Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак калпак

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ак калпак

Ак калпак же жөн гана калпакАла-Тоону символдоштурган кыргыз элинин улуттук баш кийимдеринин бири.

Калпак
Калпак
Материалкийиз
Улуткыргыз
Кийим түрүбаш кийим
Гендерэркек баш кийим

«Ак калпак кийип, ат минген,
Кыргызымды сагындым,
Ар дайым менден кат күткөн,
Бир кызымды сагындым»
(Мидин)

Тарыхы

Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Бул баш кийим аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын «Манас эпосунда» да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Бул баш кийимге болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.

Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул анын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусу жипке илиген чакан чачыча менен көркөмдөлөт. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. 80дей түрү бар деп дагы айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Сапаттуусу табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.

Түрлөрү жана маанилери

Өңү-түсү боюнча ажыратуу

Кыргыз баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.

Жашыл калпак

Бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпак кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, өмүрлүк жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюуусу кызыл калпак кийип келген жигитти «аа бойдок экен» же «жар издеп жүргөн экен» деп билишкен.

Кызыл калпак

Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлу-жайлуу болгондо кыюуусу кара калпак кийген. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-бүлөсү бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, өмүрлүк жары жашоодон өтүп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген делет.

Кара калпак
Кара кийиз калпак

Эр-жигиттин кадыры көтөрүлүп, калк башында турууга күчү жетсе, мындай жигит ак түстүү калпак кийген. Баш кийимине карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак түстүү калпакты айкөл, калыс, адилеттүү, акылман адамдар кийишкен.

Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жөнөкөй элден айырмаланып, төбөсү шуңшуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк «Бакай калпак» атка конгон.

Бакай калпак

Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюуу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган.

Оюмдардын мааниси

Жаш балага колдоп, жандап жүрсүн деген мааниде умай эне, жаман көздөн сактасын деп карганын тырмагын, акыл-ою таза болсун деп булак жана башка ушул сыяктуу оюм менен калпагын көркөмдөшкөн. Ушуга байланыштуу оюмдардын аталыштары ага жараша болгон.

Бала калпак оймолору

Эр-жигит аң улоо менен алек болсо, калпактарына тоо теке, бүркүт, аркар оюмдарын түшүргөн.

Аңчылардын калпактары

Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, бүркүт сыяктуу оюуусу бар калпактары башынан түшкөн эмес.

Баатырлардын калпактары
Калпак оймолор

Кыргыз калпагы, бир жагынан турмуш-жашоого ынгайлуу, аптада күндөн, ызгаарда сууктан сактаган, жеңил, ошол эле убакта олуттуу, салмагы оор эмес баш кийим.

Түзүлүшү

Калапак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандадагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андай болсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-ээси башында, баш кийимде деген мааниде.

От, жер, суу, аба

Дагы бир ой-толгоо, калпактын төрт талаасы биригип кыргыздын Мекени Ала-тоону чагылдырат. Ата-журтубуздун символу десек болот. Нукура ак кийизден жасалышы аруулуктун, ыйыктыктын дагы бир белгиси.

Калпак кыргыздын байыркы баш кийими. Аны кийип жүргөн адам, ата-бабаларыбыздын, элибиздин маданиятын, салттарын ыйык туткандыгын билдирет.

Улуттук баш кийим — байыртан эле белгилүү болгондуктан, калпакты адамга же элге ыйгаруу таажыдан кол жууп калуу менен барабар болгон. Буга байланыштуу «калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосун», «калпагыңдан ажырасаң, акылыңдан ажырайсың» деген учкай сөздөр калган.

Калпактын 4 талаасынын сызыктары Теңирден түшкөн кутту дагы билдирген. Ошондуктан, «калпагыңды жерге койбо», «калпакты бутка эмес, баш жагыңа коюп жат» аттуу сөздөрү баш кийимдин ыйыктыгын билдирет.

Түзүмү боюнча туюк жана айры калпак болуп бөлүнөт.

Айры калпак

Айры калпак

Байыркы калпактар 2 талаадан эле турчу, ошондуктан алардын айры тиликтерин эки кулакты каратып кийип алышчу. Негизи айры калпактын маңдайкы жана желке жагы тилинүү болуп аталышы да ошондон. Мындай калпактарды кыргыздын оң жана сол канаттагылары кийип жүрүшкөн. Сол канаттын тотеми өгүз болгондуктан анын образын оймолор аркылуу калпактарына түшүрүп алган, ошондой эле ыкма менен оң канаттагылар өзүлөрүнүн бугу тотемин калпактарында түшүргөн. Азыркы айры калпактардын бир эле тилиги болуп, ал эми талаачалары төртөө, адатта, тилигин маңдайга келтирип кийишет.

Туюк калпак

Туюк калпак

Туюк калпак болсо тилиги жок болуп, аталышы да ушуга себептүү. Илгери көбүнчө ичкилик кыргыздар кийип жүрүшчү. Тотеми бөрү болуп, аны калпактарына түшүрүп алышкан.

Кайруусу

Кайруусунун өңүнө жараша сол канаттагылар (көк уулдан) кайруусу көк же кара түстө эле. Оң канаттар (ак уулдан тарагандар) ак чымкый калпак кийип, кайруусу болсо ак-сары же ак баркыттан жасалган.

Кыргыз ата-бабаларында дүйнө 3 бөлүктөн турат деген ишеним болгон. Жогорку дүйнө — асман, ортоңкусу — тоо-таш, төмөнкүсү — суу жана жер асты. Бул катмарлардын образы да калпакка чагылдырылган деген имиштер бар. Чечмелениши төмөнкүдөй:

  • Калпактын чокусу (чок) жогорку дүйнө — асманды түшүндүрүп, чок дегени — куштардын канаты, тырмагы делет. Жигиттердин калпактарында куш канаты, тырмагы, кыздардын тебетейинде улардын, үкүнүн канаты болгон. Аталган куштар асманда, Теңирге жакын жүрөт деген маанини туюндурган.
  • Конус сымал бөлүгү тоону элестетип «Дүйнө тоо» маанисин берет. Илгерки ишенимдерге ылайык жер менен асманды дүйнө тоосу бириктирип турган.
  • Кыюуусу асмандан түшкөн, тоолордон аккан сууну, ал эми кайруусу астыңкы жерди, караңгылыкты билдирет.
  • Кандай гана болбосун, имиш же болгон чындыкбы, баарыбир мунун баары кыргыз маданияты жана тарыхы кең экенин билдирет.

    Калпакчан жаштар

    Жасалышы

    XIX кылымда калпактарды аялдар кийизден жасашып, эркектер сатышчу. Буйрутма менен жасатуу үчүн жаш козунун жүнүн беришчү, ошол эле жүн иштин акысы болгон. Учурда кытайлар жасаган синтетикалык калпактар өтө көбөйдү, баасы дагы арзан. Бирок нукура кыргыздын кой жүнүнөн жасалган калпактардын касиеттерине китайдыкы жетпейт. Синтетика кышкысын суук келип, жайкысын бышты ысытып, тердетет. Чыныгы жүндөн жасалган калпактар баасы кымбат, кышкысын жылуу, жайкысын салкын, мындай калпактарды азыр кыргыз тигүүчүлөрү «меринос» породасындагы койлордун жүнүнөн жасап, заманбап тигүүчү машиналарга тигишет.

    Дагы караңыз

    Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1957, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-24, Тарыхы
    Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
    Сайтка жарнама жайгаштыруу