Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана жаачы

Юпитер - мырза планетасы иш-аракеттерин башкарган адамдардын жаман эмес айкалышы. Булардын мамилелери эч качан зериктирме болбойт. Жаачылар дайыма жаңы таасирлер үчүн ачык болуп, өз түгөйлөрүнө жетишсиз көңүл бурууга сейрек барышат. Жаачыларга өз дүйнө таануусун кеңейтүүсүнө умтулуу, жашоодогу жаңы тажрыйбаларды алуу таандык. Бул түгөйлөр саякатты эң жакшы көрүшөт. Жаачылар баарлашууда жеңил жана активдүү келет. Булардын ачыктыгы жана түз мүнөздүүлүгү кээде түгөйүнө катуу тийиши мүмкүн. Ошондуктан Жаачыларга күнүмдүк жашоонун этикасын эсине тутуп алуу зарыл.



Жаачылардын дагы бир мүнөзүнүн айырмачылыгы бул айланасындагыларды бир нерсеге үйрөтүү каалоосу, анткени булар, барынан бардыгын жакшы билет.



Жаачылар дээрлик өз сезимдерин көрсөтүүдө токтоо болуп, алсыздыктын кичинекей көрүнүштөрүнө да чыдабайт. Бирок боорукердик, ачыктык жана шайырдык Жаачыларды эң жакшы компаньон кылат. Булар чындыкты курч сезип, адилетсиз таарынтылгандардын катарына дайыма турууга даяр.



Жаачы менен Жаачы түгөйүнүн мамилелери шайырдык, оптимизм жана кызыкчылыктардын бирдей болуу сезимдери аркылуу кармалат. Суйуу мамилелери шашпай табигый шартта өнүгөт. Анткени Жаачылар тырышчаактыкты жактыра бербейт. Жаачылар биринчиден жалпы кызыкчылыктарды табып, дос болот, андан соң гана бири-бирин сүйө баштайт.



Жаачылардын үйү дайыма күндүн каалаган убактысында келүүчү достору үчүн дайым ачык. Үй-бүлөөсүндөгү кысылбаган жана жайлуу шартты үй жаныбарлары кармайт, жана мындай үй жаныбарлары Жаачыларда бир нече болушу мүмкүн. Күнүмдүк тиричилик Жаачылардын эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет. Булар келечекке терен көз чаптырбайт, ошондуктан көп учурда ОМС, пенсия деген социалдык суроолорго көп көңүл бурбайт. Ошондой эле Жаачыларда акча көп убакытка токтолбойт, жана "оор кырдаалдарга" деп сакталбайт. Алар муну бирөөдөн сурап алышат, акча тапкандай эле короткондо да кумар менен коротушат. Жаачылар биринчиден кызыктуу жумушта иштегенди каалап, жана көп учурда эмоционалдык планда кызыктуу жумуштарга алмаштырып турушат.



Жаачылар бири-бирин эмоционалдык денгээлде жакшы түшүнөт, ошондуктан дайыма түгөйүнөн колдоону таба алат. Жана санаага булар сейрек кириптер болот, анткени дээрлик жашоо сүйүүчүлөрү болот.



Жаачы жана Жаачы мамилелеринде сүйүүгө да, шериктештикке да, достукка да орун бар.



Бирок Жаачыларга кандайдыр бир эркиндик талап кылынат, а бул өз учурунда үй-бүлөөлүк бактылуу жашоого тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Өз өзүнчө башка адамдар менен өткөрүлгөн убакыт Жаачыларга өз түгөйүнө жаңы көз караш менен кароого жардам берип, жаңы аспекттерди ачууга шарт түзөт. Бирок бири-биринен алыс жана узак мөөнөткө созулган эс алуулар мамилелерге чекит коюшу мүмкүн, анткени, түгөйлөрдүн бири эс алууга баш-оту менен кирип, жаңы жашоо баштап кетиши ыктымал.



Эгер эки Жаачы биргелешип иш жасаса, булардын энтузиазмы жана илхому эки эсе өсөт. Бул түгөйдүн шайырдуулугу жана кумардуулугу булардын жашоосун абдан чапкындуу жана ар түрдүү кылат.



Мамилелерди узак мөөнөткө кармап турууга бир максат жана жумуштагы өзүн өнүктүрүү багыты жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1641, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо