Жүктөлүүдө...
TYUP.NET

Биографиялар

Ашымбаев Калканбай

(1932-жылы туулган, Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы) - жазуучу, сатирик. Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1952-жылы Каракол мугалимдер институтунун физика-математика факультетин, 1966ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1952—59-жылы Кочкор районунун мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1959—63-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде, 1963—65-жылы «Ден соолук» журналында, 1965—68-жылы «Мугалимдер гезитинде», 1968—81-жылы

Асейинов Мукун

(1941-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. Бишкектеги соода техникумун бүткөндөн кийин Каракол шаардык соода тармагында бухгалтер, 1961—70-жылы Каракол, Фрунзе шаардык комсомол комитеттеринде катчы, 1971ж. Кыргызстан КП БКнын соода, пландоо жана финансы органдар бөлүмүндө инструктор болуп иштеген. 1972—74-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу, 1975—76-жылы Кыргызстан КП БКнын уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн инспектору.

Асанова Айсалкын

(1945-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Тамга айылы) - инженерэкономист, экономика илиминин доктору (1990), профессор (1992). 1967-жылы Москва жеңил өнөр жайынын технологиясы интун, 1972-жылы Г. В. Плеханов атындагы Москва мамлекеттик эл чарба институтунун астындагы аспирантураны бүтүргөн. 1972-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин өнөр жай экономикасы кафедрасында адегенде улук окутуучу, анан доцент,

Асаналиев Үсөнгазы

Асаналиев Үсөнгазы[1934-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Шалбаа (азыркы Тилекмат) айылы] - геолог, геол.-минералогия илимдеринин доктору (1971), профессор (1979), Кыргыз Республиканын УИАнын академик (1993; корр. мүчө, 1979), Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академик (1992), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991). ФПИни бүткөн (1957). 1958—74-жылы Кыргыз ССР геологиялык башкармасынын

Аманбаев Жумгалбек

Аманбаев Жумгалбек(1945-жылы туулган, Жумгал району, Чаек айылы) - партияльпс жана мамлекеттик ишмер. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун бүткөн (1966). Биология илимдеринин кандидаты (1970). Эмгек жолун 1966-жылы Тянь-Шань мал чарба тажрыйба чарбасында зоотехник болуп баштаган. 1967—70-жылы Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун аспиранты. 1970-жылы ошол эле институтта улук илимий кызматкер. 1971—73-жылы Ош облустук мамлекеттик асыл тукум станциясында директор. 1973—74-жылы

Алышбаев Жумагул

Алышбаев Жумагул(1922, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы —1969, Биипсек ш.)-экономист,. Кыргызстан Илимдер Академиясынын академиги (1954), экономикалык илимдеринин доктору (1966), профессор (1967). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Каракол педагогикалык окуу жайын бүткөндөн кийин (1939), Кочкор районунда орто мектепте

Алтымышбаев Асылбек

Алтымышбаев Асылбек[1912, Жети-Өгүз району, Калматай (Шалбаа) айылы —1987, Бишкек] - философ, Кыргызстан Илимдер Академиясынын академик (1954), философия илимдеринин доктору (1961), профессор (1962). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1942). Кыргызстан БКнын алдындагы респлык партия мектебинин философия кафедрасынын башчысы (1948—49). СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил жана тарых институтунун директору

Алдашев Абдулкай

Алдашев Абдулкай(1919-жылы туулган, Жети-Өгүз району, _ Ак-Кочкор айылы) - фармаколог, ветеринария илимий доктору (1965), профессор (1966), Кыргыз УИАнын ардактуу академик (1994). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1994). Коомдук ишмер, адабий котормочу. К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүткөн (1939). 1940-жылы Караколдогу зооветтехникумда окутуучу, директордун

Алмаши Дердь

(1867-1933) - венгр окумуштуусу, этнограф, зоогеограф. Анын Кыргызстандын аймагындагы изилдөөсү 19-кылымдын аягы -20-кылымдын башына туура келет. 1900-жылы (июлдан ноябрга чейин) А. Ысык-Көлдүн чыгыш жээгине, Тескей Ала-Тоонун түндүк жана түштүк капталы, Жети-Өгүздүн сыртына, Сары-Жаз дарыянын алабынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүнө саякат жасап, алардын табиятынизилдеп, жаныбарларын жыйнап, этнографиялык байкоо жүргүзгөн. Нарынколдо бугу уруусунан

Алдаш молдо

Алдаяр Жээнике уулу (1874, Ак-Кочкор айылы, азыркы Жети-Өгүз районунун аймагы —1930, ошол эле жер) - кыргыз эл агартуу ишин баштоочулардын бири, жазма акын; «замана» агымынын өкүлү. Жардынын үй-бүлөсүнөн. 19-кылымдын 90-жылдары Каракол шаарындагы медреседен окуган. Аны бүткөндөн кийин айлында көчмө мектеп уюпггуруп, балдарды окутууга киришкен