TYUP.NET

Биографиялар

Мамбетова Насира

Мамбетова Насира(1948-жылыт. Жети-Өгүз району, Тамга айылы) - артист, Кыргыз Республиканын эл артисти (1992; эмгек сиңирген артист, 1978). 1972-жылы айыл В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтун бүткөн. 1972-жылдан Ош кыргыз драма театрында иштейт. М. улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдарынын спектаклдеринде бир катар каармандардын образын түзүп, алардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер ачып көрсөтүп бере алган актриса.

Мамбеталиев Молдакун

(1906, АтБашы району, Ат-Башы айылы -1964, Бишкек ш.) - мамлекеттик ишмер. 1936-жылдан Нарында комсомол жана партиялык иштерде иштеген. 1936—37-жылы Москвада СССР Эл комиссарлар советинин Даярдоо комитетинин борбору курсунда окуган. Аны бүтүргөндөн кийин бир нече ай Лейлек районунда СССР ЭКСнин өкүлү, кийин 1946-жылга чейин СССР даярдоо эл комиссариатынын Кыргыз ССРи боюнча даярдоо бөлүмүнүн башчысына орун басар, ревизор, начальник. 1946—49-жылы Ысык-Көл облустук

Мамбетаипова Шакен

Мамбетаипова Шакен(1936-жыл, Тоң району, Туура-Там айылы – 1995 Бишкек шаары) – сүрөтчү-прикладчы, акын, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1992), маданиятка эмгек сиңирген ишмер (1975). Бишкектеги сүрөчүлөр окуу жайын бүткөн (1970). Эмгек жолун 1960-жылы Бишкек элдик кол өнөрчүлүк фабрикасында башкы сүрөтчү болуп иштөө менен баштаган. 1965-жылы Ош шаарындагы

Маматканов Дүйшөн

(1934-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - гидролог, техника илимий доктору (1981). Кыргыз Республиканын Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1987). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери. КМУну бүтүргөн (1956). Кыргыз Республиканын Энергетика, суу чарба институтунун илимий кызматкери (1957—60). СССР энергетика жана электрлештирүү

Мамакеев Мамбет

Мамакеев Мамбет(1927-жылы туулган, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) - хирург; медициналык илимий доктору (1970), профессор (1972). Кыргызстан УИАнын академик (1993; корр. мүчөсү, 1989). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987). Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн (1952).

1952—55-жылы КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасында ординатор, 1955—58-жылы аспирант. 1958—72-жылы ошол кафедрада ассистент, доцент. 1972-жылдан

Көбөгөнов Абдыашым

Көбөгөнов Абдыашым(1913, Чолпон-Ата болушу, азыркы Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы,-1992, Бишкек ш.) - артист, режиссёр жана драматург. Кыргыз ССР эл. артисти (1967). Жумгал, Нарын, Жалал-Абад, Ысьпс-Көл театрларында көркөм жетекчи жана актёр болуп иштеген. 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист. 1974-76-жылы директор.

К. ар түрдүү драмальпс, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандардын

Кыдырганов Жеңиш

(1945-жылы туулган, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы) - спортсмен, Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун бүткөн (1983). СССР спортунун мастери (1967; классикалык күрөш боюнча), СССР спортунун ардактуу мастери (1975), Кыргыз Республиканын классикалык күрөш боюнча 10 жолку чемпиону (1966-76), улуттук категориядагы

Кускаков Акелең

(1951-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Кичи-Жаргылчак айылы) - артист, режиссёр. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1993). Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы студияны (1974), Ташкендеги айыл Н. Островский атындагы театр өңөрү институтун (1979), Москвадагы айыл В. Луначарский атындагы ГИТИСтин жогорку режиссёрдук курсун (1986)бүтүргөн.

Кожобеков Айдар

(1898, Тоң району, Көк-Сай айылы -1993, Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы) - артист. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1947). 1937—62-жылы Нарын, Ысык-Көл драма театрларында артист. Каармандардын образын, кулк-мүнөзүн жеткиликтүү даражада түзгөн. Аткарган негизги ролдору: Кыяз (К. Маликов, «Сейтек»), Корун (К. Жантөшев, «Курманбек»), Коробай

Коёнкөзов Ашырбай

Коёнкөзов Ашырбай(1907, Каракол уезди, азыркы Түп району, Токтоян айылы -31.12.1943, Ленинград облусу, Карамышев району, Ручьи айылы) - панфиловчул чалгынчы, партизан, гвардиянын улук сержанты. 1941-жылдан советтик Армияда. 316-аткычтар дивизиясынын составында Улуу Ата Мекендик согушка кирип, Москваны коргошкон. Душмандын тылына нечен жолу чалгынга барып, 1942-жылдын аягына