Тоок (чыгарма, мыскыл, тамсил) | |
---|---|
Автор | Жолоочу Рысбаев |
Эмне үчүндүр,
Эрөөн-терөөн албай эки-жакты.
Күрп Тоок Корозго,
Күүлөнүп жатты:
–Жумушунду таштап,
Жумурткаңды өзүң баскын.
Кылактап көлдө жүрүшсө,
Кызыл ооз, кыйгач каштары
Өрдөк менен Каздын.
А мен,
Акыйып уяда жатып,
Арыктап өңдөн аздым.
Ажарымды көргөндө аппак куудай.
Асылдың эле го,
Астыңа коем деп–арпа, буудай.
Күрүчтү чаччу,
Күмүштөй тырмак.
Жешилип бүттү
Жер басып, кыкты тырмап.
Тозокко түшөөрүн билгенде,
Томуктай башым.
Тооруган куштар менен
Токойго кетсем
Тоок эмес
Тоту куш болмок атым.
Канатын жайып анда
Капталын чапкылап,
Короз минтип каткырат:
–Тоту куш болсоң сен
Кокең–
Тоодогу Бүркүт.
Мекияным антип,
Мени эмес, башканы үркүт.
Тамашаны таштап,
Тамсилдеги талапты койсок,
Обу жок күлкү келтирбей,
Оозду эби менен чойсок.