки, апийим өңдүү наркотикалык заттар нерв клеткаларын козгоп, ууланттырып, карылыктын белгилерин эрте пайда кылат. Шайыр, көңүлү куунак, тамашакөй адамдар ооруса да бат эле айыгып кетет. Ал эми кейүү, коркуу, тардык, көрө албастык, эрегишүү, таарынчаак өңдүү терс таасирлер адамга өтө жагымсыз сезим туудуруп, эрте карышына себеп болот.
Кээде ичине кек сактоо, көңүл калтыруулар ырбап олтуруп чоң чырга айланышы мүмкүн. Кыргыздарда «Жамандык менен кишини жеңип болбойт» - деген лакап бар эмеспи. Узак жашагандар бири-бирин түшүнүп, сыйлашып, кадырлашып жүрүшкөн.
Ошондуктан, жаш кезде жакшы адаттарды өзүбүзгө сиңирип, ак көңүл, кичи пейил болу улууларды сыйлап, ынтымак менен жашаганда гана биз бактылуу, табигый карылыкка жашообуз мүмкун.
Карылар күнү
1990-жылдын 14-декабрында БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) Генералдык Ассамблеясында 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп жарыялаган. Эң биринчилерден болуп карылар күнүн Европада андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аяк ченинде бул майрамды бүткүл дүйнө белгилей баштаган. Скандинавия өлкөлөрүндө карылар күнү абдан чоң майрам катары белгиленет.
Бул күнү көптөгөн теле жана радиопрограммаларда карыларга ылайыкташкан көрсөтүү жана уктуруулар берилет. 1-октябрда карылардын укуктарына жана коомдогу маанисине арналган "карылардын укуктарын колдоо ассоциясы" тарабынан уюшулган ар кандай фестивалдар, конференциялар жана конгресстер өткөрүлөт. Ал эми коомдук уюмдар жана фондтор бул күнү ар түркүн акцияларды жүргүзүшөт.
БУУнун генералдык секретарынын сөзүндө: 1-октябрьда өткөрүлүүчү Эл аралык карылар күнүн БУУ өкмөтү, жеке секторду, жарандык коом уюмун жана дүйнөнүн бардык адамдарын көңүлдү Мадридтин улгаюуу маселесинде каралган планына да ылайык, ошондой эле өнүгүүнүн глобалдуу маселелерин эске алып, бардык курактагы коомду түзүү керек. Өлкөнүн жалпы аракеттери менен адамдар көпкө жашоо гана эмес, жашоонун сапаты жакшы, ар түрдүү, толук кандуу жана бакыт алып келууго тийиш - деп айтылат.