Алмаши Дердь


(1867-1933) - венгр окумуштуусу, этнограф, зоогеограф. Анын Кыргызстандын аймагындагы изилдөөсү 19-кылымдын аягы -20-кылымдын башына туура келет. 1900-жылы (июлдан ноябрга чейин) А. Ысык-Көлдүн чыгыш жээгине, Тескей Ала-Тоонун түндүк жана түштүк капталы, Жети-Өгүздүн сыртына, Сары-Жаз дарыянын алабынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүнө саякат жасап, алардын табиятынизилдеп, жаныбарларын жыйнап, этнографиялык байкоо жүргүзгөн. Нарынколдо бугу уруусунан чыккан манасчыдан «Манас» эпосунан үзүндү жазып алган. Бул экспедициянын негизинде 1903-жылы Будапештте венгр тилинде «Азиянын борборуна менин саякатым» деген китебин чыгарган. Ал китепте азыркы Ысык-Көл облусунун чыгыш райондорунун табигый шарты мүнөздөлөт. Кан-Тоо массиви толугу менен баяндалып, бийик тоонун жаныбарлары да мүнөздөлгөн. Китептин көп бөлүгүн кыргыз менен казактардын жашоо турмушун, салтын, кийимин, колдонгон эмгек куралдарын, музыкалык аспаптарды сүрөттөгөн этнографиялык сюжет түзөт.

Окумуштуу айрым макалаларында кыргыз тилинин өзгөчөлүгүн (1901) жана оюу-чийүүсүн (1907), «Манас» эпосунан үзүндү (1911-12) баяндап, түрк элдеринин этногенездик проблемаларын козгогон (1902). 1906-жылы А. экинчи жолу (Д. Принц менен чогуу) Ысык-Көлдө болуп, Тескей жана Күнгөй Ала-Тоолорду кесип өтүп, жогорку Нарындын Сыртына чейин жеткен. Анын О. Азиядан чогулткан фауналык жана этнографиялык-коллекциялары 20 миңдей. Материалынын бир бөлүгүн (Теңир-Тоонун канаттуулары тууралуу) Г. Смалбонесом изилдеп, басмадан чыгарган (1906).

2016-05-27 450 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27