17-ноябрь Кыргыз киносунун куну

Кыргыз киносунун куну

1994-жылдан бери 17-ноябрь Кыргызстанда кыргыз киносунун куну, кинематографисттеринин профессионалдык майрамы белгиленет. Бул майрам кыргыз элинин мадания жашоосундагы киноискусствонун маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 13-сентябрындагы №695 Токтомунун негизинде кабыл алынган.

Эмне үчүн 17-ноябрь? Анткени, 1941-жылдын ушул күнү Кыргыз ССРнин эл комиссарлар кеңешинин "Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу" токтому кабыл алынган (1961-жылы киностудия "Кыргызфильм" болуп аты өзгөрүп, 2002-жылы ага белгилүү кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океевдин ысымы берилген). Ошол кездеги биринчи кинохроника студиясынын коллективи болгону 9 адамдан турган, анын ичинде оператору, режиссеру, үн оператору, лаборатория жумушчулары болгон.

1941-жылдын 17-ноябры Республиканын улуттук кинематография же кыргыз киносунун күнү деп - эсептелингени менен, кыргыз киносунун тарыхы алда-канча тереңирээк келип 1920-жылдардан башталат, ал кезде Кыргызстандын аймагында маданий жана документалдык сюжеттер тартылчу. Биринчи толукметраждуу кино тасма "Крытый фургон" деп аталып, тасма 1927-жылы режиссер О. Фрелих тарабынан "Узбекгоскино" кинофабрикасынын базасында тартылган. Ал эми 1928-жылы "Востоккино" акционердик коомунун түптөлүшү менен, башка совет өлкөлөрүнүн кинематографисттери түрдүү сьемкаларды жүргүзүү үчүн келип турган.

Биринчи түстүү фильм
"Салтанат" аталган биринчи түстүү көркөм фильм 1955-жылы "Мосфильм" киностудиясы, режиссер В. Пронин менен бирге тартылган. 60-70-жылдары кыргыз киносу үчүн алтын мезгил болду десек ашык болбос, бул жылдары түрдүү режиссерлердун эмгектери "киргизское чудо" деп таанылган.

Ошол жылдардагы көрүүчүлөрдүн таанып билүүсүнө жана сүйүүсүнө татыган "Бакайдын жайыты" (1966), "Лютый" (Кара мүртөз, 1973), "Улан" (1977), Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" (1984), "Караш караш" (1968), "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" (1972), Болотбек Шамшиевдин "Ак кеме" кинотасмасы (1975), "Саманчынын жолу" (1967) жана Геннадий Базаровдун "Буктурма" (1969), "Тоолор" (1964) жана Мелис Убукеевдин "Татаал өтмөк" (1964), "Аялсыз эркектер" (1981), Альгимантас Видугиристин "Катастрофаны чечпейм" жана башкалар. Кээ бирлери ар кандай кинофорумдардын, анын ичинде эл аралык сыйлыктар менен белгиленген.

Кыргыз киносунун өнүгүүсүнө олуттуу салымын Чынгыз Айтматовдун чыгармалары дагы кошуп кетти. Айтматовдун чыгармалары алдында көптөгөн режиссерлер карьераларын баштаган десек да болот. Лариса Шепитьконун 1962-жылкы "Зной" кинотасмасы, Андрей Кончаловскийдин 1965-жылкы "Биринчи мугалими", Геннадий Базаровдун 1967-жылкы "Жер энеси", Төлөмүш Океевдин 1975-жылдагы "Кызыл алмасы".

60-70-жылдардын кыргыз кинематографиясындагы дагы бир өзгөчө көрүнүшү документалдык кинолор болду. Темасы жагынан түрдүү - кинопортреттерден тарта притчаларга чейин - сүрөттөлүш түзүмү боюнча бөтөнчө жана сапаты жагынан жогорку профессионалдык деңгээлде тартылган. Болот Шамшиевдин "Манасчысы", "Чабаны", Шайымбек Апыловдун "Кыялы", Альгимантас Видугиристин "Кумдагы хан сарайлары", Бекеш Абдылдаевдин "Бакчасы" жана башкалар. Бул тасмалар дагы түрдүү кинофестивалдардын сыйлыктарына татып, кино жаатында "кыргыз документалдык кино мектеби" аттуу термин пайда болгон.

2011-жылы кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан "Кыргызстан кыскаметраждуу фильмдер өлкөсү" аттуу жыл сайын КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү арасында өтүүчү эл аралык кинофестивал уюшутурулган.

Албетте, кыргыз режиссерлору кино жаратып жатканда, кыргыздын тарыхый материалдарын, адабий чыгармаларын колдонуп, көбүн эсе өзүбүздүн кыргыз актёрлорун тартышкан. Кыргыз кино классикасынын чеберлери деп Муратбек Рыскуловду, Советбек Жумадыловду, Бакен Кыдыкееваны, Таттыбүбү Турсунбаеваны, Сүймөнкул Чокморовду жана башка көптөгөн актерлорду айтсак болот.

Бүгүнкү күндө кыргыз киноиндустриясы ийгиликтүү өнүгүүдө десек блот. Ири, техникалык жактан мыкты камсыз болгон өлкөнүн "Кыргызфильм" киностудиясында көркөм фильмдер, документалдык, анимациялык тасмалар жаралууда. Жаш режиссерлер дагы олуттуу заманбап кинокомедияларды, сериалдарды жаратышып эл аралык фестивалдардан өз сыйлыктарын алууда. Улуттук кинематография ишмерлеринин жетишкендиктерин таанып билүү жана алардын келечек эмгектерине түрткү болуу максатында Бишкек шаарында кыргыз киносунун музейи иштөөдө. Андан тышкары Кыргызстанда улуттук "Ак илбирс" кинопремиясы уюшулган. "Кыргыз киносунун куну" менен бардык киного тиешеси бар, режиссерлерду, операторлорду, монтаждоочуларды, теле жана радио кызматкерлерин дагы куттуктайбыз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)