Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак калпак (ыр)

Баш барак | Поэзия | Ак калпак (ыр)
Ак калпак (ыр)
АвторТурумов Мукай
Дата5-март, 2019-жыл

Дүйнөдө түрлүү улут бар
Кээ бири тилин унуткан
Буйругу менен кудайдын
Бул заманга туш кылган
Байыркы кыргыз элденбиз
Батасын алган улуктан
Башкасын айтып не кылам
Кытайлар корккон буруттан

Кыргызымдын белгиси
Тили менен билинет
Башкалардан өзгөчө
Башына калпак кийинет
Калпагы, тили болбосо
Ким экенин, ким билет

Ошон үчүн калпактын
Кадырын жакшы билели
Манас кийген ак калпак
Мааниси менен кийелик
Көрүнгөн жерге таштабай
Көркү менен кийелик
Баш кийим улук экенин
Көкүрөктө түйөлүк

Камчы менен калпагым
Бийик жерде илинүү
Баш кийимин сыйлаган
Башкага болбойт жүгүнүү

Короодо жумуш кылганда
Малакайды кийемин
Эки жакка барганда
Ак калпак менен жүрөмүн
Башымда калпак турганда
Башкача согот жүрөгүм
Ак калпакчан кыргыздар
Аман болсун тилегим
Ак мончоктон келаткан
Атадан калган белегим

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-04-21, Көрүүлөр: 182, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу