TYUP.NET
Баш барак | Жомок уламыштар | Ууру жөнүндө жомок: кыскача сюжет

Ууру жөнүндө жомок: кыскача сюжет

Акыркы оңдоо:

Ууру жомогу — Илгери атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң, ууру бол. Мындан бөлөк кесип жок, дейт.

Анда баласы капаланып: Ата, мени адам болсун десең уурулукка үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, дейт.

Ууру ачууланып: Атанын тилин албайт деген эмне жакшылык! Айтканымдан кайтпайм. Бүгүн кошунанын уйун уурдап кел. Уурдабасаң ошондон аары жогол, дейт.

Бала айласыздан макул болот да, кошунанын уйун эгинге алмаштырып келет. Бирок аны атасына айтпайт. Уйду союп алышат.

Ата, бул этти жээрден мурда таразага түшүп алалы, эт түгөнгөндөн кийин кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, дейт бала. Ошентип экөө таразага түшөт.

Эт түгөнгөндө кайрадан таразага түшүшөт. Атасы мурдагыдан 2-3 килограммга арыктап калыптыр. Ал эми баласы 5-6 килограмм кошуптур.

Буга атасы таң калат. Таң кала турган эч нерсе жок, дейт бала. Сиз эт жеп жатканда уурулугум билинип калбаса экен, деп коркосуз.

Мен уйду сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болуп, тамагым жакшы сиңди. Ар ким өз эмгеги менен гана адал жашай алат. Жеген да аш болот, дептир.

Ошондо атасы уялып: Уурулук жаман иш турбайбы, балам, сенин оң жолго түшкөнүң жакшы, деген экен.

Көрүүлөр: 113
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо