Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак калпакты алтын башка теңеген (ыр)

Баш барак | Поэзия | Ак калпакты алтын башка теңеген (ыр)
Ак калпакты алтын башка теңеген (ыр)
АвторСулайманов Сабыракун
Датабелгисиз

Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси,
Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси.
Ак калпакты алтынга да алмашпа,
Бул кыргыздын эң бир ыйык белгиси.

Ызгаар шамаал урса дагы ашынган,
Ак калпакты учурбагын башыңдан.
Бул ак калпак ыроолонгон Теңирден,
Көкүрөккө түйүп алгын жашыңдан.

Чен элдерге ызаат менен ийилип,
Сый-сыпатын, сыйкорлугун билгизип,
Ата-бабам аздектеген калпакты,
Өзгөгө да белек кылат кийгизип.

Мындан башка белек жокпу аларга,
Көңүлүн таап көкөлөтүп саларга.
Сөзсүз эле баш кийимди берүүбү,
Эмне үчүн муну албайбыз капарга.

Касиеттүү Ала-Тоону жердеген,
Кыргыз эли баш кийимин эч бербеген.
Эскиргенин тепселетип таштабай.
Өрттөп салган касиеттүү эл деген.

Салкын төрлүү Ала-Тоону ээлеген,
Өзгөлөргө өрнөк болгон эл экен.
Кыргыз эли улуттугун унутпай,
Ак калпакты алтын башка теңеген.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-04-21, Көрүүлөр: 74, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу