(1922, Семёнов айылы, азыркы Ысык-Көл району -1945, Польша, Лович ш.) - лейтенант, советтик Союз. Бадтыры (28.11.1945). 1-Украина, 1-Белорус фронтторунун составында урушка катышкан. 1454-өзү жүрмө артиллериялык полкунун батареясында (1-Белорус фронту, 1-гвардиялык танкалык армия, 11-гвардиялык танкалык корпус) командир. 1945-жылы 15январда Пилицу д-н Уляски-Бисмёнца кыштагынын тушунда (Ново-Място шаарынан 10 чакырым чыгышыраак, Полыиа) биринчилерден болуп сүзүп өткөн.
1945ж. 17-январда Венжовец кыштагында (Нове-Място шаарынын түндүк-чыгышында) анын батареясы курчоодон чыгууга аракеттенген душмандардын танкалары жана көптөгөн жөө аскерлери менен беттешкен. К. өзү жеке 2 замбирек, 3 бронетранспортёр, 2 автомашинаны жок кылган. Ленин ордени, 2 Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Анын аты менен орто мектеп аталган.