TYUP.NET

Биографиялар

Каба Атабек уулу

(1924-жылы туулган, Тоң району, Төрткүл айылы) - манасчы, Кыргыз Республиканын эл артисти (1995). Он жашынан «Манас» айта баштаган. Анын манасчы катары калыптанышына Саякбайдын таасири күчтүү болгон. К-нын айтуусундагы «Манастын» үзүндүлөрү да, чоң-чоң окуялардын чиелениши жана көркөм образдарынын чечилиши да Саякбайдын вариантына

Истамбекова Жийдеш

(1923-жылы туулган, Ак-Суу району, Шапак айылы) - терапевт, медициналык илимдеринин доктору (1973). Кыргыз ССР эмгек сиңирген врачы (1973). КММИни бүтүргөн (1946). 1946—53-жылы Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарында врач, бөлүм башчы. 1953—56-жылы аспирант. 1956-жылдан КММИнин факультеттик терапия кафедрасында ассистент, 1964-жылы доцент. 1968—93-жылы кафедра башчысы.

Исмаилов Сапар

(1942-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Оргочор айылы) - опера ырчысы. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1992). Пржевальск айыл чарба техникумун (1962), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун профессор Б. Миңжылкыевдин вокалдык классы боюнча бүткөн (1974). 1973-жылдан айыл Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында солист. негизги аткарган ролдору: Канчоро, Түмөнбай («Айчүрөк»,

Истамбеков Аден Бекембай уулу

(1903, Ичке-Жергез айылы, Ак-Суу району -1937, Бишкек ш.) - мамлекеттик жана коомдук ишмер, подполковник, аскердик профессионал жетекчи, Республиканын алгачкы аскер комиссары. 1924-жылдан КПСС мүчөсү. Москвадагы Аскер педагогикалык жогорку мектепти (1927), кийин САГУнун тарых факультетин (сырттан), Ленинграддагы аскер тактикасын окутуучуларынын курсун бүткөн. Атасы Бекембай үй-бүлөсү менен 1906-жылы Иркутскиге

Исмаилова Урумкан

(1916-жылы туулган, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата ш.) - артист. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1973). Эмгек жолун 1934-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист болуп баиггаган. Москвадагы В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүргөн (1941). 1941—47-жылы кайрадан кыргыз драма театрында, 1947—51-жылы

Исмаилов Асейин

(1937-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) - филолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). КМУну бүтүргөн (1961). 1968—69-жылы КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1969—73-жылы СССР Илимдер Академиясынын философия институтунда аспирант. 1974—76-жылы Москвадагы Н. Э. Бауман атындагы Жогорку техникалык окуу жайында, ошол эле мезгилде Н. Э. Циалковский

Исаев Кусеин

(1937-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - экономист, социолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1985). КМУну бүтүргөн (1955). 1961—62-жылы КМУнун саясий экономия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу. 1969—87-жылы Бишкек политехника институтунун илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан ошол эле кафедрада проф., Социология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы. 1993-жылдан Тилдер жана гуманитардык

Исаев Акыбай

(1932-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - географ, география илимдеринин доктору (1989), профессор (1990). КМУну бүтүргөн (1953). 1953-55-жылы Кыргыз ССР Пландоо комитетинде улук экономист. 1955—58-жылы КМУнун география факультетинде окутуучу. 1961—65-жылы Кыргыз ССР ИАда кенже, улук илимий кызматкер. 1965—87-жылы

Исабаев Чалагыз

(1937, Ысык-Көл району, Темир айылы -1991, ошол эле жер) - комузчу, Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1973), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1975). М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын «Кыяк» классын (1959), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство институтун (1972) бүтүргөн. 1957—65-жылы кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин кыякчылар

Исабаева Валентина

(1927-жылы туулган, Тоң району, Төрткүл айылы) - врач-физиолог, Кыргызстан Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1961), медициналык илимдеринин доктору (1976), профессор (1977). КММИни бүтүргөн (1951). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1977). Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда сектор башчы (1955—57), Кыргыз

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Дарек: Кыргызстан, Түп, 722400, Токтогул 7
Телефон/вотсап: +996509481446
Электрондук почта: support@tyup.net
Tyup.net — 2025-ж.
Социалдык баракчалар: ok.ru | youtube.com | instagram.com | facebook.com