Кыргызстан майрамдары, белгилуу даталар, бардыгын ушул бөлүмгө жайгаштырдык.
Конституция күнү — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү, жыл сайын 5-май күнү белгиленет, башкача айтканда өлкөнүн баш мыйзамынын туулган күнү. 5-май конституция күнү кандай пайда болгонун билип алалы.
8-март аялдардын эл аралык майрамы, башкача айтканда эл аралык аялдар күнү - аялзатынын саясат, экономика, социалдык чөйрө тармактарында жетишкендиги белгиленип, планетадагы аялдардын мурункусу, азыркысы, келечеги майрамдалат.
Ак калпак күнү — Кыргызстанда калпак баш кийимине арналган, жыл сайын 5-мартта өткөрүлүүчү майрам. Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
7-8-ноябрь Кыргызстанда официалдуу түрдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жарыяланып, буга тиешелүү Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына 2017-жылдын 26-октябрында кол коюлган.
7-январь күнү Кыргызстандын миллиондон ашык христиан жарандары Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество Христово) белгилешет.
Жыл сайын 1 декабрь спидке каршы кун белгиленет. Саламаттыкты сактоо жана маалыматта болууну жогорулатуу, оорудан каза болгондорго сый-урмат көрсөтүү маселелери менен байланышкан, ошондой эле даарыланууга жана алдын алууга мүмкүндүк алуу жетишкендиктерин белгилөө үчүн, бул күн эл аралык күндөрдүн бирден-бир маанилүүсү болуп калды.
Жыл сайын 22-ноябрь күнү Кыргызстанда прокуратура кызматкерлеринин куну белгиленет. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 25-июлундагы №456 токтомунда прокуратура кызматкерлеринин мыйзамдуулукту, укуктуулукту камсыз кылуудагы, жарандардын укутарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кыргыз өлкөсүндө коргоодогу жүйөлүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.
1994-жылдан бери 17-ноябрь Кыргызстанда кыргыз киносунун куну, кинематографисттеринин профессионалдык майрамы белгиленет. Бул майрам кыргыз элинин мадания жашоосундагы киноискусствонун маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 13-сентябрындагы №695 Токтомунун негизинде кабыл алынган.