Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Калпак күнү боло берсин (ыр)

Баш барак | Поэзия | Калпак күнү боло берсин (ыр)
Калпак күнү боло берсин (ыр)
АвторАлиев Шекербек
Датабелгисиз

Саламдашам кептен айтып салмактуу,
Саламатпы эли - журтум ардактуу.
Амандашып анан башка сөзгө өткөн,
Ата- баба апапакай калпактуу.

Калпак күнү бүт кыргыздар сүйүнгөн,
Калпак кийип менда келдим үйүмдөн.
Бүт кыргыздын балдарындай мендагы,
Калпак кийгем тээ балалык күнүмдөн.

Жигит болуп кыргыз атка татыган,
Ак калпагын түшүрбөгөн башынан.
Эл, журтум майрамыбыз кут болсун,
Куттуктаймын үй-бүлөмдүн атынан.

Беш жаштабы мейли токсон жаштабы,
Калпак кийген абалтадан жаш кары.
Эске түшөт ак калпакты көргөндө,
Ак кар баскан Ала - Тоонун баштары.

Баалап, барктап бардыгыбыз азыр да,
Кийеличи жайда, күздө, жазында.
Комуз түшпөй кыргызымдын колунан,
Ак калпагы дайым болгон башында.

Жүргөнсүйбүз ак калпакты барктабай,
Кийиш керек үйгө катып сактабай.
"Майрам экен бүгүн кийдик болду" - деп,
Жакшы эмесда эртең чечип таштамай.

Калпак кийип жүрсөк деймин мен дайым,
Калпак сүйлөйт кыргыздардын тек жайын.
Бир жылдагы бир күн менен чектелбей,
Калпак күнү боло берсин күн сайын.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-04-21, Көрүүлөр: 232, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу