Илгери, бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо атасы чакырып алып:
- Балам, мени сыйласан, ууру бол. Мындан бөлөк кесип жок, - дейт.
Анда баласы капаланып:
- Ата, мени адам болсун десең уурулукка үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, - дейт.
Ууру ачууланып:
- Атанын тилин албайт деген эмне жакшылык! Айтканымдан кайтпайм. Бүгүн кошунанын уюн уурдап кел. Уурдабасан ошондон аары жогол, - дейт. Бала айласыздан макул болот да, кошунанын уюн эгинге алмаштырып келет. Бирок аны атасына айтпайт. Уйду союп алышат.
- Ата, бул этти жээрден мурда таразага түшүп алалы, эт түгөнгөндөн кийин кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, - дейт бала.
Ошентип экөө таразага түшөт. Эт түгөнгөндө кайрадан таразага түшүшөт. Атасы мурдагыдан 2 - 3 килограммга арыктап калыптыр. Ал эми баласы 5 - 6 килограмм кошуптур. Буга атасы таң калат.
- Тан кала турган эч нерсе жок, - дейт бала. Сиз эт жеп жатканда уурулугум билинип калбаса экен, - деп коркосуз. Мен уйду сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болуп, тамагым жакшы синди. Ар ким өз эмгеги менен гана адал жашай алат. Жеген да аш болот, - дептир.
Ошондо атасы уялып:
- Уурулук жаман иш турбайбы, балам, сенин он жолго түшкөнүн жакшы, - деген экен.