Жүктөлүүдө...
TYUP.NET

Биографиялар

Дүйшалиев Камчыбек

(1944-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - музыка таануучу, искусство таануу илимдеринин доктору (1991), Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993). Бишкектеги Күрөңкөев атындагы музыкальпс окуу жайын (1964), Курмангазы атындагы Алма-Ата консерваториясынын тарыхтеориялык факультетин (1971) бүтүргөн. 1971—92-жылы Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу, улук окутуучу, доцент

Дөгдүров Мухамед

[1906, Каракол уезди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыркы Тоң району, Бүркүттүн ою айылы) -1968, Бишкек] - кыргыз журналисти, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабият сынын баштоочтордун бири. 1937-жылдан КПСС мүчөсү. 1924—26-жылы Түптөгү айыл чарба техникумунда, 1928—29-жылы Тверь шаарындагы жумушчу факультетинде окуган. 1955-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Чыгармачылык иши 20-жылдары башталган. Д-дун 20-жылдардын 2-жарымында

Казы Дикамбаев: өмүр баяны, сыйлыктары, наамдары

Казы Дикамбаев, Дикамбаевич (Дыйканбаев) — Кыргыз ССРинин партиялык жана мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы (1958—1961). Кыргыз ССРинин тышкы иштеринин биринчи наркому. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына олутту салым кошуп, тышкы саясаттын калыптануусу үстүндө көп эмгек кылган.

Досмамбетова Канымгүл

(1935, Ак-Суу району, Түргөн айылы -1978, Нарын ш.) - ырчы, обончу, актёр. дарыянын ырчылык шыгы айылдагы мектепте окуп жүргөндө эле банггалган. 1951-жылы Караколдогу облустун драма театрында, 1953-жылдан кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1953—58-жылы Кыргыз драма театрында, 1958—78-жылы Нарындагы М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштеген. дарыянын негизги чыгармачылыгы ырчылык менен обончулук болгон; театрда коюлган пьесаларда чакан ролдорду аткарган. Анын ырлары обондуулугу,

Данияров Конокказы

(1942, Жети-Өгүз району, Даркан айылы -1994, ошол эле жер) - инженер-зоотехник, Кыргыз Республиканын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1993). Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн (1964). 1983—86-жылы Алма-Ата жогорку партиялык мектебинде окуган. 1964—65-жылы Жети-Өгүз районундагы «Ала-Тоо» колхозунда (Даркан айылы) селекционер-зоотехник, 1965—68-жылы ошол эле колхоздо, 1968—70-жылы Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл тажрыйба станциясында (Челпек айылы) башкы зоотехник,

Чыңгышев Турсунбек

(1942-жылы туулган, Тянь-Шань району, Төш-Булак айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. Бишкек автожолтехникумун(1963), Калининград кечки машина куруу техникумун (1968), Кыргыз мамлекеттик Университетин (1975), Москвадагы Коомдук илимдер академиясын (1987) бүтүргөн. 1963-жылы Ак-Суу районунда жолмастери. 1963—66-жылы армияда кызмат өтөгөн. 1966—68-жылы Калининград (мурдагы Кёнигсберг) шаарындагы машина куруу заводунда комсомолдук ингге, 1968-жылы кайрадан

Чоңбашев Сыдык

(1897, Маман айылы, Түргөн болушу, Каракол уезди; азыркы Ак-Суу району, «Арашан» с-зу -1938, Бишкек; сөөгү 1991-жылы кайрадан «Ата-Бейит» көрүстөнүнө коюлган) - Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери. 1909—13-жылы Каракол бапггапкы жогорку окуу жайын окуп бүтүргөн. 1913—19-жылы Каракол почтателеграф мекемесинин кызматкери. 1919—20-жылы Кызыл гвардиячы; түндүк Жети-Суу, Жаркент фронтторунда;

Чоюке Өмүр уулу

(1880, Түргөн айылы, азыркы Ак-Суу районунун аймагы -1925, ошол эле жер) - манасчы. Саякбай Карала уулунун устаты. Манасчылыкка ашкере берилип, өтө берилгендигинен Манастын, анын чоролорунун мекенин көрөм деп, 1900ж. Таласка барып, 6 жылдай туруп, кийин Чүйгө келип, өз айылына 8—9 жылдан кийин барган. Андан көп узабай эпосто ырдалган дагы башка элжерди өз көзү менен көрүүнү, анын каада-салты, турмушу менен

Бийбосунов Ильяс

Бийбосунов Ильяс(1932-жылы туулган, Түп району, Күрмөнтү айылы) - механик, физика-математика илимий доктору (1972), профессор (1973). Кыргызстан Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1989), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). 1959-61-жылы КМУнун математикалык анализ жана теориялык физика кафедраларында улук окутуучу. 1961—63-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын

Берг Лев Семенович

(1876, Бендеры, мурунку Бессарабия -1950, Ленинград) - географ жана биолог, СССР Илимдер Академиясынын академиги (1946), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1934). 1898-жылы Москва университетин бүтүргөн. 1904-жылдан Москва, Ленинграддын илимий мекемелеринде иштеген. География институтун (1918) уюштуруучулардан, бул институтут 1925-жылы Ленинград ун-тинин географияльгк факультетине айланган. Б. анда өмүрүнүн акырына чейин физикалык география кафедрасын жетектеген. Ысык-Көлгө