Көбөгөнов Абдыашым(1913, Чолпон-Ата болушу, азыркы Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы,-1992, Бишкек ш.) - артист, режиссёр жана драматург. Кыргыз ССР эл. артисти (1967). Жумгал, Нарын, Жалал-Абад, Ысьпс-Көл театрларында көркөм жетекчи жана актёр болуп иштеген. 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист. 1974-76-жылы директор.

К. ар түрдүү драмальпс, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандардын образын түзгөн кеңири диапазондуу актёр. Ал эпостук тарыхый чыгармалардан: Саринжи (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Курманбек, Ак хан, Додон, Карабек корбашы (К. Жантөшев, «Курманбек», «Каныбек»), Түлкү, Калматай (К. Маликов, айыл Куттубаев,«Жаңыл»), Фрунзе (К. Маликов «Бийик жерде»), Дадый (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»); орус классикасынан Каренин (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Дикой (айыл Островский, «Добул») жана башкалар образдарды түзгөн. Режиссёр катары жылы Бөкөнбаевдин «Токтогул», К. Жантөшевдин «Курманбек», «Ким кантти», Н. Гоголдун «Үйлөнүү», Т. Абдумомуновдун «Борбаш», К. Маликовдун «Осмонкул», «Бийик жерде», Т. Абдумомуновдун «Жыгылган ооганга күлөт», жылы Садыковдун «Күйөө жолдош» жана башкалар спектаклдерди койгон. К. «Туткун Каныш», «Болот менен Тынар», «Алмагүл», «Ким экен» жана башкалар пьесалардын автору. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Көбөгөнов Абдыашым


(1913, Чолпон-Ата болушу, азыркы Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы,-1992, Бишкек ш.) - артист, режиссёр жана драматург. Кыргыз ССР эл. артисти (1967). Жумгал, Нарын, Жалал-Абад, Ысьпс-Көл театрларында көркөм жетекчи жана актёр болуп иштеген. 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист. 1974-76-жылы директор. К. ар түрдүү драмальпс, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандардын образын түзгөн кеңири диапазондуу актёр. Ал эпостук тарыхый чыгармалардан: Саринжи (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Курманбек, Ак хан, Додон, Карабек корбашы (К. Жантөшев,…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз. Эгер, сайтка катталбастан маалыматты тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 599, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27