Дыйкан

Баба "дыйкан" эгиндин, дандын ээси, калкалоочусу экен. Ал мифтик элестетүүдө "Боз кептер" образында баяндалат.

Баба дыйкан үрөндүн өнүшү эгинге илдет аралабоосун, данга береке берүүсүн калкалап сактап турат имиш. Кыргыздар дандын берекелүү болушун баба дыйкандан күтүп, биринчи кызылды сузарда аны дөбөдөй кылып үйүп, кой союп, кызылдын үстүнө кан чачып баба дыйкандын жолун жолдойт. Кызылды үймөгү менен түнөтүп, баба дыйкан боз кептер болуп учуп келип, үймөккө конушун күтөт. Боз кептер келип, кызылга конуп кетчү болсо данга береке берет имиш. Баба дыйкандан үрөн сепкенде, орок оргондо, дан сузарда тилек тилөө, андан береке күтүү кыргыздардын эмгек ырларында, ырым ырларында көптөн кезигет. Дан сузарда кыргыздарда дагы бир жосун калыпташкан болуп, "Ак куланын акы үчүн" элден мурда бир күрөк сузуп алып коет экен.

Мында бир нерсеге кайрыла кетүүгө туура келет. "Ак кула" Манас атанын аты, аны тай кезинде Манас эккен буудайга теңешип (алмашылып) келген. Кайыптан бүткөн кулун эле. Бул жерде Баба дыйкандан береке күтүү, Ак кулага "кепсен" алып коюу кандайдыр бир желенин эки көзүндөй көрүнүп турат. Кыргызда үрөн сепкенде "менин колум эмес, баба-дыйкандын колу",- деп себет. Орок салганда, же кырман салганда "баба-дыйкан берекесин бер" деп тилек кылат. Булардын бардыгы эгиндин, дандын ээси, аны калкалоочу коргоочу атасы болот деген түшүнүк боюнча элестетилген Баба-дыйкан образы болуп эсептелет. Баба "дыйкан" образы эгинди, данды өздөштүргөн, жапайылыктан жайдарылаштырып эккен Баба-дыйкандын мифтик элестетилиши болсо керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)