Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жоргомуш. Жоргомуштор жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жоргомуш. Жоргомуштор жонундо маалымат

"Жоргомуш" - токой четинде бутактан бутакка жабышып, жибек сымал ичке жипчелер тартылып турат. Бул жөргөмүштүн жайган тору. Тордогу жөргөмүштүн өз белгиси бар: жонундагы темгили ача сымал сүрөттү пайда кылат. Бул - кресттүү (ачалуу) жөргөмүш, туурасын айтканда, ургаачы жөргөмүш. Эркеги ургаачысына караганда кичирээк келет. Ал жалбырактын астыңкы бетине жашынып, торчого жакындабайт. Анткени жакын келсе, ургаачы жөргөмүш аны жеп коюшу мүмкүн. Жөргөмүштүн боор жагында сөөл сыяктуу желе тартуучу бөлтөкчөлөрү болот. Алар абада кургап, жип болуп катып кала турган суюктук бөлүп чыгарат. Бул жипчелер "жоргомуштор" үчүн ар түрдүү кызмат аткарат.

Анын кээ бир түрлөрү пилла - ташталган жумурткалар үчүн жалаяк токуйт. Жөргөмүш балдарын чыгарганда желе уяга айланат да, майда жөргөмүштөрдүн жайы болуп калат. Кээде жипчелер өйдө-төмөн чыгуучу шатынын милдетин да аткарат, кичинекей жөргөмүш турган желени шамал учурганда, жипче самолёт болуп, аны башка конушка көчүрүп коёт. Айрым "жоргомуштор" өздөрү жашаган оюкчаларга желе төшөп алышат. Ал эми айланасын калың чөп-чар баскан көлмөлөрдү, агын суулардын булуңдарын мекендеген жалтырак "жоргомуш" суунун астына желеден коңгуроого окшош үй куруп бүткөндө аны аба менен толтуруп алат. Жалтырак жөргөмүш денесин каптаган түккө аба толтуруп, бир тамчыдан алып келёт. Ошёнтип, жөргөмүш абадан тон кийип алгансып, суунун ичинде жалтырап көрүнөт. Анын желеден жасаган үйү да жалтырап турат, топтоп алган абасы жөргөмүшкө суу алдында көпкө чейин жата берүүгө мүмкүндүк берет. Жөргөмүш желесинин жиби абдан бекем болот.

Түштүк Америкада жашагандар бутактан алкак жасашып, жалбырак менен жашырып, түнкүсүн токойго коюп коюшат. Эртеси эртең менен балык кармоого жарай турган бекем тор пайда болот. Мындай тордун узундугу 10 см келген сапсагай зор жөргөмүш токуйт. Кээде жөргөмүш байкалбай, желеси бош калгандай көрүнөт. Чындыгында жөргөмүш жакын эле жерде бугуп жатат. Ал торго олжо түшкөнүн дароо билет. Бул жөнүндө ага өзү жаткан жерден желеге чейин тартылган жиптин дирилдеши билдирет. Жөргөмүш ошол замат олжону көздөй жөнөйт.

Торго түшкөн олжо эч жакка кете албайт, анткени тор жабышкак зат менен шыбалган. Жөргөмүштөрдүн торунан башка да куралы бар. Анын жаагы күчтүү келет. Жаактын учунда тырмакчасы жана уу бездери бөлүп чыгарган суюктук жүрүүчү тешикчееи болот. Үй жөргөмүшү менен ургаачы жөргөмүштүн уусу чымынды өлтүрүүгө жарайт. Бул жөргөмүшкө караганда бөйөн алда канча уулуу келет. Биздеги жөргөмүштөрдүн эң уулуусу - какыраган ээн талааларда жана жарым чөлдөрдө жашаган кара курт, аны капкара курсагындагы кызыл тактардан билүүгө болот. Бул жөргөмүш анча чоң эмес, узундугу 2 см болот. Ал чакканда жылкы да, төө да өлүп калышы ыктымал, адамдар үчүн да коркунучтуу. Көпчүлүк учурда чалгы буттар да "жоргомуш" деп аталат.

Бул туура эмес. Чалгы буттар чаян, музоо баштар сыяктуу эле жөргөмүш эмес, жөн гана алардын тукумуна кирген жөргөмүш сымалдар. "Жоргомуштор" жана жөргөмүш сымалдар жер бетинин бардык булуң-бурчтарында жашайт. Аларды тропик, тундра, аптаптуу ээн талаа жана бийик тоолуу жерлерден кезиктирүүгө болот. Жөргөмүштөрдүн бардыгы курт-кумурска, көбүнчө зыяндуу курт-кумурскалар менен тамактанып, аларды жок кылуу менен адам баласына пайда келтирет.

Сунуштай кетчү шилтемелер:
1. Жөргөмүштүн кызыктары
2. Трихолатис реликт жөргөмүшү
3. Жөргөмүш сымалдар
4. Жөргөмүш кымыздыгы

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 9040, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу