Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаңылмач

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жаңылмач

Жаңылмач же жаңылтмач — бул каалаган тилдеги артикуляциясы атайын татаалдаштырылган кыска, синтаксисттик жактан туура фраза же фразалар. Жанылмач кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында анын айтылыш өзгөчөлүктөрү жана тарбиялык мааниси чоң.

Жаңылмач — сөз оюну. Бири бирине окшош куюлушкан сөздөрдү такалбай, шар, так айтуу. Бул оюн бир чети кызыктуу болсо, экинчи жагынан балдарды өз эне тилинде так жана уккулуктуу сүйлөөгө үйрөтүп, алардын сөз байлыгын көбөйтөт. Жаңылмач айтылышы уйкаш, үндөш сөздөрдөн ыр сыяктанып куралат. Мисалы, мына бул жаңылмачты окуп көргүлөчү:

Асманда эки айры куйрук,
Бири ак кыска айры куйрук,
Бири кара кыска айры куйрук.
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот,
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук.
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот,
Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук.

Кыргыз элинде көбүнчө мал чарбасына, айбанаттарга байланышкан жаңылмачтар көп (Жаңылмачтар жыйнагын караңыз). Анткени, байыркы бабаларыбыз мал баккан көчмөндөр болушкан, айбанаттардын кебете-кешпирин, жүрүм-турумун жакшы билишкен. Мисалы, төмөнкү эки жаңылмач кой тууралуу:

Белестеги беш кашка кой,
Бешөө беш башка кой.
Беш аласы кунан кой,
Беш аласы дөнөн кой.
Маң-маң кашка коюм,
Бешөө беш башка коюм.
Тиши ушак коюм,
Буту тушак коюм.

Кыргыз тилинде өтө көп жаңылмачтар бар, баарын билүү да кыйын. Бирок, аракеттенип ар түрдүү жаңылмачтарды жаттап алсаң гана жаңылмач айтуу мелдешинде курбуларыңды жеңе аласың.

Максаты

Жаңылмачтарды окутуунун негизги максаты адамдарды так сүйлөөгө, тыбыштарды туура айтууга жана сөздөрдүн маанисин терең түшүнүүгө үйрөтүү. Буларды дароо шарт айтып кетүү оңой эмес. Ошондуктан аны айтууда кылдаттык, чеберчилик болуу зарыл. Сөз байлыгы жарды адамдарга жаңылмачтын тарбиялык мааниси зор. Сөздөрдү так айталбаган, айрыкча, «Р», «Й», «Л», ж. б. тыбыштарды чаташтырган балдарга ушул тыбыштар кездешкен жаңылмачтарды көп жана тез, туура айттыруу менен бул мүчүлүштүктөрдү акырындык менен жойсо болот.

Жаңылмачтардын башка жанрлардан айырмачылыгы адамдардын көңүлүн көтөрөт, анткени, аны дайыма күлкү коштоп жүрүшү анык. Ошондуктан адамдар кандай татаал сөз болсо да, аны күлкүгө калбаш үчүн так айтууга аракет жасашат. Алардын айлана-чөйрөгө болгон көз карашын кеңейтет жана тилин жатыктырып, сөз байлыгын өстүрөт. Кыргыз эли өзүнүн көп кылымдык тарыхында элдик каада-салтты, үрп-адатты сактап, не бир сонун чечен сөздөрдү, санжыралуу сөз берметтерин, макал-лакап, жаңылмач өңдүү көп түрдүү бай казынабызды муундан-муунга оозеки түрүндө сактап келген. Мындай сөз казынасын эч бир элден которуп алууга мүмкүн эмес.

Эл ичинде дидактикалык жанрдын башка түрлөрү менен бирге эле жаңылмачтар да кеңири колдонулуп келет. Элдик өзгөчөлүү көз карашты, кеп маданиятын чагылдырып берүүнүн бир формасы катары милдет аткарып келет. Элибиздеги не бир сонун сөз керемети катары эсептелген жаңылмачтардын маани-маңызын аң-сезимибизге, жан дүйнөбүзгө сиңирүү менен жаш муундарды да аларга каныктырсак, акырындап кеп маданиятына калыптандырып үйрөтөөрүбүз анык чындык.

Балдарды чечендикке үйрөтүүнүн, тарбиялоонун башкы мектеби жаңылтма сөздөр болгон. Айрым тилди мыкты билген адамдар атайын жаңылмачтарды чыгарып, аларды эл арасына таратып турган. Анан жалаң эле балдардын тилин өстүрүү милдетин аркалайт десек, алардын маанисин төмөндөткөн болобуз, жаңылмач угуу жана айтуу процессинде балдардын дүйнө таануусу да өркүндөп, сөз менен иштөөдөгү, сүйлөөдөгү, жалпы эле кооздукту түшүнүүдөгү эстетикалык табити жогорулаган, сөздү издеп табуу, угуу жана кайталоо, саптарды кураштырып ыр формасына салуу маданияты калыптанган, жалпы акыл-эсинин өсүшүнө да бул жанр түрткү берген.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2688, Өзгөртүлгөн: 2024-02-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо