Манас эпосунун куну

Манас эпосунун куну

4-декабрь куну Кыргызстанда "Манас эпосунун куну" майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.

Бул күндү белгилөөнүн максаты - Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү.

Манас жөн гана кыргыздын ири эпосу болбостон, бүтүн кыргыз мурасынын бермети, кыргыз тилинин жана дилинин эстелиги, балбал ташы. Эпостун каарманы - кыргыздардын башын бириктирген баатыр, Манас атабыз. Манас эпосунун пайда болуу жонундогу маалыматтагы окумуштуулардын ойлору ар башка болгону менен эпостун тарыхы миңдеген жылдар экени талашсыз.

Эпос 3 бөлүктөн турат - "Манас", "Семетей" жана "Сейтек", орто эсеп менен жарым миллиондой ыр саптан турат, негизги бөлүгүндө Манас баатырдын эрдиктери камтылган. Баатырлык эпопея болгон чыгарма, генеалогиялык циклдештирүү негизде түзүлүп, көчмөн кыргыз элинин жашоосун, көз карандысыздыкка, мамлекеттүүлүктү орнотууга болгон күрөшүн, кыргыз маданиятынын, тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн айтып берет.

Белгилүү дүйнө эпосторунан көлөмү боюнча чоң болгону таң калыштуу деле эмес. "Манастын" дагы бир өзгөчөлүгү, ал элдик оозеки чыгармачылыктарга кирип, дагы деле өнүгүп-өсүп жаткан кези, тирүү эпос десек да болот. Бүгүнкү күндө эпостун 80ден ашык варианты жазылып, Улуттук Илимдер Академиясынын фондунда сакталып турат.

"Манас эпосунун куну" белгилөөдө Кыргыз Манасчыларынын бул жаатта дагы салымы зор, анткени, алар байыркы салтты сактап көп жылдан бери урпактарга өткөрүп келүүдө. Алардын ичинен атактуулары 20 чактыдай болгондуктан, Манастын варианттары бир нече ондоп саналат. 20-кылымдын атактуулары Саякбай Каралаев жана Сагынбай Орозбаковдун айтуусунан эпостун негизги трилогиясы жазылып алынган, калган варианттары башка манасчылардан жазылган. Кинотасмалар тартылып, эпос 13 тилге которулган.

Кыргыз элинен чыккан Манасчылар:
Ырчы Ыраман у., Токтогул ырчы, Нооруз манасчы, Чонбаш (Нармантай) манасчы, Келдибек Барыбоз у., Балык (Бекмурат) Кумар у., Назар Болот у., Чоодан манасчы, Акылбек манасчы, Тыныбек Жапый у., Кыдыраалы Кайназар у., Токтогул Калмамбет у., Жандаке Байболот у., Кенжекара Калча у., Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман у.), Чоюке Өмүр у., Шапак Ырысменде у., Деңизбай Эшимбек у., Жүгөрү Назар у., Кайдуу Сопу у., Куйручук (Кудайберген) Өмүрзак у., Сагымбай Орозбак у., Жаңыбай Козек у., Азиз Өмүр у., Мурат Калбай у., Дыйканбай Тойчубек у., Касымбай Бирназар (Кара Мерген) у., Багыш Сазан у., Жакшылык (Кара ырчы) Сарык у., Сейде Дейди кызы, Молдобасан Мусулманкул у., Дуңкана Кочуке у., Алмабек Тойчубек у., Актан Тыныбек у., Ыбырайым Абдыракман у., Акмат Ырысменде у., Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Мамбетаалы (Көкчеке) Ашымбаев, Абдылда Дөөлөтов, Лапаз Көккөзов, Тагай Бекмуратов, Ыса Жумабеков, Момуш Шапаков, Акмат Токтогулов, Жусуп Мамай, Жамгырчы Төлөгөнов Мейдана Молдокеева, Турдумамбет Акматалиев, Калбүбү Сүйүнбаева, Уркасым Бегалиев Кааба Атабеков, Шаабай Азизов, Сатыбалды Аалы, Насыр Искендеров, Сапарбек Касмамбетов, Уркаш Мамбеталиев, Качкын Сыдыков, Асанкан Жуманалиев, Зууракан Сыдыкова, Назаркул Сейдракманов, Кубанычбек Алмабеков, Курманбек Жумалиев, Алимбай Маатов, Салимбай Турсунбаев, Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков, Замир Баялиев, Камил Мамадалиев, Тилек Асанов, Самат Көчөрбаева, Дөөлөтбек Сыдыков, Улан Исмаилов, Дастан Бакчиев, Нурбек Калыбек у..

Манас эпосунун куну

Кыргызтаануунун түзүмүндөгү өзүнчө Манасты изилдөөчү багыт - манастаануу деп аталат. Бул багыттын өкүлдөрү манастаануучулар аталып, Улуттук илимдер академиясынын манастаануу жана көркөм адабият улуттук борборунда жайгашкан.

Кыргыздын Манастаануучулары:
Абдылдаев Э, Абрамзон С. М., Айдаркулов К., Айтматов Ч., Акмолдоева Ш. Б., Алмаши Д., Асаналиев К. А., Ауэзов М. О., Байгазиев С., Бакиева Г. А., Бакчиев Т. А., Бегалиев С. Б., Байжиев Т., Бектенов З., Берков П. Н., Бернштам А. Н., Буудайбек Сабыр у., Валиханов Ч. Ч., Виноградов В. С., Дүйшөнбиев С. Т., Жайнакова А., Жакишев Ө., Жирмунский В. М., Жумалиев К., Карасаев К. К., Кыдырбаева Р. З., Малов С. Е., Мамыров М., Мамытбеков З. Ч., Маргулан А. Х., Мифтаков К., Молдобаев И. Б., Мусаев С., Орозбекова Ж. К., Салиев А., САрынбеков Р., Сыдыков А., Убукеев М., Юнусалиев Б.

Манас эпосу башка элдердин нравалык жана көркөм мурас чыгармалары сыяктуу эле, жакшылык менен жамандык, адамкерчилик жана гуманизм, чыдамдуулук жана достук, өзүн-өзү жакшыртуу, жакын адамга болгон сүйүү темаларына бай. Ушул сыяктуу санат-насыяттар, Манас атанын жети осуятына киргизилген.

Манас эпосу ЮНЕСКО уюмунун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирип (2013), Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген. 1994-жылы БУУнун генералдык ассемблеясы Манас эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү бүткүл дүйнөлүк резолюциясын кабыл алып, 1995-жылы салтанат Талас облусунда өткөрүлгөн. "Манас-1000" алтын ордени ошондой эле алтын медал уюшулуп, 2 тарыхый-этнографиялык комплекс курулган. Ал эми 2015-жылдан тарта 4-декабрь куну "Манас эпосунун куну" белгилөө чечими кабыл алынган.

Бул күнү Манас эпосуна жана кыргыз маданиятына арналган түрдүү маданий иш-чаралар, манас айтуулар мектептерде, маданият мекемелеринде өткөрүлөт. 2015-жылдагы салтанатта "Манас" айтуу жүгүзүлүп, ал 7 күнгө созулган, ошондон тарта бул салт уланып келүүдө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)