Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

7-январь Кыргызстан христиндарынын рождество майрамы

Баш барак | Күндөр | 7-январь Кыргызстан христиндарынын рождество майрамы

7-январь күнү Кыргызстандын миллиондон ашык христиан жарандары Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество Христово) белгилешет.

Рождество майрамы

Майрамдык иш-чаралар республиканын бардык храмдарында өткөрүлөт. Бишкек шаарынын Воскресенск соборунда салтка ылайык Рождество майрамы менен бардык бул динге ишенгендерди Бишкек жана Ортоазия митрополити куттуктайт. Майрамга бир нече күн калганда 5-январда ыйык күндөр аяктайт.Шаршемби жана жума күндөрү орозо аяктайт.

Православ Рождествосу Кыргызстанда башка өлкөлөрдөгүдөй эле белгиленип келет. Рождество жана чокундуруу алдындагы түнүн эл арасында - өзгөчө тамактанууга (сочива) байланыштуу сочельник деп аташат, ошол түндөрү аны дасторконго коюуу божомолдонгон. Сочива жасоо үчүн буудай жана күрүч даны бышырылып, бал же кант сиропу куюлган. Бул тамактануу менен орозо бүткөн. Рождество сочельнигинде батыш салтына ылайык асманда биринчи жылдыз чыкканга чейин тамактанбоо салт. Буга байланыштуу жаңы күн адамдар ойгонгондо же түн жарымда эмес, күн батканда башталат деп эсептелчү.

Рождество күндөрү жылдыз кармап алып менен үйлөргө барып, Христосту мактоо (колядовать) салт болгон. Өзгөчө коляд-ырлары болуп, ал ырларды ырдап жаштар жана балдар үйлөргө айтташат, колядкалар үчүн аларды адамдар коноктошот. Колядка ырдагандар, өзүлөрүн таанылгыс кылып кийинип алышат.

Рождество жана Чокундуруу арасындагы мезгил ыйыктар (святки) деп аталат, ал эми Рождество алындагы түн - ыйык түн деп. Бул күндөрү элдер жылгаяк тебишип, ат чаналарда жүрүшүп, майрамдашат.

Православ храмдарында майрамдык кызматтар Рождество сочельнигинде эле башталат, ыйык Ионн Златоус литургиясы. сергектик жасоо, утабоо (всенощное бдение) улуу кеч кирүү(великое повечерие), лития, таң (утрени) жана биринчи сааттан турат.

Достор, бул майрамда силер кандай кошумча маалыматтарды билесиңер, пикир жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2019-01-11, Көрүүлөр: 1383, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо